Домой Саясат Эркин Асрандиевди издөө ишин премьер министр өзү көзөмөлдөөдө

Эркин Асрандиевди издөө ишин премьер министр өзү көзөмөлдөөдө

43

Ысык-Көлдө сүзүп баратып жоголгон Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиевди издөө улантылууда.

Туугандары ал Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткенин айтууда.

Асрандиев болжолдуу түрдө төмөндөгү картада көрсөтүлгөн аймактан изделүүдө.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргенине караганда Эркин Асрандиевдин издөө иштери Өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовго жана башка тийиштүү ведомстволорго Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруп, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды. Бул окуя Өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө- деди Чыңгыз Эсенгул уулу.