Түркия Сооронбай Жээнбековду чоң урмат-сый менен тосуп алды

10.04.2018 | Саясат

FA2F6EB8-A7A0-4BB4-975E-9FCD31494ABB_w650_r1_s

9-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен боордош Түркия Республикасына барды. Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропотунан мамлекет башчысын Түркиянын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара территориалдык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алышты. Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери желбиреп турду.

Ошол эле күнү президент С. Жээнбеков Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Ал жерде С. Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

Андан соң президент Сооронбай Жээнбековду Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик ак сарайда жогорку деңгээлдеги урмат-сый менен тосуп алды. Бул жолугушуу расмий аземинде мамлекет башчысы С. Жээнбековдун кортежин атчандардын ардактуу кароолу ак сарайга чейин салтанат менен коштоп барды. Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Президент С. Жээнбеков тизилген ардактуу кароол менен учурашып чыкты. Жолугушуунун расмий аземинде делегацияларды тааныштыруу да болду. Андан кийин эки өлкөнүн башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Бул расмий сапардын алкагында эки өлкө башчыларынын тар курамдагы жана кеңейтилген курамдагы жолугушуулары болду. Андан тышкары Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен да жолугушуулар болот.

Мамлекет башчысы С. Жээнбеков Түркияга жасалган сапары эки өлкө ортосунда акыркы убактарда салкын тартып кеткен мамилелердин кайрадан жанданышына өбөлгө болуп калууда. Боордош мамлекеттер мындан ары да тыгыз кызматташып, бири-бирин ар тараптуу колдоого алууга даяр экендиктери билинди.

  cialis online uk.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: