Соңку 4 жылда Мамлекеттик каттоо кызматы унаалардын энчилүү мамлекеттик номурларын сатуудан өлкөнүн бюджетине 2 млн 400 миң сом которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Унаалардын энчилүү мамлекеттик номурлары аукциону жок сатылат. Ар бирөөсүнүн баасы 100 миң сомду түзөт. Каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт.
Унаалардын энчилүү мамлекеттик номурларынын тизмеси:
1) 04KG LX1AAA
2) 01KG AMG
3) 01KG LEXUS
4) 01KG VIP01
5) 01KG RJS
6) 01KG DXB F3
7) 01KG NOK01
8) 01KG NOK02
9) 01KG NOK03
10) 01KG NUZHDOV
11) 01KG CRUISER
12) 01KG KING
13) 07KG MM007M
14) 01KG KUSH001
15) 01KG APO
16) 01KG ZZ77777
17) 01KG BB7777
18) 01KG AMG001
19) 01KG TIMUR F
20) 01KG LEV888
21) 01KG QUANTUM
22) 01KG SI 2401
23) 01KG ZZZ7777
24) 01KG LIKA
Маалымат үчүн:
Өзгөчө сандуу мамлекеттик номурларды сатуу долбоору 2016-жылы иштеп баштаган. Ага чейин мамлекеттик номурларды жеке компания чыгарып келген. Өндүрүштөн түшкөн каражат анын эсебине түшүп турган. 2016-жылдын 1-июнунан баштап кыргызстандыктарга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурлар берилип баштаган. Аларды Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы чыгарат.
Булак: barakelde.org