Домой Коом 1,5 миллион доллар турган дүйнөдөгү эӊ кымбат медициналык бет кап жасалды

1,5 миллион доллар турган дүйнөдөгү эӊ кымбат медициналык бет кап жасалды

125

Социалдык тармактарда дүйнөдөгү эң кымбат коргонуучу бет каптын сүрөтү жарыяланды. Ал баалуу материалдардан жасалып, кооздолгон.

Бет кап 250 грамм 18 караттык алтындан жасалган жана 3608 кара жана ак бриллиант менен кооздолгон.

Бет каптын наркы 1,5 миллион долларга бааланган. Мындай өзгөчө бет капты Израилдин “Yvel” аталышындагы зергер компаниясы жасаган. Буюртманы белгисиз кытайлык ишкер берген. Ал адам коллекционер экени белгилүү болду.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, өндүрүлгөн материалга карабастан, бет кап толугу менен функционалдуу. Кардар усталардан аксессуар вирустардан жогорку деңгээлде корголушу керек деп талап кылган.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Исаак Леви ишкер анын көптөн бери келе жаткан кардары экендигин айтты. Леви 25 мыкты зергерди жалдап, буюмдун үстүнөн иштөө үч айга созулганын “Forbes” билдирет.