Туура жолдо бараткан Кыргызстан, үй-бүлөлүк башкарууну гүлдөткөн кошуналар менен алыскылар

27.02.2017 | Аналитика

Мамлекеттик башкаруу системасы кандай болгон учурда өлкө өнүгөт, өсөт? Кандай системанын учурунда өлкө ичинде акыйкаттык жана адилеттик өкүм сүрүп, адам укуктары толугу менен сакталат? Мына ушул суроолордун тегерегинде жер каймактагандан бери карай улуу күрөш жүрүп келет. Доорлор алмашып, кылымдар аркага сүрүлүп келет. Ошону менен катар түрдүү мамлекеттик башкаруу системалары орун-очок алып, кайсы бир убакыттын мерчеминде жашап, анан өз баасын алып келүүдө.

Тээ байыркы замандарда –жоокерчилик заманы, кул ээлөөчүлүк заманы, феодалдык башкаруу сыяктуу заманалар болуп өткөн. Анан адам баласынын аң-сезими улам өнүгүп, илим-билимге сугарыла баштаган сайын жапайы түшүнүктөр акырындык менен аркага сүрүлүп баштаган.

Ток этерин айтканда, адамзат коому башкаруунун маданияттуу, гумандуу жолдорун издей баштаган. Бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттери арасында мамлекеттик башкаруунун эки негизги түрү көбүрөөк колдонулуп келет. Биринчиси, президенттик башкаруу болсо, экинчиси парламенттик башкаруу. Президенттик башкаруу деле өзүнүн нугунан чыкпай иштей турган болсо, мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү үчүн дурус эле башкаруу болмок. Тилекке каршы, бул башкаруунун негизинде бийлик башында тургандардын бийликке болгон кумары ашып-ташып, натыйжада бүтүндөй өлкөнү кыңк эттирбей башкарып турууга багыт алып кетүүдө. Анын арты менен авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу режими пайда болот.

Биз бүгүн мына ушул президенттик-авторитардык башкаруунун арты менен пайда болгон үй-бүлөлүк башкаруунун натыйжалары кандай болору тууралуу кеп кылалы.

 

Үй-бүлөлүк башкаруу кыргыз элинин мүнөзүнө төп келет бекен?

Буга жоопту чорт кесе эле айтсак болот, төп келбейт. Муну эгемендик алган жылдардан кийинки алгачкы эки ажонун тагдыры ачык көрсөтүп турат.

Аскар Акаев

Аскар Акаев – Кыргызстандын туңгуч ажосу бийлик башына СССР ыдырардын алдында келген. Терең билимдүү академик, интеллектуалдык деңгээли бийик ажого ээ болдук деп адегенде кубанычыбыз койнубузга батпай чыкканын жашыра албайбыз. Ал бийлик башына келери менен эле СССРдин курамында жүргөндө калыптанган системаны толугу менен талкалап, «Биз демократиялык жол менен өнүгөбүз» деген ураанды көтөрүп чыкты. Союз маалында түптөлгөн колхоз-совхоздорду талкалап, таратып, жеке менчик деген түшүнүктү жайылтып кирди. Ырас, адегендеги анын аракеттери абдан эле дурус болду. «Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократия аралчасы» деген статуска да ээ болдук.

Бирок, 4-5 жыл өткөндөн кийин эле өлкөбүздүн демократиялык жол менен өнүгүүсүнө «тормоз» басылды. Аскар Акаевдин дал өзүндөй болуп жылмайганды өздөштүрүп алган жубайы Майрам Акаева Кыргызстандын туңгуч ажосуна «мурунтук» тагып, каалаган жагына бура тургандай кылып башкарып алды. «Мунун баары убактылуу эле го, кайра оңолор» деп элибиз көпкө чыдады. Тилекке каршы элдин үмүтү акталбады. Тескерисинче Майрам апчебиздин көшөгө артындагы башкаруусу күч алып, Акаевдин айлана-тегерегине жалаң бир үй-бүлөгө кызмат кыла тургандарды топтоп алды. Аскар Акаев менен карапайым элдин ортосундагы байланыш чарт үзүлдү. «Бардыгы сонун Аскар Акаевич, эл май чайнап жашап атат» деп койсо эле болду, туңгуч ажобуз ага терең ишенип басып жүрдү. Ал ортодо анын күйөө баласы Адиль Тойгонбаев Кыргызстандын бизнес чөйрөсүн толук түрдө өз көзөмөлүнө алууга үлгүрдү. Уулу Айдар Акаев түнкү клубдарда тайраңдап баштады. Аялы Майрам Акаева «Мээрим» фонду аркылуу бизнес чөйрөсүндөгүлөргө да, мамлекеттик жогорку кызматтагыларга да көмүскө «салык» салып отурду. Акыр-аягы келип кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, парламентке келип алышканда элибиздин чыдамы чорт үзүлдү. Натыйжада 2005-жылдын март революциясы болуп өттү.

 

Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу куруунун экинчи аракети

Аскар Акаевдин бийлиги кулап, тактыга конгон Курманбек Бакиев: «Менин аялым саясатка эч аралашпайт, ал неберелери менен эле үйүндө отурат» деп эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болбой тургандыгын айтып, катыра убада берип ишти баштаган. Ошондо элибиз: «Бала-чакаң, бир туугандарың да бийликке аралашпайбы?» деген суроону бербей калыптыр. Кыязы, анда биз «ушу аялы башкарбаса эле болду, үй-бүлөлүк башкаруу болбойт» деп ойлосок керек.

Бирок, терең жаңылышыптырбыз. К. Бакиевди аялы анчейин башкарбаганы менен бир туугандары жана уулдары тегеректеп алып башкарууга өтүштү. Образ менен айтканда К. Бакиев арабага чегилген аттын чабандесиндей эле болуп калды. Ал эми падыша отура турган арабадагы орунга Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Марат Бакиев, Акмат Бакиев сыяктуулар отуруп алып, «бул жакка айда, тигил жакка айда» деп башкарып турушту. Айтор, мамлекеттик маанилүү кызматтарда Бакиевдердин династиясы орун алды. Рейдерлик басып алуулар, бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн эл аралык келишимдер жасалды. Натыйжада 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи ирет революция болуп өттү.

Мына ошондон кийин Кыргызстанга, кыргыз эли үчүн үй-бүлөлүк башкаруу режими эч кандай ийгилик алып келбей тургандыгын түшүндүк. Бирок, бизге коңшулаш өлкөлөрдө мындай башкаруу системасы дагы деле жашап атат.

 

Күйөөсү президент, аялы 1-вице-президент Азербайжанда эми кайнене бийликке аралашабы?

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өзүнүн өмүрлүк жары Мехрибан Алиеваны биринчи-вице-президенттик кызматка дайындаганын 21-февралда коргоо кеңешинин жыйынында жар салды. Анан дагы ал өзүнүн аялынын коомдук-саясый, маданий жана дипломатиялык тармактарда иш алып барып жүргөн кесипкөй адис экендигин айтып, ой-да мактап алды.

Азербайжан лидеринин мындай кадамын дүйнө коомчулугу таң калуу менен кабыл алып турат. Мисалы, россиялык саясат таануучу Аркадий Дубнов Алиевдердин мындай саясый чечимин үй-бүлөлүк башкарууга барабар деп эсептейт.

Баарынан кызыгы Ильхам Алиевдин мындай кадамын туура деп эсептегендер да чыгып атканында болууда. Мисалы, Казакстандын мусулмандар союзу жана Борбор Азиядагы адам укугу боюнча Мусулмандык комитети азербайжандык мусулмандардын колдоосу менен Коргоо министри кызматына президенттин кайненесин дайындоону сунуштап чыгышты. Андан калса казакстандык мусулмандар Ильхам Алиевге дагы үч жаңы аялды белек кылууга ниеттенишкенин, аларды да маанилүү кызматтарга дайындоо керектигин айтышкан. «Сиз чыныгы мусулмансыз, төрт аял алууга укугуңуз бар» дешет алар. Ошондо алар Азербайжандын президентине дагы үч аял алып беришсе, демек дагы үч кайненеси болот эмеспи? Анан ал кайненелерин дагы маанилүү кызматтарга коюш керек болот. Ошентип алардын логикасына таянсак, Азербайжанды Ильхам Алиев төрт аялы жана төрт кайненеси менен башкарып калыш керек болот.

 

Тажикстанда уулу, Казакстанда кыздары бийлегенде!

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өткөн жылы өзүнүн кызы Озода Рахмонду президенттин аппаратынын башчысы кылып дайындаган. Озода айым ага чейин Тажикстандын ТИМ министринин орун басарлык кызматын аркалап келген.

Эмомали Рахмон ошону менен эле токтоп калбастан жакында эле 28 жаштагы уулу Рустам Эмомалини Дүйшөмбү шаарына мэр кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Рустам мырза буга чейин Тажикстандын коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген.

Ал эми бир жагынан боордош, экинчи жагынан жакын коңшубуз болуп саналган Казакстанда да үй-бүлөлүк башкаруунун белгилери бар. Мисалы, Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева да саясый элитада жүргөнү көпчүлүккө маалым. Ал башында парламент мажлисинин төрагасынын орун басары болуп келсе, 2015-жылдын сентябрь айында вице-премьер-министрлик кызматка которулган. Арадан толук 1 жыл өткөн соң ал президент атасынын жарлыгы менен парламент сенатынын депутаты болуп дайындалган.

Европа өлкөлөрүнүн айрымдарында дагы деле үй-бүлөлүк башкаруунун белгилери бар. Алсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын күйөө баласы Берат Албайрак 2015-жылдын июль айында президенттин “Адилет жана өнүгүү” партиясы (Adalet ve kalkınma partisi) менен депутат болгон. Кийин 24-ноябрда Энергетика министри болуп дайындалып, азыркыга чейин башкарып келет.

 

Жыйынтык эмес, айтылчулар алдыда…

Демек, 21-кылымда, цивилизация доорунда жашап атсак дагы коңшулаш мамлекеттерде дагы деле үй-бүлөлүк башкаруу режими иштеп атканын билдик. Эң жакшысы, биз мындай жолду буга чейин басып өтүп койгонубузда. Биз баскан жолду коңшуларыбыз эми басып отурушат. Бирок, үй-бүлөлүк башкаруу режими эч качан өнүгүүгө алып келбей тургандыгын, ал нааразычылыктардын гана отун тутантаарын билип калганбыз. Андыктан эми биз чыныгы демократиялык жол менен гана өнүгүү багытындабыз. Ошол багытыбызды кайрадан аркага буруп албай, алдыга карай гана жыла беришибиз абзел.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: