Домой Тагдыр Бир түндүк жыргалга батырган ырчы кыз эсимден кетпей…

Бир түндүк жыргалга батырган ырчы кыз эсимден кетпей…

579
Досум тушоо той берип, анан маанай көтөрүү үчүн Г… аттуу ырчы кызга коңгуроо кактым. (Мындан ары Гүлүм деп тергейин.) Дуулдап жакшы отурабыз. Алагүү тартып калганымда Гүлүм келип, эки ырды созуп, элди шаңга бөлөдү. Өзүмдүн столума да чакырып, “талантты сыйлаш керек” деп, жарым саатча бапырап отуруп, аягында төлөй турган тыйынымды ашыгы менен берип, бетинен өөп узаттым.
Көп өтпөй Гүлүм чалды.
–Байке, машинам бузулуп калды. Эмне кылам?-деп.
–Кайдасың?
–Ресторандын күн батыш жагында.
–Азыр.
Бардым. Машинеси караңгы, далдоо жерде экен.
–От алып, кайра өчүп калып атат,-деди.
Мен да жүргүзүүгө аракет кылып, абай сала эки жагын байкасам, бензини түгөнүп калыптыр. Дароо Жылдызбек досума чалып, даректи айтып, бензин апкелип берүүсүн сурандым. Маселе чечилди. Караңгыда ак көйнөкчөн турган периштем көзгө сонун көрүнө баштады. Анүстүнө кызып калган жаным, чын эле “курттай” баштадым…
–Жакшы ырдадың э?..-дедим.
–Сизге жакса эле болду…
–Кантип жакпасын?-деп колунан кармадым.
Ал да мени акырын кыса кармагандай болду. Денем “дүр” дей түштү. Өзүмө тарттым. Ыкташып эле башын ийиниме жөлөдү.
–Машинага отурбайлыбы?-дедим.
Үндөбөдү. Белинен имере тартып, арткы орунтукка өтүп кеттик. Артист көйнөгүн жонунан шыпырып жибердим. Өбүшө кеттик. Денеси от менен жалын. Алаасына казыктай болгон кайбарымды такай салдым. Шашкалактай турсийинин капталынан эле сүңгүтө баштадым…
–Ай… Аа-хх… Акырын…-деп белимен сыга кучактады.
Алкымынан сүйүп, аңтар-теңтер бул дүйнөнүн көйгөйлөрүн унутуп, ийин казган суурдай эле дүңүрөңдөп жаттым. Гүлүм болсо жалооруй онтоп, бирде өбүшө кетип, колдору менен аркамды тытып жиберчүдөй аткылап атты. Бир маалда…
–Кое туруңузчу, чечейинчи?..-деди.
Чыңалган кайбарымды сууруп чыкканымча Гүлүм тездик менен турсийин чечип ыргытты. Экөөбүз тим эле кирген суудай болуп, кошул-ташыл махабаттын кумарына чумкуп жаттык. Алдымда жатып периштем кыңшыласа коргошундай эле эрип кетчүдөй болуп, аңкыган жытына магдырап, жылуу уясына ансайын матырган сайын денем чымырап, ыргагымды улам катуулатып бараттым. Гүлүм болсо баштагыдан да катуу онтоп, жалбарып, тиштегилеп, туйлап баратты го. Чиркин ай! Аңгыча эле менин кайбарым “аттырып” жиберди. Соолуп эле дүңкүйө жатып калдым…
–Эмне болдуңуз? Бүтүп калдыңызбы? Болуңузчу, иштеңизчи?..-деп чыйпылыктай баштады.
–Болду…-дедим.
–Коеңузчу-у?..-деп белиме жармашып, өпкүлөй…
Акырын көкүрөгүнөн түрттүм да, тизелей тура артист көйнөгүнө кайбарымды аарчып, ычкырымды байладым. Гүлүм болсо чурайын мыкчый ыйлап ийди.
–Сука! Эркектин баары ушундайсыңар! Мал!-деп айкыра баштады.
Машиненин эшигин тарс жаап, бир-эки кадам баскыча Жылдызбек досум келатыптыр. Беш литр бензинин көтөрүп. Экөөбүз учураштык да, кайра машинеге келсем, Гүлүм дале талтайган боюнча жатат. Ага угуза бурк эттим.
–Багына да, биягына да куя бер…-деп баса бердим.
Кызыгы, Жылдызбек ошондон бери Гүлүм менен “гүлдөп” жүрөт…
Кыян САРЫ
                aryba.kg