Врач Калдарбек Абдраманов коронавирус менен күрөшүү алгоритмин түзгөндөргө өзүнүн пикирин интернет баракчасынан билдирди.
Ушул чечимге келиш үчүн 54 адамдын өлүмүн күтүп турдукпу? Кайда жүрөт башкы адисттер, тили буудай кууруган теоретиктер, доказательная медицина деп белчесинен байланган клиникадан терең түшүнүгө жок протокол, алгоритмдерди айлап которуп көчүрүп жазган адисттер!?😐
Арман ай арман ай…..!
Аттын кашкасындай белгиси бар пневмонияны, рентген, КТ же жөн эле студенттик аускультация, перкуссия менен таптыңбы бул стационардык оору, причинасы ковид эмес башка балее болсо да.
Жаткырып анан сортировка жасай бер, ковид, бактериальная и.т.д.
Жогорку денгеелде компетентсиз адис эмес клиникалык медицинадан алыс адамдар Минздравдын тегерегинде жүрүшөт, кее бирлери отуруп алышкан кагаз
жазып. Кана пульмонологдордун коомунун чечими, алар эмне дешет, же аларды уккан адам жок жеке диктат, авторитет чечим чыгараба? Кана мен билген клиницисттер кыргыздын эки күчтүү бирок «өз алдынча дем алышкан өпкөлөрү профессор Бримкулов, профессор Сооронбаев, кана алардын ою? Жок! Мына, бул ошонун кесепети. Албетте, министр, замдары клиницист болбосо да азыркы шартта алгоритм жазган адисттер нукура пульмонолог, кардиолог, нефролог д.у.с.клининицист болуш керек эле да. Да алгоритм түзүүчүлөрдүн тизмесин да көрдүк, ичинде пневмония эмне экенин түшүнбөгөн адамдар жүрөт!
Эээйй….Мурдуңа бок сүйкөгөн кее бир кыргызымдын медиктери, жетекчилери элиңе дагы канча азап алып келесиңер өзүңөрдүн ала көөдөн карамүртөз мүнөзүңөр менен!Элге тик карайалбай калдык ко.
Же клиникалык медицинаны Миррахимов агай менен чогуу адашып жерге берип алдык беле!?
Дагы жакшы ойлор келди эле, температурам түшсүн, анан жазам. Силерди би силерди, тилдейм, доссуңбу, агайымсынбы карабайм!
На кону жизнь сотни и тысяч невинных граждан, которые надеются, что есть мы медики и помогут. А где мы чем занимаемся!?