Кыргызстандын көпчүлүк аймагында 29-сентябрда жаан жаашы күтүлүүдө. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.
30-сентябрда айрым райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Чүй жана Талас облустарындагы тоо этектеринде жамгыр карга айланышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күчөп секундасына 18-23 метрге жетет.