Домой Коом Видео: Мирбек Асанакуновдун миллиондорду чапчыган былыктарын орун басары санап берди

Видео: Мирбек Асанакуновдун миллиондорду чапчыган былыктарын орун басары санап берди

205

Бүгүн Профсоюздар федерациясынын башчысы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өтүп жатат. Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылып, 60дай адам анын жумуш ордуна митинге чыккан.Нааразычылык митингине катышкандар Мирбек Асанакунов 3 жылдан ашуун кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп отурат дешүүдө. Нааразы болгон көпчүлүктүн жарымы Асанакунов отурган кабинетке кирип барган. Нааразы топтун арасында анын орун басары Канат Осмоновда болгон.

Орун басары менен Асанакунов бири-биринин былыктарын эсептеп экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды. «Сенин уятың барбы?»- деген Осмоновдун суроосуна Асанакунов «Менин уятым бар. Сиздин уятыңыз барбы?»-деп кайра суроо менен жооп берди.

Ошол эле учурда Асанакунов өзүнүн кызмат ордунда мыйзамдуу отурганын баса белгилеп айтып өттү.

View this post on Instagram

Между председателем Федерации профсоюзов Мирбеком Асанакуновым и его заместителем Канатом Осмоновым произошел конфликт. Около 60 человек собрались возле кабинета главы с требованием встретиться с Асанакуновым и высказать свои претензии. Они считают, что Асанакунов более 3 лет занимал должность главы ФПК незаконно. Часть митингующих ворвалась в кабинет, где сидел Асанакунов. Среди них был Осмонов. «У тебя есть совесть?» (Сенин уятың барбы?) — обратился Осмонов к Асанакунову. «У меня есть совесть? Или она у вас есть?» («Менин уятым барбы? Сиздин уятыңыз барбы?) — ответил вопросом на вопрос глава федерации. В свою очередь Асанакунов сообщил, что находится на этой должности законно. ⠀ 💐Тюльпаны АКЦИЯ по 99 сом 💐 ⠀⠀⠀ ⠀ @7cvetov.kg ⠀⠀ ⠀ W/A 0555050400

A post shared by СВОДКИ И ПРОИСШЕСТВИЯ 🔞 (@vesti.kg) on

Булак: Багыт