Домой Саясат 12 жылдан бери чечилбей келген технополис идеясы ишке ашат

12 жылдан бери чечилбей келген технополис идеясы ишке ашат

74

 

1383469.1.1495082361

Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы тездик менен өнүгүп жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөн тигилген кийим-кечелер Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттердин базарларында өз ордун таап, сапаты менен көптөгөн кардарлардын кызыгуусун арттырып жатканы белгилүү. Өз киндигин өзү кескен ишкерлер канчалык аракет кылганы менен өкмөттөн жер алуу маселеси көптөн бери чечилбей келген. Муну эске алган өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 4-майда “Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис” долбоорунун ишке ашуусу боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, ага катышкан жеңил өнөр жайчылар 10 миң адамды жумуш менен камсыз кылуу боюнча өз долбоорун сунуштап, өкмөт башчысынан жер сураган эле. Анда “Легпром” ассоциациясынын президенти Сапар Асанов технополис идеясын ишке ашыруу процесси 12 жылдан бери созулуп келгенин билдирген. Сооронбай Жээнбеков өкмөт бул долбоордун ишке ашышын толук колдоорун айткан эле. 29-июнда өкмөт башчысы дал ушул маселени оң жагына чечип, өз токтому менен «Технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы юридикалык биримдигине убактылуу колдонууга Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагынан жер тилкесин бөлүп берди.

Токтомго ылайык, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы жалпы аянты 40,74 га болгон жер, «Айыл чарба багытындагы жерден» «Технополис» долбоорун ишке ашыруу максатында «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду.

Аны менен бирге токтомдо белгиленгендей, жер колдонууда айыл чарба багытындагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай Ассоциациясы «Легпром» ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын негизинде төлөнүп берилиши керек. Жоготууларды төлөө маселеси технополис курууга жерди берген учурда чечилиши ыктымал. «Технополис» долбоорун ишке ашыруу өкмөттүн 2017-жылга карата «Ишеним жана биримдик» Программасынын Планына кирген. Аталган токтомду кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык каражаттар талап кылынбайт.

 

«БМЗнын» жер тилкеси кирешени арттырып, эффективдүү пайдаланылат   orlistat 60 mg for sale.

Мына ушул маселени терең карап, ишкерлердин маселеси менен жеринде таанышуу үчүн Сооронбай Жээнбеков 29-июнда Бишкек шаарындагы «Бишкек машина куруу заводу»  (“БМЗ”) ААК жана  «Бишкек штамп заводу» (“БШЗ”) мамлекеттик ишканасына барды. Өкмөт башчысы ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын аймагын көрүп, өнөр жай цехтеринин абалын карап чыгып, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчысынын айтымында, заводдун мурдагыдай рентабилдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн «БМЗ» жана «БШЗ» ишканадарын башкаруусун жана аймагын так бөлүп алуу керек. «БШЗ» ААК стратегиялык мүнөздөгү режимдик объект болгондуктан ал жакта көрсөтүлгөн тартипте гана иш алып баруу зарыл.

“Бүгүнкү күндө заводдор финансылык көйгөйлөргө туш болуп, миллиондогон карыздары менен, өз кампасындагы даяр продукцияларды ишке ашыра албай жатат. Бизнес коомчулугу тарабынан көптөгөн кызыгуулар бар. Ошондуктан «БМЗ» ААК аймагын бөлүп, ал жакка жеңил өнөр жай тармагындагы Технополис курууга жер тилкесин бөлүп, ал эми «БШЗ» мамлекеттик ишканасында купуялуулук режимди сактоо керек”, – деди С.Жээнбеков. Ошондой эле премьер-министр Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «БМЗ» ААК жана  «БШЗ» мамлекеттик ишканасын  стратегиялык өнүктүрүү  боюнча деталдуу бизнес план иштеп чыгууну жана аны өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, жакынкы убакта ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана инвесторлордун катышуусу менен өндүрүштүн кубаттуулугу жана ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн төгөрөк стол өткөрүү пландаштырылууда.

Премьер-министр өлкөнүн өнөр жай тармагын келечекте өнүктүрүү жана кайра жандандыруу үчүн «БМЗ» ААК өндүрүштүк дараментин  жана аймагын максималдуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга Технополис долбоорунун аймагын ишке киргизүү,  жеңил өнөр жай жана тигүү өндүрүшүн жана башка өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды.