Владимир Бэртл, Чехиянын соода жана өндүрүш министринин орун басары: “Liglass Trading компаниясы 2003-жылдан бери ири долбоорлорду ишке ашырып келет”

Vladimir-Bartl-208x300

Чехиянын Liglass Trading компаниясынын Кыргызстандын рыногунда долбоорлорду ишке ашырууга, энергетикалык долбоорлорду  ишке киргизүүгө толугу менен шарты бар. Мындай пикирин Чехиянын соода жана өндүрүш министринин орун басары Владимир Бэртл Aktualne.cz маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, аталган компания 2003-жылдан бери энергетика базарында, Чехия, Словакия, Италия, Румыния, Улуу Британия, Сербия сыяктуу мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп, бир топ ири долбоорлорду ишке киргизген.

Владимир Бэртл Чехиянын бийлик өкүлү катары буга чейин Кыргызстандын тиешелүү жетекчилерине Liglass Trading компаниясынын ишмердүүлүгүн тастыктаган кат жибергенин айтып, анын көчүрмөсүн да көрсөткөн. Чехиялык чиновник Экономика министринин орун басары Шумкарбек Адилбек уулу жана инвестиция тартуу тармагы боюнча тиешелүү органга кат жиберген. “Чехиянын соода жана өндүрүш министрлиги Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык кызматташууга кызыкдар. Liglass Trading CZ s.r.o компаниясынын Кыргызстан менен иштешип, чакан ГЭСтерди куруу, күн энергиясын иштетүү боюнча кызматташтыгын кубаттайбыз. Аталган компания 2003-жылдан бери энергетика базарында ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп кетким келет. Liglass Trading CZ s.r.o компаниясы Чехия эле эмес, Словакия, Италия, Румыния, Улуу Британия, Сербия сыяктуу мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп, ири долбоорлорду ишке ашырган. Чехиянын Liglass Trading компаниясынын Кыргызстандын рыногунда долбоорлорду ишке ашырууга, энергетикалык долбоорлорду  ишке киргизүүгө толугу менен шарты бар. Аталган компаниянын демилге көтөрүп, Кыргызстан менен иштешип жатканы эки мамлекеттин кызматташтыгын арттырат деген үмүттөбүз”, — дейт чехиялык чиновник.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: