Төрт ирет төңкөрүш кылгысы келген адам кантип улуттук лидер болот?

30.03.2017 | Саясат

митинг

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Кыргызстанга кайтып келген С. Жапаров ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынып, анын тарапташтары УКМК имаратына чабуул жасоо аракетин көрүшкөнү белгилүү. Митингчилер милиция кызматкерлерине баш бербей, аларга кол салышкан. Натыйжада укук коргоо кызматкерлери мыйзам чегинде митингчилерди таркатуу чарасын көрүшкөн. 115 митингчи кармалган, 5 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алган.

Бул күнкү окуяда Садыр мырзанын тарапташтары мыйзамдын чегинен чыгып кетишкенин интернет булактарындагы видеоматериалдар деле тастыктап турат. Бирок, эмнегедир парламент триубанасынан айрым депутаттар ошол күнкү окуяга милиция кызматкерлерин айыптап чыгышууда. Мына ушул айыптоолорго ЖК депутаты Рыскелди Момбеков өзүнүн нааразычылыгын билдирди.

«Митингчилерди камоодо милиция күч колдонду деп айтып атышат. Бирок, биз күч колдонуу кандай болорун билебиз да? Мен жөн гана сиздерге С. Жапаровдун саясый тарыхын эске салып койгум келет. 2012-жылы Бишкекте «Кумтөрдү» улутташтыруу үчүн митинг өткөн. Ак үйдү басып алууга чакырык жасалган. Укук коргоо органдары бул аракетти токтотушту, ал кармалгандардын арасында болду, ал эми анын машинесин тинтүүдө автомат жана пистолет табылган. Андан кийин Барскоон жолун тосуу, «Кумтөргө» кеткен электрди өчүрүү болгон. Бюджет 271 млн сом чыгым тарткан. Алтургай өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Биз мунун баарын унуттукпу? 8 адам кармалган, ал эми канча милиция кызматкери жаракат алды эле? Андан кийин ММКда Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Каптагаевди барымтага алуунун артында С. Жапаров тураары тууралуу маалымат жарыяланган. Андан кийин анын тарапташтары УКМК имаратына кирүүгө аракет кылышты. Эмнеге биз төрт ирет төңкөрүш жасоо аракетин көргөн адамды улуттук лидерге айлантууга аракет кылып атабыз?», — деди ал.

Мындан сырткары Р. Момбеков Россия жана да митинг учурунда жүздөгөн миң адам кармалганын, алтургай кары-картаңдар ур-токмокко алынганын эске салды. «Бизде болсо милиция күч колдонду деп бир сабалган жигитти көрсөтүп атышат, ал митинг учурунда сабалган, камерада эмес. Эгерде айткыбыз келсе, анда бардыгын айталы. Эмнеге ошол митингде Бакиевдин жансакчысы да болгонун айтпайбыз?», — дейт Рыскелди мырза.

Ырас эле эмнеге төрт ирет төңкөрүш жасоо аракетин көргөн адамды баатыр кылгыбыз келип атат? Ошондой максатты көздөгөн адамдардын тилегени эмне? Элибиздин тынчтыгын, мамлекетибиздин стабилдүүлүгүн чайпалтууну көздөгөндөр баатыр, лидер болобу?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: