“Замандаш” эми Жеңиштерге жетпей зар болор бекен?

09.04.2016 | Саясат

Жеңиш Молдокматов

Маркум Мухтар Өмүракунов чет өлкөдөн кайтыш болгондон кийин ал өзү түптөп, бутка тургузуп койгон “Замандаш” партиясынын калк ичиндеги кадыры көп өтпөй азая баштаганы маалым. Мухтар мырзанын агасы Эмил мырза чынында эле саясаттан кабары жок адам эле, ошол себептен “Замандашты” көтөрө албады. Тескерисинче, итпай-чотпай саясатчыларды партияга “пачкасы” менен киргизип, алар натыйжада кыска убакыттын ичинде партиянын ишпалдасын чыгарышты эле. Андан кийин “Замандаштын” байрагын келечегинен көптү үмүттөндүргөн, көптөгөн маселелер боюнча өзүнүн туура сунушун айтып, барган сайын калк ичиндеги кадыры калыңдап бараткан жаш активист, “Калыс” кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов сыяктуу жаштар көтөрүп келатканы белгилүү эле. Биз билгенден Жеңиш мырза, аз күн мурда “Замандаштын” эшигин жаап, кетип калган экен. Кыязы, ортодо таарыныч болгон окшобойбу. Эми “Замандаш” партиясы Жеңиштей жигиттерге жетпей зар болор бекен, ансыз да саясатта чарчап-чаалыгып турду эле. Айтор, бул жагын убакыт көрсөтөр.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: