Домой Саясат 17 гектар жерди сактап калган депутаттар

17 гектар жерди сактап калган депутаттар

193

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары А.Нурбаев, Г.Асылбаева, тарабынан сунуш кылынып жатакан «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева, Асылбек Жээнбеков,  Алмаз Акматов,   Масабиров Талайбек сунушталып жаткан мыйзамдагы нормалар эркин экономикалык зоналарда натыйжалуу иштетүүгө эмес жеке компаниялардын кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккандыгын жүйө келтирип, кабыл алууга каршы чыгышты. Мындай пикирди комитет төрагасы Нурбек Алимбеков да тастыктап, экономикалык тобокелчиликтер арбын экендиги менен түшүндүрдү.  Жыйынтыгында кайра карап чыгуу максатында демилгечи депутат Абдывахап Нурбаев бул мыйзамды артка чакыртып алууга аргасыз болду.

Тактап айтканда, бул мыйзам кабыл алынса бир убактагы Кыргызстандын сыймыгы болгон ВДНХнын аймагы 17 гектар жери менен Борбордук Азия Корпорациясынын (ЦАК) башкаруусуна 99 жылдык мөөнтөкө өткөрүп берүүгө,  четинен кертип сатууга  жол ачылмак. Анткени, бул мыйзам  долбоору Кореялык Борбордук Азия Корпорациясынын кызматкерлери  тарабынан даярдалганы билинип эле калды. Эскерте кетсек, Борбордук Азия Корпорациясынын ВДНХнын аймагы 17 гектар жери кандай абалга жеткиргенинен кабарыбыз бар эле. Эмнеси болсо да, мамлекеттик кызыкчылыкты бекем сактаган депутаттарга ыраазычылык билдиребиз.

Булак: Багыт.kg гезити