Узун ушактарга чекит коюлду же Сайкал Садыбакасова кимге турмушка чыгат?

19.10.2017 | Маданият

NazarNews_6f76ef1a25a40964b6e8fff395fd6cfehqdefault

Коомдо акыркы убактарда «Сайкал Садыбакасова Эдил Маматовдун үй-бүлөсүн бузуп, 4 баласын таштатып, ага турмушка чыкканы жатыптыр» — деген узун кептин аягына чекит эми коюлганы калды окшойт. Себеби ырчы кыздын апасы Гүлшайыр Садыбакасова буга чейин «Сайкал Садыбакасова 4 балалуу жигитке турмушка чыкпайт», — деп айткан болсо, азыр Сайкалдын тоюна катуу камданып жаткан чагы. Бирок, Эл артистинин айтканындай эле ырчы кыз Эдил Маматовго эмес ЭлТРнын каналынын Ош студиясындагы алып баруучусу Максат Доврановго чыгаарын айтышууда. Эки тоонун чөбүн эӊсеген эчки ачка калат дегендей, эгер Эдил Маматов чын эле Сайкал Садыбакасовага көӊүлү түшүп, аны менен баш кошкусу келип жүргөн болсо үмүтүн таш капты. чырактай болгон 4 баласынын убалы кимге эле… Сайкал азамат кыз экен, ушактарга чекит коюп, Эдилди жолго калтырган… Эмне дейбиз, Сайкал бактылуу бол! Аялдык бактыӊ тоодой болсун!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: