Турсийчен эле чыкса…

22.09.2017 | Саясат

asanakunova

Биринчи каналда Ширин Асанакунова деген журналист бар. Орус тилинде алып барат, кээси менен дурус материалдарды даярдайт, анысы жакшы. Бирок, өткөндөгү бир көсөтүүнү алып барып жатат, кийгени тамтыгы чыга тытылган жынсы, андай шымдар азыр «мода» өңдөнүп жатпайбы. Бул «мода» имиш  көпчүлүктөн эмне менен бөлүнүп туруунун айласын таппаган келесоолордун «модасы» экени, көрүнүп, билинип эле турбайбы. Мейли, жаш кыздар тытык шым кийип жинди боло берсин. Ал эми бүтүндөй бир мамалекеттин башкы телеканалында иштеген журналист чолок акылына таянып, тиги жинди кыздардын жолуна түшпөш керек. Миң деген көрөрман журналистти сынап турат, ошондон таалим алгысы келет… Асанакунованын чолок оюнда жыртык шым кийип чыгуу «мода», «эркиндик» дегендерди билдирсе керек. Жок, айланайын кызымке, жыртык шымды даңазалоо келесоонун иши, тилеги жамандардын иши. Андыктан сен, эфирди булганбай, арыдан бери болгонуң дурус. Биздин айтканды урганым жок десең, анда, турсийчен деле көрсөтүү алып бара бер… Илим Карыпбеков деген балага го баары бир, ал бийликке жагынуу аракетинен колу бошобойт эмеспи…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: