Домой Коом 17-апрель: Коронавирус дагы 23 адамдан чыкты, көбү Бишкекте

17-апрель: Коронавирус дагы 23 адамдан чыкты, көбү Бишкекте

91

Алардын ичинен Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2 киши катталды.

Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, жалпысынан 18-марттан 17-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 489 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 114 адам айыгып чыкты.

Оору жуккан 489 адамдын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:

Ош облусунда – 135

Жалал-Абад облусунда – 93

Бишкек шаарында – 102

Ош шаарында – 73

Нарын облусунда – 45

Чүй облусунда – 28

Ысык-Көл облусунда – 8

Баткен облусунда – 5 киши.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.