Убакыт күтпөйт: Мамлекеттик кадрлардын жаңылануусу – мезгилдин талабы

25.08.2017 | Саясат
Businesswoman hiding her face with clock

Businesswoman hiding her face with clock

Убакыт күтпөйт, бул учкул кеп улуу жазуучу Джек Лондонго жана анын китебине таандык. Жаңы доордун келишин, дүйнөлүк экономиканын радикалдык өзгөрүүсүн күтүү менен азыр биз жашаган учур тууралуу ушундай деп айтууга болот. Мезгил шары, айрыкча глобалдашкан дүйнөдөгү чагылгандай тез өзгөрүп жатканы тренддер менен тенденциялардын эпкини Кыргызстанды кыйгап өтүшү эч мүмкүн эмес. Коом мындай өзгөрүүлөргө даярбы же жокпу эч ким эсептешпейт.

Ошондуктан, акыры келүүчү өзгөрүүлөргө даяр болуу, калыптанып калган коомдук ой жүгүртүүдөгү, мамлекеттик башкаруудагы стереотиптердин тамырын кырка турган жаңы шартка ылайыкташууазыр абдан архимаанилүү.

Стратегиялык багыт чаржайыттанып турган мына ушундай кырдаалда адекваттуу ой жүгүрткөн жана ыкчам аракеттенүүгө шайдоот кадрларга муктаждык жогорулайт. Азыр бизге Горбачевдун кайра куруу доорундагы жана эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы ой жүгүртүүсү менен капастагы чымчыктай карбаластаган саясий элита эмес, ар кандай тоскоолдуктарды тоотпос башкаруучулар керек. Коомчулук тынымсыз өзгөрүүлөрдү колдоого ала баштады, эски малдын көзүндөй элдир-селдир жүрүшү менен элди тажаткан саясатчыларды жерүүчүлүк өсүп жатат.Азыр сурамжылоордун жыйынтыгы боюнча өз рейтингине мактана турган саясатчыны табыш кыйын. Албетте, элдин зор ишенимине ээ болгон Атамбаев алардын жанында өзгөчөлөнүп турат. Учурдун парадоксу ушунда – бийликтен кетип жаткан мамлкет башчысынын кадыры жогорку чекке жетсе, Атамбаевге болгон ишеним деңгээли азыркы талапкерлердин түшүнө да кире элек. Атамбаевди кандай сындашса дагы ал азыр элдин колдоосуна ээ.Эмне үчүн дегенде Атамбаев арай көздү чарай кылып эле элдин оюндагысын ачык айтып жатат. Айрыкча, эскирген саясий элитаны өзүм менен кошо ээрчите кетем дегени элге майдай жагууда.

Мындан тышкары, өзү бийлик башында турган жылдары Атамбаев саясий аренага жаңы кадрларды чыгарууга аракет жасады. Мамлекеттик башкаруу системасына көбүрөөк аралаша баштаган жаштар бул айтылгандардын далили.

Мисал издеп ыраак баруунун зарылдыгы жок. Президенттин аппараты жалаң жаштардан куралган десек болот. Аппаратты 40тын кырына эми келген Сапар Исаков жетектейт, орун басарлары да 40-42 жаштагылар. Коопсуздук кеңештин катчысы Темир Жумакадыров болгону 38де. Аппараттын айрым профилдик бөлүмдөрүн да курагы 40ка жете элек жаштар жетектешүүдө, жада калса 30ка курагы толбогон жаш адистер да жетиштүү.

Президент дайындаган башкы прокурор Индира Жолдубаева 38ге жаңы чыкты.

Өкмөттүн курамында да жаш жетекчилер аз эмес. Маселен, Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Дастан Догоев 30 жашта, юстиция министри Уран Ахметов 37де, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Кайрат Мусаев 31де.

Статистикага таянсак, 24төн 44 жашка чейинки курактагы мамлекеттик кызматкерлердин саны 9,6 миңден ашат, ал эми 45тен 65 жашка чейинкилери 6,5 миңден бир аз ашыгыраак. Эсебин так айтсак 24 жашка чейинки – 1029, 25-34 жаштагы – 4456, 35-44 жаштагы – 4192 мамлекеттик кызматкер бар.

Алардын арасынан, саясий кызмат орундарын — 71, атайын кызматтарды – 167,өзгөчө тартип менен дайындалуучу жогорку административдик кызматтарды – 305, жогорку кызматты – 13 адам ээлейт.

Патронаттык кызматта – 47, башкы жетекчиликте – 926, улук кызматта – 3579, кенже орундарда – 4569 адам иштейт.

Эгер өлкөбүздун тарыхына кылчайсак, жаш башкаруучулардын келишин жаңыча ой жүгүрткөн адамдарга муктаж болгон мамлекеттин өнүгүү учурлары шарттаган.

Калайык калк жогору урматтаган Кыргызстандын жетекчилеринин бири Исхак Раззаков 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагалыгына дайындалган. Ал эми өлкөбүздүн экономикасындагы масштабдуу реформалар, индурстриялаштыруу ушул инсандын ысымы менен байланышкан. Раззаковду кызматта алмаштырган Турдакун Усубалиев 42 жашында мамлекетти жетектеди. Ал Раззаковдун багытын улантты, натыйжада Советтик Кыргызстан нукура агрардык өлкөдөн өнөр жайлуу-агрардык республикага айланды. Күлүйпа Кодучалова 33 жашында Кыргыз ССРинин төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри болуп дайындалган. Эгер Кыргызстандын алгачкы эгемендүү жылдарын алсак, Анарбек Бакаев 44 жашында Мамлекеттик коопсуздук кызматын жетектеген. Ал атайын кызматты сактап гана калбастан, жаңы коркунучтарга каршы туруу максатында УКМКда зарыл реформаларды жүзөгө ашырууга жетишкен. УКМКнын азыркы жетекчиси Абдиль Сегизбаев да 44 жашта.

Кыргызстандын тарыхы ар мезгилде аренага келген жаш жетекчилер өлкөнү өргө жетелешкендигин тастыктап турат. Эң башкысы убакыт күтпөйт. Өлкөбүз жай агым менен илкип илгерилей бериши керек же жаңы тенденциялардын каруу күчүнө таянып доор толкунун ооздукташы зарыл. Аны табияты поэтикалуу Атамбаевдей гана адам түшүнө алат. Каржайган логикалык схемалар аркылуу калыптанган ой жүгүртүү менен учурдун удургуган окуяларын түшүнүү мүмкун эмес. Ал үчүн чектен чыгуу талап кылынат. Андай кадамга эрки өзүнө ээ бербеген адам гана бара алат.

 

Айнура ЭСЕНТУРОВА, укук таануучу


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: