Домой Дүйнөдө Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова

Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова

23

Чет жакта жүргөнүнө карабай, талыкпаган мээнеттин аркасында ийгилик жаратып жаткандардын бири Айзирек Темирбекова. Ал Түркияда кыргыздын курут азыгын илимий жактан изилдеп чыгып, көпчүлүктү таң калтырды. Билим сапарында жүргөн мекендешибиз менен азын-оолак маек курдук.

Илимий ишиңизге эмне себептен курутту тандап алдыңыз?

–  Түркияда “Тамак-аш инженерлиги” багытында магистратураны быйыл аяктап жатамын. Тема тандоо учурунда Кыргызстанда өндүрүлгөн, калк арасында суроо-талап жогору болгон бир азыкты изилдөөнү максат кылганбыз. Кийин улуттук сүт азыгы болгон курутту изилдөөнү чечтик. Кыргызстанда курут калк арасында абдан көп өндүрүлгөнүнө карабай, илимий жактан толук изилденген эмес жана бул темада жазылган эмгектер да жокко эсе.

Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова

   Изилдеп чыгууга канча убакыт сарптадыңыз? Ошол мээнетиңиз акталдыбы?

  Биз жасаган курут салттуу куруттан айырмаланат. Ошондуктан аны ойдогудай сапатта өндүрүү да көп убакыт талап кылды. Ачыгын айтканда бир жылдан ашуун ушул иш менен алек болдум. Негизи курут узак мөөнөткө сакталган азык болгону үчүн да изилдөө иши узакка созулду. Албетте акталды. Бул изилдөөнү жасоо менен бирге бул тармакта жакшы эле тажрыйба топтодум десем болот. Себеби магистрдик ишимди коргоо учурунда калыстар бир добуштан “ийгиликтүү” деген баа беришти.

Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек ТемирбековаТүркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова
Учурда Түркияда кайсы окуу жайда окуп жатасыз? Ал жакта жүргөнүңүзгө канча жыл болду? 

– Түркиянын Самсун шаарында 19-Май Университетинде «Тамак-аш инженерлиги» бөлүмүндө магистратураны аяктап жатам. Магистратурага 2017-жылы Түркия Стипендиялары (Türküye Bursları) программасы менен келгем.

Кесип тандоодо башкалардын кеңешин алгансызбы же жеке өзүңүздүн кызыгууңуз болдубу?

– Негизи мектепти аяктагандан кийин юридикалык факультетке тапшырууну максат кылган элем. Кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сынагына кирип, “Тамак-аш инженерлиги” бөлүмүнө өтүп, ушул окуу жайда окуп калдым. Эң биринчи келгенде эле бул окуу жайдын кампусун абдан жактырганмын. Кийин даярдоо курсунда окуп жүгөндө бул кесип тууралуу терең маалымат алган соң ушул тармакта билим алууну уланттым.

Түркияда илимге жаңылык киргизген кыргыз кызы Айзирек Темирбекова

Билимиңизди тереңдетүү үчүн эмне себептен Түркияны тандадыңыз?

– Кыргыз-Түрк Манас университетинде окуп жүргөн учурда “Түркия Стипендиялары” деген программа тууралуу көп укканмын. Окуу жайды бүтүрүп жатып мен да тапшырып көрөйүн дедим. Бул программа Түркия мамлекетинде окуу үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Стипендиядан баштап, жатакана, тамак-аш, медициналык камсыздоо, учак билетине чейин. Сен келип бир гана окушуң керек болот. Муну менен бирге өзүңдү өнүктүрүү үчүн да бардык шарттар түзүлгөн.

Биздин өлкөдөгү билим берүү системасы сизди канаатандырабы?

– Кыргызстандын билим берүү тармагында кемчиликтер бар. Бирок, абал такыр начар дегенден да алысмын. Ар бир мамлекеттин бул жагынан өзүнө жараша жетишпеген жактары бар. Негизи билим берүү боюнча сөз кыла турган болсок ал өзүнчө тема болот. Ошондуктан кыскача өзүм окуган окуу жай боюнча гана токтолуп кетейин. Менин оюмча, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде татыктуу билим алуу үчүн эң мыкты шарттар түзүлгөн. Университеттин кампусунун ичинде окуу имараттарынан сырткары жатакана, китепкана, спорттук аянтчалар жайгашкан. Баары бири-бирине жакын, бул студенттер үчүн убакытты жана каражатты үнөмдөө жагынан абдан ыңгайлуу. Ошондой эле аталган университетте эң алдыңкы мугалимдер иштешет. Окутуу программасы да башка окуу жайлардыкынан айырмаланып кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

Түркиянын окуу жайларынын өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?

– Өзүмдүн тармагым боюнча айта турган болсок, бул адистикти Кыргызстандагы ЖОЖдордон 1-2 гана универитеттен жолуктуруу мүмкүн. Бөлүмдүн ичинде эт, сүт, мөмө-жемиш, нан азыктары, микробиология сыяктуу тармактар жана ар бир тармактын өз алдынча лабораториялары бар. Бул лабораториялар да заманбап жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип магистратура, докторантурада окуп жаткан студенттер да аябай көп. Магистрдик же доктордук илимий изилдөө жасаш үчүн сөзсүз түрдө белгилүү өлчөмдө каражат талап кылынат. Эң биринчи эле анализдерди жасоо үчүн колдонула турган химиялык реактивдер сатылып алынат же талап кылынган кандайдыр бир жабдык алынат. Университетте бул керектөөлөрдү каржылоо үчүн атайын проект жазууга болот. Ошондо керектүү өлчөмдөгү каражат университет тарабынан бөлүнөт. Мисалы, курут боюнча жасаган илимий изилдөөнү ишке ашыруу үчүн университет тарабынан 8 миң лира бөлүндү. Бул дээрлик 100 миң сомдой каражат болот. Негизинен Түркияда тамак-аш тармагында изилдөөлөр абдан көп жасалат жана бул тармак жогорку деңгээлде өнүккөн. Анткени ар тараптуу шарттар түзүлгөн.

Канча тилде эркин сүйлөйсүз? Жана тил үйрөнүүдө кандай методдорду колдоносуз?

– Кыргыз, түрк, орус, англис тилдерин билем. Өзгөчө метод колдоном деп айта албайм. Бардык адамдар сыяктуу эле курстарга барып үйрөнгөм.

Чет жакта билим алууну каалагандарга кандай кеңештерди бере аласыз?

– Азыркы учурда чет мамлекетте билим алуу үчүн көп акчанын же болбосо укмуштай акылдын деле кереги жок. Болгону мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу гана жетиштүү. Жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билим алуу үчүн түрдүү прогаммалар студенттерди кабыл алышат. Интернет аркылуу мындай программаларды табуу кыйын эмес. Катталуу да көп учурда онлайн жүргүзүлөт. Чет жакта окууну максат кылгандар мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоосу абзел.

Өзүңүздүн кичи мекениңиз тууралуу айта кетсеңиз.

– Мен Аксы районунун Авлетим айылында төрөлүп өскөм. Балалыгым, окуучулук күндөрүм ушул айылда өткөн. Адам баласы мекенден алыста жүргөндө гана ага болгон сагынычы, кусалыгы даана сезилип кадырын биле баштайт экен. “Мекенди алып кетүүгө болбойт, болгону кусалыгын гана алып кетүүгө болот. Эгерде мекенди кап сыяктуу ташып жүрүүгө болгондо, анда анын кадыры түккө да турбайт болчу” деп, залкар жазуучу Чынгыз Айтматов айткан экен. Алыста жүрүп эң көп айылымды сагынам. Абасын жутуп, суусун ичип чоңойгон кичи мекенимдин менин жашоомдо өзгөчө орду бар.

Маектешкен: Гүлзада Абдырахманова

Булак: newtv.kg