Учур чындыгы

04.10.2017 | Коом

1454050693_1450432997_454655

Менин президентикке талапкерлердин кезектеги рейтингин аныктоо убактым келип жетти. Бул жолу мен, эч кандай балл койгум да келбей турат. Анткени менин көз карашымда акыркы күндөрдөгү окуялардын натыйжасында кырдаал олуттуу өзгөрүп кетти.

Так талашкан талапкерлер көп. Бирок реалдуу мүмкүнчүлүк экөөндө – адегенде бир орунду таптап жатып, кийин ракетадай учкан Сооронбай Жээнбековдо, анан Өмүрбек Бабановдо эле калды. Темир Сариев болсо штабында ыдыроо болуп кеткенден бери менимче позициясын жоготуп койду. Ошол эле учурда анын талапкерлигин кайсы бир талапкердин пайдасына алып салбай жатышы Жээнбековго иштей баштады (атургай Т.Сариев Жээнбековду ачык колдоп чыккан күндө да мынчалык болбойт болчу). Анткени Т.Сариев КСДПнын өкүлүнө караганда Бабановдун өлкөнүн түндүктөгү электоратынын көбүн өзүнө тартып кетип жатпайбы.

Төрөбаев Бабановду «Бабанов президент, мен премьер!» формуласында колдоп чыккан. Бирок талапкерлигин алган жок. Жыйынтыгында ишенимдүү шайлоочуларынын 2-3 пайызы ал үчүн добуш беришет. Бабанов оюн таза болбой калды деп койот, ошону менен –Төрөбаев премьер-министрлик кызматтын кулагын да көрбөйт. Ал эми Бабановдун оппоненти жеӊсе анда таптакыр эле көрбөйт.

Ошентип экөөнүн кимиси? Ө.Бабанов жакында аны электораттын 65 пайызы колдой турганын айтып чыкты. Бирок сурамжылоонун конкреттүү шилтемесин бере алган жок, кебетеси бере алмак деле эмес. Анткени ал мунун алдында өзүнүн рейтингин уратып түшкөн бир нече катачылыктарды кетирген. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековду негизги делген “Бир бол”, “Кыргызстан” партиялары колдоп чыгышты.

Мен Ө.Бабановдун шайлоо алдындагы үгүт компаниясынын өтө эле копол

уюштурулганына байланыштуу келип чыккан чыр-чатактар тууралу (анын биллбордунда эгерим тарапкерлери болбогон адамдардын өздөрүнүн уруксаты жок эле сүрөттөрү менен пайда болушу… арасында Жээнбеков да бар, ж.б. ) эч нерсе айткым келбей турат. Бул эми шахмат оюнундагы баланын шах койгонундай эле катачылыктар болуп калды. Мунун себеби анын командасында адистердин жетишпегендигинен эмес, тескерисинче бири-биринин бутуна чалынган көптүгүнөн болду окшойт. Кайталап коеюн мен муну айтайын деген жерим жок.

Бабанов көзүр катары үстөлдүн үстүнө Н.Назарбаев менен жолугушканын таштаганга аракет кылды. Бирок КР жарандары, айрыкча түндүк жагы казактардын “улуу ага” болгусу келгенин жактыра беришпейт. Жалпысынан алганда Бабановдун атайы барып Нурсултан Абишовичтен алып келген батасы, ага тескерисинен тийди. Эмне үчүн Астана биз үчүн бирдемелерди чечиши керек?

Андан ары ал өзүнүн митингине, улуту өзбек, радикалык исламистер менен тыгыз байланышы бар (болгондо да туугандык жагынан), белгилүү диний ишмер Садыкжан Камаловду чакырды. Мунусу болсо түштүктүн элине жакпай калды.

Андан кийин Он-Адырга барып сылыгыраак айткан күндө да оозуна келгенди оттоп салды. Анысы бир заматта (тагыраагы андагы сүйлөгөн сөзүнүн кесиндиси) социалдык тармактар аркылуу бүт Кыргызстанга тарап кетти. Ө.Бабановдун бул жоругу образдуу айтканда өзүн өзү бутка атканга барабар эле. Албетте, кийин ал сөзүмдү бурмалап ийди деп актанган. Бирок сен саясатчы болгондон кийин сенин сөзүӊдү кайсы жагына жагына буруп жиберишерин эсепке алышыӊ керек да. Өз учурунда Кадыржан Батыров болгону мындай эле сөз айткан: “Биз муну 20 жыл күткөнбүз. Биздин убактыбыз келди”. Бирок ошого чейин туптуура 20 жыл мурда кандуу Өзгөн окуясы болуп өтпөдү беле. Кадыржан Батыров муну менен эмне айткысы келгенин, балким бир гана өзү билсе керек. Бирок бул сөзү кандай кесепетке алып келерин билүүгө милдеттүү болчу. Натыйжада кан төгүлгөн окуя болуп кетти. Бабанов ошол эле аудиторияга барып “чөгөлөп жүрүп күн көргөнчө, тик туруп өлгөн жакшы” деген чакырык таштап

жатпайбы…Буга эмне дейбиз…Саясатчыга, болгондо дагы улуттук масштабдагы деӊгээлге талаптанып жаткан саясатчыга мындай катачылыктарды кетирүү жол берилгис нерсе.

Булар аз келгенсип анын үзөӊгүлөшү, депутат Канат Исаев камакка алынып, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрү соцтармактарга тарап кетти.

Жыйынтыгы кандай? Мен ойлоп турам, Ө.Бабанов өзүнүн акыркы акциялары менен мурдагы айлардагы жасаган иштерин (ал чынында жакшы позициядан баштаган) чийип салды, эми шайлоонун финалдык жыйынтыгы баарыбызга, анын ичинде шайлоочуларга деле түшүнүктүү болуп калды окшойт. Пресс-конференциядагы аны шайлоочулардын 65 пайызы колдой тургандыгы жөнүндөгү калтырап-титиреген билдирүүсү ушулар менен түшүндүрүлөт.

Ал азыр өзүн таптакыр эле бурчка камап алды жана акыркы 10 күндө көп эле ката кетирген турат. Аны мен кошо саясатчы катары өзүнүн келечегине балта чапкан жатат.

Денис БЕРДАКОВ, саясат таануучу


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: