Домой Саясат УКМК: спецназ Атамбаевге кат тапшыруу үчүн дубалдан секирип түшкөн

УКМК: спецназ Атамбаевге кат тапшыруу үчүн дубалдан секирип түшкөн

672

УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Алмазбек Атамбаевге суракка чакырган кагазды жеке өзүнө тапшыруу үчүн үйдүн дубалынан секирип түшүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

7-августта атайын даярдыктагы аскерлер Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап, суракка алып келүүгө аракет кылышкан. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес.

«Атамбаев эшигин ачпагандыктан «Альфанын» балдары дубалдан секирүүгө мажбур болду. Себеби алар беш кызматкердин үйгө кирүүсүнө шарт түзүшү керек эле. Анын ичинде башкы башкармалыктын жетекчиси да бар. Ал Атамбаевдин жеке өзүнө суракка чакырган кагазды бериши керек болчу. Ошондуктан ушул операция жасалды. Бирок биздин кызматкер дубалдан секирип түшкөндөн кийин душманга таш ыргыткандай эле ташка алышты. Бул учурда Алмазбек Атамбаев коён сыяктуу өзүнүн чээнине кире качты», — деди Опумбаев.

Ал ошондой эле алар Атамбаевди үйгө киргенге чейин кармашы керек болгонун, бирок тарапташтары таш ыргыткандыктан үйгө кирип кеткенге жетишкенин кошумчалады.Опумбаев Атамбаев каршылык көрсөтүү үчүн атайын даярданганын айтты.

«Ал үйүн өзүнчө эле чеп кылып алыптыр. Эшик-терезелерге темир тор коюлганын көрдүңөр», — деди ал.

Эске салсак, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү.