Вячеслав Епифанов: Акча сураганы ырас, мен алпарып бергем

09.04.2016 | Криминал

Улуттук мед академия

Медицина Академиясынын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаров пара алды деп шектелип кармалып жатканда жүрөгү сокпой калып каза болгон. “Аны кармоодо мыйзам бузулган, ал сабалган, кыйноого алынган, атам деген аябагандай таза иштеген киши болгон, былтыр ага машина сатып берсем, албай жатып араң алган… анын өлүмүнө себепкер болгондор жооп берүүгө тийиш”, — деп маркумдун уулу Адыл Гапаров жарыя кылган. Анын айтуусунда пара берди деген Вячеслав Епифанов 2010-жылы эле Россияга кетип калган экен. “Анан ал кайдан жүрүп пара бермек эле” дегенди да айтып чыккан. Өткөн жумада “Дело №” гезитине ошол Епифанов дегендин маеги чыгыптыр. Анын айткандарын кыскарта чаап келтирели да: “Ооба, мен 2010-жылы Россияга кеткем, үй-бүлөм бул жерде калган. Россиядан менин жолум болбой кайра келдим. Анан бул жерден бир дүкөн ачып гүл сатайын деген ойго келип жер издей баштадым. Анан бирөөлөр Медакадемиянын жанында бош жер бар экендигин айткандан кийин маркум Абдыкерим Гапаровичке келип жолугуп, өтүнүчүмдү билдирдим. Ал адегенде жер жогун, акимчиликтен катуу текшерүү болуп жатканын айтып жардам бере албайм го деген. Кийин жардам берем деген чечимге келип арендага жер бермей болду. Анан айтты, “элүү миң сом апкел” деп. Ал эмне арендагабы десем, “жок, арендага бергеним үчүн, аренда болсо 2,5 миң сомдон төлөйсүң”, — деди. Ошондон кийин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылдым. Алар Гапаров менен болгон сүйлөшүүмдү жаздырып алышты. 50 миң сомду 30 миң сомго түшүрдүм. Акча берчү күнү чалсам, Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинен жолугалы деди. Аз өтпөй кайра чалып, “кабинетиме эле кел” деди. Мен кабинетине акчаны алпарып берип чыгып кеттим, калган окуяны көргөн жокмун”. Ушинтип айтты Епифанов.

Эми бул табышмагы арбын окуя кылдат иликтенет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: