Домой Саясат УКМК: каза болгон спецназ жоокеринин артында 4 баласы калды

УКМК: каза болгон спецназ жоокеринин артында 4 баласы калды

11

Буга чейин каза болгон спецназ жоокери 22 жашта экени айтылган. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөдү.

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып жаткан учурда ок тийип каза болгон атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун артында төрт баласы калды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин каза болгон спецназ жоокери 22 жашта экени айтылган. Бирок УКМК бул маалыматты төгүндөдү.

«Үсөнбек Ниязбеков УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болчу. 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Азыркы кызматына ушул жылдын февраль айында дайындалган. Иштеги жетишкендиктери үчүн «Эрдик» төш белгиси менен жана бир нече сыйлыктар менен сыйланган. Сентябрь айында ага полковник наамын берүү пландалып жаткан», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маркумдун артында төрт баласы калганы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, Ниязбеков каза тапкан.