10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 18 адамдан табылды. Ноокаттагы аймактык ооруканада бир адам каза болду. Ал 87 жашта болчу. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Жаңы катталган 18 адамдын алтоо Бишкекте. Чүй облусунда сегиз (Кемин району – 6, Токмок шаары – 1, Аламүдүн району – 1), Жалал-Абад облусунда үч (Сузак району – 2, Жалал-Абад шаары – 1), Ысык-Көл облусунда 1 (Ак-Суу району).
Булардын ичинде аялдар — 7 аял, эркектер — 11. Жаңы катталгандардын бешөө — дарыгерлер.
Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 298ге жетти, каза болгондор — бешөө.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.