Жашылча-жемиштерди туура тоӊдуруунун жолдору

ovoshi-frukti-dlya-dolgoletiya

Баарыбыз эле кайсы убакта болбосун жаңы бышкан, витаминге бай жер-жемиштерди жегибиз келет. Бирок мындай мүмкүнчүлүк дайым боло бербейт. Мисалы кышкысын айрым жемиштерди кыям же консерваланган салаттардан гана көрө алабыз.

Бирок акыркы кезде үй кожойкелери жер-жемишти кышкыга сактоонун дагы бир ыкмасын колдоно башташты. Бул — муздаткычта тоңдуруп коюу.

Канткенде аларды туура жана пайдалуу заттарын жоготпогудай кылып тоңдуруу керектигин «Манас» университетинин илимий кызматкери, тамаш-аш технологиялары боюнча адис Айбек Бөдөшов айтып берди.

Научный сотрудник университета Манас, специалист по технологии приготовления пищи Айбек Бодошов
© ФОТО / КУБАТ КЕМЕЛОВ
«Манас» университетинин илимий кызматкери, тамаш-аш технологиялары боюнча адис Айбек Бөдөшов

«Муздаткычта өсүмдүктөрдү тоңдуруу тохнологиялары татаал эмес, бирок бардык эрежелери так сакталышы керек. Мисалы, тоңдурганга чейин жууп, тазалап, кургатып алуу зарыл. Андан да маанилүүсү ар бир жемиш жаңы үзүлгөн, жакшы бышкан жана чириги болбошу шарт. Тоңгон жемишти эриткенден кийин кайра тондурууга болбойт. Андыктан, бир жегенге жете тургандай кылып, аз өлчөмдө контейнерге же желим баштыкка салыш керек», — деди Бөдөшов.

Кышкыга дээрлик бардык жашылчаларды тоңдуруп койсо болот. Бирок арасында температуранын түшүшү менен даамын, пайдалуулугун жоготуп, эриткенде боткого айланып калчулары бар. Мисалы, пияз, сарымсак, түрп же дарбыз сыяктуу ширеси көп жемиштерди тоңдуруунун пайдасы жок.

Адистин айтымында, тоңдурулган азыктар —18-20 же андан да төмөн градуста сакталышы керек. Тоңгон жемишти туура эритүүнүн дагы өзүнүн жол-жобосу бар. Мисалы, алгач муздаткычтын тоңдурчу текчесинен алып чыгып, муздатчу текчесине коесуз. Бир канча убакыттан кийин гана бөлмө температурасына чыгарсаңыз болот. Ал эми шашылыш түрдө ысык сууга салып эритүүдө жемиш пайдалуу заттардын баарын сууга чыгарып жибериши мүмкүн.Бардык шарттар сакталганда жашылчаларды — 3-12 ай, жемиштерди — 9-12 ай, көк-сакты — 3-4 ай, козу карындарды жана болгар калемпирин — 3-6 ай сактаса болот.

Тоңдуруу технологиясынын кайсы бир шарттары бузулганда аны жеген адам ууланып калышы дагы толук ыктымал.

Кайсы жер-жемишти кантип туура тоңдурабыз?

Өрүк, кара өрүк

Тазалап алгандан кийин данегин чыгарып салуу керек. Андан соң контейнерге салып, муздаткычка коесуз.

Алма, айва, алмурут

Буларды тоңдуруу бир аз түйшүк жаратат. Анткени карарып кетпеш үчүн анча майда эмес кылып кесип туруп лимон ширеси кошулган сууга чылай туруш керек. Андан алып чыгып кургаткандан кийин гана муздаткычка саласыз.

Буурчак, жүгөрү

Экөөнү тең алгач кайнак сууга бир малып алып, андан кийин буурчакты кабыгынан, жүгөрүнү сөңгөгүнөн ажыратасыз. Таза майлыктын үстүнө жайып кургатып туруп, анан муздактычка жөнөтөсүз.

Болгар калемпири

Ичин тазалагандан кийин бири-биринин үстүнө кийгизип тизип, баштыкка же контейнерге салыңыз.

Сабиз

Сабизди тазалагандан кийин өзүңүзгө керектүү формада туурап, желим баштыкка салып, муздаткычка жайгаштырасыз. Кааласаңыз, сабизди дагы буурчак жана жүгөрү сыяктуу тууралгандан кийин ысык сууга бир малып алсаңыз болот.Баклажан

Баклажанды тоңдурардан мурда өзүңүзгө жаккан формада туурап аласыз. Тоңгон баклажанды шорполуу тамакка кошсоңүз эң сонун болот.

Түстүү капуста, брокколи

Экөөнү тең алгач кайнак сууга бир нече мүнөт сала туруп, алып чыккандан кийин майда бөлүкчөлөргө бөлөсүз. Муздаткычка салардан мурда экөөнү тең жакшылап кургатыш керек.

Помидор

Помидордун майдаларын бүкүлү бойдон, чоңураактарын туурап туруп тоңдуруу зарыл. Болгону майда помидор жарылып кетпеши үчүн кичинекей көзөнөк жасап коюңуз.

Козу карын

Козу карынды дагы башка жашылчалар сыяктуу тоңдурса болот. Шарттары баягыдай эле, тазалап, жууп, кургатып туруп баштыкка саласыз.

Майда жемиштер

Карагат, малина, бүлдүркөн, тыт сыяктуу майда мөмөлүү жемиштер дагы муздаткычта жакшы сакталат. Айрымдар бул жемиштерди блендерден өткөрүп туруп шекер аралаштырып сактоону туура көрүшөт.

Көк-сак

Жусай, ашкөк, петрушка сыяктуу көк-сактарды ыңгайлуулук үчүн баштыкка эмес, контейнерге салып тоңдурган туура. Болгону алдын ала жууп, кургатып, майда туурап коюш керек.

Булак: sputnik.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: