Домой Коом «Вакцина үмүтсүздөр ойлогондон эрте чыгат»

«Вакцина үмүтсүздөр ойлогондон эрте чыгат»

355

Ушу тапта дүйнөдө COVID-19га каршы келечеги бар деген ондогон вакциналар жасалууда. Айрымдары клиникалык сыноодон өтүп, дары түтүк айнекте же жаныбарларга сыналбастан, адамдарга берилүүдө.

Анткен менен, вакцинаны жасоо анын натыйжалуулугун, коопсуздугун сыноо иштери – узакка созулчу жумуш. Даяр каражат кынтыксыз жасалып, маалынан эрте бүткөрүлдү дегенче жыл аягына чейин чыгып, жалпы колдонууга берилиши күмөн.

Константин Чумаков – «Food and Drug Administration» (FDA, Азык-түлүк өнүмдөрүнүн, медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы) вакцина бөлүм директорунун илим боюнча орун басары, Жорж Вашингтон жана Мэриленд университеттеринин профессору, АКШда колдонууга жарактуу деп таанылчу вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуулугун изилдөөгө катышып жаткан адис. Окумуштуу жаңы таажы вирусунун алдын алуу боюнча өзүнчө сунушун билдирген. Ал полиомиелит вакцинасын колдонуу таажы вирусунан сактануунун бир каражаты болорун айтууда. Клиникалык иликтөөлөр жакын арада Нью-Йорк менен Балтимордо Мэриленд медициналык мектебине караштуу вирусология институтунда адамдагы иммундук жетишпестикти биринчилерден болуп ачкан Роберт Галлонун жетекчилигинде башталмакчы.

«Азаттыктын» орус кызматы менен болгон маегинде Константин Чумаков эмнеликтен вакцинаны эрте жасоого мүмкүн эмес экенин чечмеледи. Ал профилактикалык жабдуулардын ар кыл типтери кандай жайгашканын, анан да теориялык жактан башка ооруларга жасалган вакциналар COVID-19дан сакаюуга жарап атканынын себеп-жөнүн да түшүндүрүп берди. Чумаков өз маегинде FDAнын расмий позициясын эмес, жеке пикирин ортого салганын эскертти.

– Жаңы таажы вирусуна каршы вакцина жасалышын күтсөк, баш-аягы орточо эки жылдай убакыт кетчүдөй. Анын да кыйла убактысы вакцинаны жасаганга эмес, сынаганга кетет экен. COVID-19га каршы вакцинаны ыкчамыраак чыгарганга болбойбу? Айрым клиникалык же ага чейинки изилдөөлөрдү кыскартып дегендей, убакытты ошентип үнөмдөөгө болобу?

– Эки жыл дегенибиз – оптимисттик божомол, анда да баарысы жакшы болсо. Адатта жаңы вакцинаны жасаганга он же андан көп жылдар кетет, идеяны ишке ашырыш узак убакытты алат. Мунун ичинде болгон изилдөөлөрдүн бардыгы, вакцинаны даярдоо, аны алгач жаныбарларга колдонуу керек болот. Кийин оголе көп ыктыярчыларга колдонуп, күтүлгөн иммундук жооп ырасталып атабы, чынында эле аталган вакцина инфекциядан коргой алабы деген суроолорго жооп алынышы керек.

Ушундай иштер жасалгандан кийин гана чечүүчү, үчүнчү фазага өтүшөт. Жасалган вакцинаны көп адамдарга беришет. Анын максаты – жаңы дары чын эле инфекциядан коргой алар-албасы, мурдагы инерттүү препараттарга (плацебо) салыштырмалуу натыйжалуулугу кандай экени аныкталат. Ошондон кийин гана вакцина жасала баштайт. Ал да кыйла убакытты алчу жумуш. Анткени, өндүрүштү жаңы дарыны жасоого ылайыктоо зарыл. Непадам бул ишти баштап аткан компания тобокелге салып, каржысына карабай өндүрүштү клиникалык изилдөөлөр учурунда эле ыңгайлаштырса, албетте, убакыттан утат.

Ошол эле кезде клиникалык сыноолорду азайтуунун пайдасы жок. Анткени вакцинанын таасиринен организмде антитело иштелип чыгышы жасалып жаткан вакцина сөзсүз адамды коргойт дегенди түшүндүрбөйт. Кээде башкача жагдай да болушу мүмкүн – антитело иштелип чыгышы бейтапка жардам бербестен, анын оорусун күчөтүп жибериши да ыктымал. Ошондуктан клиникалык сыноолорду кыскартуу – өтө опурталдуу иш. Бул жагынан алганда эки жыл дегенибиз – аябай эле ыкчамдатылган режим.

– Ошол эле кезде вакцина ашып барса бир нече аптанын ичинде жасалып калары жөнүндө жалындуу убадалар берилди го? Маселен, Израилдин адистери…

– Бул жөн эле сөз. Вакцина деп кайсы бир иммундук жооп берүүгө себеп боло турган препаратты айтып жатышат. Ал препарат мен айткан стадиялардан өткөн жок. Иммундук жооп берүүгө себеп боло турган ар бир препарат пайдалуу деп айтыш натуура. Андай препараттан вакцинага чейинки жол өтө эле узак. Андай препарат вакцина болушу үчүн оболу натыйжалуулугун, коопсуздугун, адамды коргой аларын ырасташы керек. Эгер ал иммундук жоопту пайда кылса, а бирок ага карабай адамдар ооруй берсе аны кантип вакцина дейбиз?

– Андай болсо COVID-19га каршы вакцина жасап чыгуунун реалдуу жагдайы кандай?

– Ири каражатты талап кылбаган жөнөкөй вакциналарды чыгаруунун клиникалык сыноолору ушу тапта жүрүп жатат. Жакынкы бир нече аптадан кийин анын биринчи фазасынын – коопсуздугун сыноо стадиясынын жыйынтыгын алып калабыз го деп ойлойм. Андай кийин ал вакциналардын оорудан сактай алары текшерилет, анын жыйынтыгын жыл соңунда алып калышыбыз мүмкүн.

Бул жерде типтүү проблемага кабылышыбыз ыктымал. Таажы вирусунун ыкчам таралып жатканына карабай, оорулардын саны анча көп эмес. Соңку үчүнчү, клиникалык сыноолордун чечүүчү фазасында ооруну жугузуп алган, жугуза элек миңдеген адамдар керек болот, вакцинаны аларга колдонуп жаңы вакцинанын аракетин – плацебосун салыштыруу зарыл. Өтө эле кымбат, анан да уюштурулушу татаал процесс ушул. Мисалы, мындай жагдай жаралышы деле ыктымал: алты жумадан кийин израилдик препарат сыноого даяр, бул убакта Израилде таажы вирусунун жайылышы токтолуп, ооруган адамдардын саны статистикалык негиздүү жыйынтык чыгарууга жетишсиз болуп, жаңы вакцина адамдарды сактайт, адам үчүн иштейт деп айтууга мүмкүн болбой калышы ыктымал.

Ушундай жагдайга Эбола вирусунун тушунда кептелгенбиз. Эбола оорусуна каршы вакцина даяр болуп, аны сыноого алып чыгарда жугуштуу оору токтоп калган. Клиникалык сыноолорду адамдарга колдонуу мүмкүн болбой калганда жаныбарларга жасалган изилдөөлөрдүн маалыматтары пайдаланылат. Эгер тажрыйба жүргүзүлгөн жаныбарда адамдыкындай эле оору болсо, вакцинаны колдонууга уруксат беришет, андайда адамдарга клиникалык сыноолор жүргүзүлбөйт. Таажы вирусуна каршы вакцина жасоодо дал ушул схема колдонулуп калышы толук ыктымал.

– Мына, вакцина, айталы, АКШда же Израилде жасалды дейли, ал дүйнөнүн бардык жерине жетеби?

– Эмнеге болбосун? Вакцина өндүрүүчү аны жамы дүйнөгө сата турган болсо, анан да аны кедей өлкөлөр сатып алганга кубаты жетсе – эч кандай маселе жок.

– Вакцина бекер болушу мүмкүнбү?

– Бекер болбойт! Бул дүйнөдө бекер эч нерсе жок. Маселе башкада – вакцинанын акчасын ким төлөйт? Эгер кайсы бир өлкө вакцинациянын чыгымын өзүнө алса, анда бейтап үчүн эмдөө бекер болушу мүмкүн. Мындай учурда вакцинанын акчасы салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшөт.

– Вакцинанын кандай типтери бар?

– Биринчи иретте вакциналар жандуу жана жансыз деп эки типке бөлүнөт. Жандуу вакцина – бул алы куруган вирус, андан препарат жасап адамдарга беришет. Адам организмине киргенден кийин вакцинанын вирусу көбөйүп, иммунитетке жан киргизет, артынан эч кандай оору чакырбайт. Андай вакциналар толтура: кызамыкка, муун оорусуна, чечекке каршы вакциналар. Жандуу вакциналар кыйла натыйжалуу, себеби, алар накта инфекцияны пайда кылып, организмдин иммунитетин жандантып, каршы турууга даярдайт. Мындай иммунитет эң мыкты деп эсептелет.

Жансыз вакциналарды өлтүрүлгөн вакциналар деп коюшат. Эмнеликтен антип аталганы вирусту өлтүрүп коюшунан улам чыккан, анан да ал вакцинанын айрым чала вирустары сакталып, мына ошолор иммунитетти козгойт. Биринчи учурда өлтүрүлгөн вирустар жасалма жол менен жасалып, кийин өлтүрүлөт, аны формалин менен жок кылышат. Ошол өлтүрүлгөн вирусту адамга сайышат. Вирустан коргонуш үчүн адам организминде антитело иштелип чыгат. Алар вирусту зыянсыз кыла алышса – адам организми мыкты коргоочуну табат.

Өлтүрүлгөн вирустан тышкары анын тазаланган антигенин да пайдаланууга болот, ал кадимки эле белок, белок да иммунитетти жандантат. Белокту гендик-инженердик жол менен да алса болот. Дагы бир технология бар, ал боюнча вакцинанын негизине коргоочу антиген алынбастан, ген алынат, аны коддоп коюшат. Бул вакцинанын ДНК же РНК участогу (ушулардын негизинде алынып атпайбы) болушу мүмкүн, жыйынтыгында ДНК жана РНК вацинасы алынат. Ошондой ДНК менен РНКны адам организмине сайса алар адамдын ичинде белокторду иштеп чыгышат. Ага жооп кылып организм антиген иштеп чыгат, алар болсо өз кезегинде коргоочу антигенди бөлүп чыгарышат. Мындай технология кызыктуу, себеби ДНК менен РНКны иштеп чыгуу анчалык кыйын процесс эмес.

Андан тышкары ДНК менен РНКны организмге саюу оор залакасын тийгизбейт, алар уулуу эмес, андан кооптонууга негиз жок. Бул эми ыкчам жасала турган нерселер. Ушундай ыкчам «вакциналарды» эки-үч күндүн ичинде жасоого болот. «Вакцина» дегенди тырмакчага алып атышымдын жөнү мындай – булар азырынча ДНК менен РНК препараттары гана, аларды вакцинага айлантыш үчүн оголе көп убакыт керек, сыноолорду өткөрүү зарыл болот. Анан да ал өзү вакцина чыгаруунун келечектүү жолу. Ушу кезге чейин лицензияланган РНК-вакцина жок. Маселе андай вакциналар адамды коргой алабы деген суроого такалат. Ал вакциналар жандуу вакцинадан айырмаланып, бир гана антителого таасир этет, болгондо да бир типтүү антителого. Андай антителолор канчалык натыйжалуу болору өзүнчө суроо.

– «Таажы вирусун жугузуп алган адамдын айыгышына өпкө оорусуна каршы эмдөө (БЦЖ) жакшы жардам берет» деген маалыматтар айтылууда, ошондойбу?

– Чын эле ошондой, ага таң калып кереги жок. Вакцинаны өткөн кылымдын башында эки окумуштуу – Альбер Кальмет менен Камил Жерен иштеп чыгышкан, вакцина да алардын аты менен БЦЖ (Кальмет – Жерен бацилласы) деп аталат. Өпкө оорусуна каршы вакцинаны жасагандар ошо ХХ кылымдын 20-жылдарында эле жасаган дарысы жалаң өпкө оорудан эле эмес, башка оорудан да сактай турганын билишкен.

Чынында эле жандуу вакциналардын көбү ушундай касиетке ээ – маселен, кызамыкка, муун оорусуна, кызылчага жана башка ооруларга каршы жакшы жардам берет. Вакцина иммунитетти жандантып, конкреттүү бир вируска эле каршы турбай, табигый иммунитетти башка ооруларга да каршы турууга көндүрөт.

Иш мындай: организмге өзгөчө антителону иштеп чыгууга бир нече күндөн эки жумага чейинки убакыт кетет. Өзгөчө антитело дегенибиз – белоктор, алар конкреттүү вирусту өлтүрүшөт, аягында келип мына ошолор алышкан ооруну жеңип чыгышат. Оору жаңыдан башталганда организм өзгөчө антитело иштеп чыга элек болот, ичке кирип алган инфекцияларга каршы өзгөчө эмес, адам организминдеги тубаса иммунитет күрөшөт. Өзгөчө эмес тубаса иммунитет – молекулярдык деңгээлде өздүк вирусту сырттан кирген чоочун вирустан ажыратып турган өзүнчө бир механизмдер топтому. Адам менен жаныбарларга ыңгайлашпаган сырттан келген вирустар менен бактерияларды мына ушул тубаса иммунитет аныктайт. Эгер бизде мына ушул тубаса иммунитет болбосо, биз ар бир оорунун алдында эч коргоно албаган бир бечара болуп калмакпыз. Тубаса иммунитет вирусту же бактерияны толук жеңе албаса да организмде оору жаңы башталганда ага каршы туруп, ооруну козгоочу вируска же бактерияга каршы өзгөчө антитело иштелип чыкканча коргоп турат, антитело болсо вирусту же бактерияны жок кылат. Ар кандай жандуу вакцина тубаса иммунитеттин жардамы менен организм жугуштуу ооруларды оңой жок кылышына көмөкчү болот. Ошондуктан өпкө оорусуна каршы вакцинаны таажы вирусуна колдонуу боюнча сыноолор Австралияда, Европада да бир убакта башталды. Азырынча жарыя кылынган маалымат болбогону менен окумуштуулар кыйла үмүттөндүргөн жыйынтыктар чыгып калышы мүмкүн экенин айтышууда.

Айтмакчы, башка дагы бир вакцинага үмүт чоң. Жандуу вакцинаны полиомиелитке (муун оорусу) каршы колдонууну менин ата-энем Марина Константиновна Ворошилова менен Михаил Петрович Чумаков изилдешкен. Жандуу вакцина Америкада Альберт Сейбин тарабынан жасалган, саламаттык сактоо органдарынын жактыруусуна ээ болгон, ага чейин бул жерде жансыз вакцинаны колдонушчу, анын коопсуздугунан чочулоо ал кезде күчтүү эле.

1950-жылдардын ортосунда менин атама Москвада полиомиелит институтун түзүүгө уруксат беришип, кийин ал атамдын атындагы илимий мекеме болуп калды. Ошол кезде апам экөө бул проблема боюнча тажрыйба үйрөнгөнү Америкага келишкен. Аларга Сейбиндин иштери жаккан. Андан полиомиелитке каршы жандуу вакцинаны алышып, сыноодон өткөрүшкөндөн кийин дүйнөдө биринчилерден болуп вакцина өндүрүшүн башташкан. Ошондон кийин Советтер Союзунда аны массалык түрдө колдонуп, полиомиелитти Америкада жандуу вакцинага уруксат бергенге чейин эле жок кылышкан. Аны сыноо убагында ата-энем вакцинанын өзгөчө бир коргоо натыйжасы бар экенин байкашкан: вакцина менен балдарды эмдегенде коркунучсуз вакцина вирусу башка вирустарды кысымга алат, ден соолугу мыкты балдарда андай вирустар көп болот.

Баарынан кызыгы 1970-жылы болгон: 60 миңден ашуун кишиге клиникалык сыноо жүргүзгөндө полиомиелитке каршы вакцина сасык тумоого каршы вакцинага караганда мыкты коргой алары аныкталган. Менин апам мына ушул илдетти талыкпай изилдеген дүйнөдөгү жападан-жалгыз илимпоз эле. Апамдын вакцина тууралуу макаласы каза болгондон кийин гана чыккан. Макаланын баяндамасы англис тилинде чыкканы менен идеяга кызыккан окумуштуу ал кезде чыккан жок, тилекке каршы, чоң ачылыш андан ары өнүктүрүлбөй калды. Мына эми, канча убакыттан кийин ал идеяга кайра келдик.

Анткен менен эмдөө организмди бардык жугуштуу дарттардан толук сактайт деп ойлош туура эмес. Адам организмине өмүр бою кызмат кылчу өзгөчө антителолордон айырмаланып, тубаса иммунитетти козгоп туруу ашып барса бир нече жумага же бир айга эле созулат. Бул өпкө оорусуна каршы жасалган БЦЖ вакцинасына да тиешелүү, аны дагы колдонуш керек деп атышпайбы. Мындан кыйла жыл илгери алынган БЦЖ эмдөөсү же полиомиелит вакциналары ушу тапта күчөп аткан COVID-19дан сактай албайт. Ал үчүн кайталап вакцинаны колдонуп, сыноодон өткөрүш керек. Жугуштуу оору күчөп аткан шартта БЦЖ, полиомиелит жана башка жандуу вакциналарды колдонуу дегендин өзү мыкты идея. Анткен менен клиникалык сыноолор болмоюнча бул идеяны колдоого болбойт. Ошол үчүн Дүйнолүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны колдонууну токтото туруп, клиникалык сыноолордун жыйынтыгын күтө туруу зарыл экенин билдирүүдө.

– Франциялык инфекционист Дидье Рауль COVID-19 оорусун малярияга каршы жасалган препарат – гидроксихлорохин жана азитромицин антибиотиги менен дарылоону сунуш кылууда. (Константин Чумаков жалпыга жайылып кеткен транскрипцияга таянбай, орус тилинде ал “оксихлорохин” деп аталыш керек деп эсептейт – «Свобода»​). Ошентсе болобу?

– Аны сындап кереги жок. Дидье Рауль өзү ойлоп таап алган нерсени эмес, буга чейин корейлер жасаган ишти сунуш кылууда, албетте, аны өз алдынча түшүндүрүү менен. Башында ал «жаңы препаратты сыноодон антип өткөрбөйт» деп окумуштуулардын сынына кабылды. Кийин болсо президент Трамп күн сайын өткөрчү басма сөз жыйынында «таажы вирусун гидроксихлорохин менен дарыласа болот» дей коюп, кандай маселе болсо да саясатташтыруунун кыныгын алган басма сөздүн ызылдаган сынына кабылды.

Гидроксихлорохин менен COVID-19 оорусун дарылоого, бул багытта болбоду дегенде кантип дарылоо боюнча үч болжол бар. Биринчиден, гидроксихлорохин башка жандуу вакциналар сыяктуу эле тубаса иммунитетти жандантары башында эле белгилүү болчу. Вирустар клеткага жугуш үчүн «чечиниши» керек, башкача айтканда, сырткы кабыгын сыйрып ташташат. Бул процесс атайын чуңкурча-эндосом ичинде жүрөт, ал чуңкурча кычкыл менен толтурулган. Гидроксихлорохин эндосомдогу кычкылдуулукту азайтат, ал болсо вирустун «чечинишине» жолтоо болот. Мүмкүн мына ушул вируска каршы иштөөчү механизм болушу ыктымал.

Соңунда гидроксихлорохин клетканын мембранасында ион каналдарын пайда кылат. Бул болсо айрым иондорго, тактап айтканда, цинк ионуна ичке кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Цинк айрым вируска каршы белокторду клетканын ичинде жандандырууга жөндөмдүү экени белгилүү, ошентип РНК вирусу кесилет. Гидроксихлорохин цинк кошулмалары менен өзгөчө натыйжалуу болору буга чейин эле айтылып келатат. Ошондуктан бул препарат таажы вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжалуу экенин өз алдынча иликтөөлөр көрсөткөнү таң калыштуу эмес (бирок ошол эле кезде гидроксихлорохиндин натыйжалуулугу башка бир изилдөөлөрдө ырасталбаган учурлары да бар – «Свобода»). Ал препарат америкалык жана көптөгөн өлкөлөрдө колдонулуп келатат, басма сөз менен айрым саясий ишмерлер кызуулукта айтып ийген сынына уялып отурушат.

Анткен менен гидроксихлорохинди колдонууда этият болуш керек, башка медициналык препараттар сыяктуу анын да залакасы бар. Кандай залакасы бар экени адистерге белгилүү, тобокел деп аны колдонуп аткандарды деле түшүнүүгө болот (хлорохиндин натыйжалуулугун изилдөө – мүмкүн андан уулуу аналогу гидроксихлорохиндин оор залакасынан улам Бразилияда токтотулган, жүрөккө зыян келтирет экен. Ошондой эле себептер менен бул өлкөдө хлорохин менен COVID-19 оорусун дарылоону токтотушкан. Азитромицин антибиотиги хлорохин менен гидроксихлорохиндин залакасын дагы күчөтөт. «Азаттык» үналгысы тигил же бул дары менен дарылоону бейтапты дарылап жаткан адис дарыгер гана чечиши керек деп эсептейт – «Свобода»).

– Азыркы кезде COVID-19 дарылоонун келечектүүсү кайсынысы – кылдат чогултулган антителобу, оорудан айыккан адамдардын канынын плазмасыбы, ремдезивир вируска каршы препаратпы, анти-ВИЧ-терапиябы?

– Ушуга чейин дүйнөдө 60ка жакын антивирус препараттары жасалды, таажы вирусуна каршы алар натыйжалуу күрөшүүсү деле ыктымал. Вирустун сүт эмүүчүлөрдүн клеткасынан айырмаланып ыкчам көбөйүп кетүүчү өзүнчө механизмдери бар. Антивирус препараттары мына ошол механизмдерди жок кылууга багытталган. Ошон үчүн бир вируска каршы иштелип чыккан препарат башка вирустарга каршы күрөшүүдө натыйжалуу болуп калышы ыктымал. Мындан тышкары дарылар сыноодон өтүүдө, ал дарылар оорунун соңку стадиясында адамдын иммунитетин күчөтүп, аны өз клеткаларын жок кылуудан сактайт. Анан да ооруп айыккан адамдардын канынын плазмасында вирусту өлтүрчү антитело бар. Ошондуктан ал да жугуштуу ооруга каршы күрөшүүнүн жакшы каражаты болуп саналат. Ооруп айыккандардын кан плазмасын саюу натыйжалуу терапия деп аталат. Антип дарылоо ХХ кылымдын 30-жылдарынан бери белгилүү, ар кыл инфекцияларды дарылоодо колдонулуп келатат.

– Сезондун алмашы менен инфекциянын жайылышы кыйла азаят деп үмүттөнсөк болобу?

– Ооз аркылуу жуккан вирустардын кеңири жайылган учуру деп адатта күз менен кыш эсептелет. Сасык тумоо вирусуна каршы адамзаттын иммунитети иштелип чыккан, вирус болсо жыл сайын ыңгайлашып баратат, өзгөрүлүп турат, аны биздин организм кыйлага тааныбай калат. Суук кезде вирус көпкө сакталат, аны адамдардын көтөрүшү да жеңилирээк.

Ушул эки жагдайдын ашташуусу сасык тумоого сезондук мүнөз берет. SARS-CoV-2 таажы вирусу ага каршы турчу иммунитет жок кезде чыгып калды. Ошондуктан анын таралуу динамикасы башкачараак, сасык тумоодон айырмалуу болуп турат. Маселен, азыр Австралияда саратан жай, ысык таажы вирусунун таралышына тоскоолдук кыла албады. Анткен менен таажы вирусунан жабыркагандар жылуу климаттагы өлкөлөрдө кыйла аз, көп эмес. Ошол эле кезде ал жерлерде башка бир факторлор ойноп кетиши ыктымал. Кытайда, Түштүк-Чыгыш Азияда, Жапонияда көчөдө беткап кийүү маданияты тараган. А бул, албетте, жугуштуу дарттын таралышын кыйла азайтат, жугуштуу ооруларды чектейт. Андан тышкары ысык өлкөлөрдө, айталы, Индияда, Кытайда, Пакистанда, Бангладеште, Африканын көп өлкөлөрүндө АКШ менен Европага салыштырмалуу башкача гигиеналык маданият тараган. Ал жердеги адамдарда тубаса иммунитет абдан күчтүү болот, ар кыл инфекцияларга каршы күрөшүп атып ошондой деңгээлге жетип алышкан.

– Вирус жүрө-жүрө жумшагыраак формага өзгөрүп кетет деп үмүттөнүүгө болобу? Карантин чектөөлөрүн эртерээк алып коюунун ыңгайы барбы?

– Вирустардын чын эле убакыт өткөн сайын өзгөрүлүп турма, мурдагы тажаалдыгынан кайтып кетмейи бар, анын баары эле ажал алып келбейт, себеби жуккан адамдын өлүп калышы – вирус үчүн туюк жол. Жуккан адамын өлтүрүп алган вирус башкага тарай албайт, анын ордуна кожоюнду жок кылбай, улам башкасына таралып турган вирустар келет. Анан да азыр карантинди алып койсо жугуштуу оору көп таралат. Ошон үчүн карантиндик иштерди өтө этияттык менен жүргүзүп, аны учуру келгенде алып таштоо зарыл.

Экинчи жагынан биздеги карантин учурундагы көнүмүшкө айланып бараткан адаттарыбыз – бири-бирине өтө эле жакын турбоо, так маңдайыңа келип шилекей чачыратып сүйлөөдөн арылуу дагы кыйлага сакталып, вирустун жайылышына чоң тоскоолдук кылат. Мындай адаттардын жакшы жыйынтыгы – жалаң эле таажы вирусу эмес, башка оорулардын жайылышына жол бербегендигинде. Анан да адамдардын антителосунун бардыгын текшерүү эгер оорусу жок болсо алардын көнүмүш жашоо-турмушка кайрылышына жол ачат. Андай изилдөөлөр көп өлкөлөрдө жүргүзүлө баштады, жыйынтыгы болжолдонгондон көп адамдарда антитело бар экенин ырастады, айрым жерлерде текшерилгендердин 60% жетет экен. Бул жакшы кабар – көп адамдар COVID-19 оорусун жугузуп, бирок андан билинбей эле сакайып кеткенин көрсөтчү жакшы белги. Ушундай эле жагдай башка жугуштуу оорулардын вирусуна деле тиешелүү, иммунитети күчтүү адамдарда оору билинбей эле өтүп кетет. Азыр көп адамдар коркунучта эмес экени кантсе да жакшы үмүт жаратат.

– Аңгемебизден улам COVID-19га байланыштуу жагдайдын өнүгүшү көңүл чөгөрчү оор божомолго караганда кыйла оптимисттик деп айтсак болобу? Биринчиден, жугуштуу оорунун толкуну табигый себептерден улам чыгып, убакты-сааты келгенде азаят, адамзат үчүн жаңы деген Эбола, дагы башка вирустар ошондой болбодубу. Экинчиден, COVID-19дун экинчи толкуну келе турган болсо ага чейин вакцина же дагы бир дарылоочу каражат чыгып, ага чейин дарыгерлер бу балакет менен кантип күрөшүүнүн жолун билип калат десек болобу?

– Адамдар өзү ар кандай болот эмеспи. Бирөө «жарым стакан эле суу турат» десе, экинчилери «стакан жарымына чейин толуп турат» деп көрүшөт. Көп өлкөлөрдө, мисалы, Кытайда, Түштүк Кореяда жугуштуу оору аягына чыгып баратат, башка өлкөлөрдө – АКШ менен Европада жугуштуу оору күчөп турган чагы. Башка бир жерлерде оору жаңыдан башталууда – Жапония менен Орусияда. Албетте, бул оору менен дагы миллион дебейин, көп миңдеген адамдар оорушат. Бирок адамзат мындан оор алааматтарды башынан өткөргөн, мисалы жугуштуу «испанка» оорусу. Азыр бизде ал кездегиден таптакыр башка каражаттар бар. Илимпоздор жамааты бул маселени чечиш үчүн убакты-саатын аябай изилдөө жүргүзүп, дарттын дабасын табуунун үстүндө иштеп жатат.

Вакцина болорунан эч шектенбей эле койсок болот, натыйжалуу дарылар чыгат, алар адамдардын өлүмүн азайтат. Иштер токтолбой жүрүп жатат, жакынкы апталарда же айларда үмүт байлаган жыйынтыктар чыгып калса ага мен эч таң калбайм. Антсе да андай каражаттар дарыканалар менен ооруканаларга качан түшөрүн так айтыш кыйын. Бирок да баары жаман деп үңүрөйүп отургандар болжолдогон убактан эрте болоруна ишенем, сизди да ынандырып кете алам.

Булак: Азаттык