Ушакчы «Эдичка Байсалов же Айнакан жеңем айтканда….

19.03.2018 | Саясат

738605676_w750_h_r

Ар бир айылдын өзүнүн, “ эки элди эриктирбеген, бир элди бириктирбеген” ушакчы жеңелери болот. Адатта мындай жеңелер, калпты чынды койгулаштырып “чымынды пил кылышып” эле басып жүрөт. “Угарман” жеңелердин эки сөзүнүн бир жалган экенин, айыл тургундары жакшы билген менен, баары бир кызыкчылык үчүн ушакчы жеңелердин кебине “кулак түрбөй” койбойт. Анысы сыңарындай, кийинки кездери ошол айылдагы ушакчы жеңелердин “атаманы” “шайланды”. Анткени бул “атаман жеңенин” ушактары бир эле айыл эмес, керек болсо республикалык “ деңгээлге” чыгып отурат. Ушакчы жеңелерибизге атаман болгон “ тебетей жеңени” бүгүн элдин баары кебете кешпиринен таанып калды. Ал кадимки “Эдичка” Байсалов. Кечээ эле ушул “жеңебиз” өзүнүн Твитер баракчасы аркылуу дагы бир “ өрдөгүн” учурду. Едичка жеңебиздин айтымында, экс ажо менен азыркы ажо кадимки көчөдө жүргөн адамдардай, “ мен сени президент кылгам” -деп экс ажо айтса, азыркы ажо “ эл мени шайлаган” – деп моюн толгогон имиш. Эң кызыгы эки президенттин минтип көкүрөк тирештире эрегишип, бирине-бири ачуу сөздөрдү айтып жатканын көргөн бир жан жок. “ Кудай мындай бербестир” деп ошол эле жерден дагы бир “ грантжегич” апчебиз Динара Ошурахунова бет кызарбай туруп эле: “ошондой болуптур. Жулунганы чын экен, бирок тиги түртүп салыптыр, бир жумадан бери уу-дуу сөз жүрүп жатат. Билермандар эмес, имишчилердин арасында ” -деп “Едичка жеңени” колдогон. Ошурахунова “имишчилердин” деп абайлап сүйлөп жатканынын өзү, бул сөздөр чагымчылдык кылуу максатында атайын ойдон чыгарылган экендигинен кабар берет. “Едичка жеңе” болсо, ойлоп чыгарган ушагына элди ишендирүү максатында тирешүү жөнүндө Жаныш Бакиевдин гезити “ Жаңы Ордо” жазып чыкты деп шилтеме берет. “Жооругуң жолдо калган”, “ тебетей жеңем” ай! Анан эмне, канкор Жаныш Бакиевдин “ чөнтөк журналисти” Бекен Назаралиевдин экс президент менен азыркы президенттин жетишкендиктерин, узак жылдардан бери дос экенин, үй-бүлөлүк башкаруунун түп тамырынан бери жойгонун жазат деп күттүң беле? Албетте, Жаныштын гезити “ төөнүн куйругу жерге тийгенде” да минтип жазбайт экени бештен белгилүү. Андыктан “Жаңы ушак” ой “Жаңы Ордо” гезитинин жазгандарын кулактын сыртынан эле кетирип койгонубуз оң. Эң өкүнүчтүүсү, биздин оппозиция болумуштардын, кадимки айылдагы ушакчы жеңелердин деңгээлине түшүп калгандыгы болуп жатат. Анан кантип булар бийликке сын айтып альтернативалуу сунуштарды бере алмак эле? “Үйүндө бир татым айраны жок, кызынын аты Жармагүл” – дегендей эле кеп да !Максат Кенешбек уулунун фейсбук баракчасынан алынды


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: