Домой Саясат Мындан кийин деле ошондой болот…

Мындан кийин деле ошондой болот…

52

“Кыргызстанпартиясынын курултайында 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында элге берилген калыӊ убадаларды партия лидери жана башка депутаттар кеп кылууга аргасыз болушту. Себеби, ал убадалардын дээрлик көбү аткарылбай, сөз бойдон калды. Спикер Жумабеков “Сүйүнчү пул” боюнча убада аткарылганын айтып койду. Аталган партия элге  “Сүйүнчү пул” 50 миӊ сом болот деп убада кылган. Анысы сөз бойдон калды. Канат Исаев убадаларды аткарууга 18 депутат аздык кылганын айтып, арман кылды.

Кыскасы, убакыт зымырык куш дегендей. Шайлоо бүтүп, депутат болуп алышкан соӊ, партиялар элге берген убадаларын унутат да, шайлоого жакын кайра эстеп, аткарылбай калган убдаларын ар кайсы маселеге шылтап актана  башташат. Буга чейин деле ушундай болуп келген, мындан ары деле ушундай бойдон калат. Бул маселени түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн биринчи кезекте жалпы элдин аӊ-сезими өзгөрүшү керек. Эл өзү шылуундардын болоор-болбос акчасына сатылып жатса, кайдан өзгөрүү болмок эле…

Булак: Багыт