Токтогул: Президенттикке Сооронбай Жээнбеков гана татыктуу!

13.09.2017 | Саясат

          IMG_8775

15-октябрда ѳтүүчү президенттик шайлоого 13 талапкер катышаары расмий жарыяланды. Ошол талапкерлердин ичинен Сооронбай Жээнбековго эл ишеними жогору. Муну Токтогул районунун тургундарынын пикири да бекемдейт. 

Токтобек ТЕРМЕЧИКОВ,  район тургуну:

— Кыргызстанда жүрүп жаткан саясый, экономикалык реформаларды Сооронбай Жээнбеков гана улантып, аягына чыгарат. Анткени, ал Президент А.Атамбаевдин шакирти. Кудайга шүгүр, ɵлкɵбүздɵ туруктуулук орун алып, бардык тармактарда ырааттуу ɵнүгүү болууда.

Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун айылдан баштап, райондук, облустук, республикалык масштабдагы жетекчилик кызматтарда болду. Ɵкмɵттү башкарды, ЖК депутаты да болгон. Тажрыйбасы жагынан президенттикке даяр, татыктуу инсан. Аз сүйлɵп, кɵп иштейт, артынан  жаман сɵз ээрчитпеди.

Мирзажан САРПАШЕВ, райондун Ардагерлер кеңешинин тɵрагасы:IMG_8540

— Бизге бүгүн кандай президент керек? Ал адам кандай болушу керек? Ушул суроолорго жооп берейинчи. Кыргызстандын бардык шартын билген, эл чарбасын, ɵндүрүштү, экономиканы түшүнгɵн, билимдүү, уурдабаган, эл камын кɵргɵн адам президент болуп шайланышы зарыл. Ал адам – Сооронбай Жээнбеков. Жогорудагы талаптын баарына жооп берет. Менимче, ал ɵзү айтып жаткандай, элдин кулу болуп, ак ниети, жоопкерчилик менен иштеп берет. Анын башкаруусунда кыргыз элинин, Кыргызстандын эртеңи, келечеги ишенимдүү болот.

Токтосун МАДИЯРОВ, бизнесмен:

— Бийликке жабышпай, Конституцияны сыйлап  ɵз эрки  менен бийликти ɵткɵрүп жатканы үчүн Алмазбек Атамбаевге рахмат айтышыбыз керек. Айтканга оңой болгону менен бул ɵзүнчɵ чоң эрдик.

Токтогул районунун тургундары президенттикке Сооронбай Жээнбековду колдоп жатат. Эми алдыдагы шайлоодо добуштарыбызды сатпай, куру убадаларга алданбай, эң татыктуу талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлап алалы.

Эдилкан СЫРГАБАЕВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:IMG_8634

— Мен добушумду Сооронбай Жээнбековго берем. Анткени, ал ток, каниет кылган адам. Кезинде Кара-Кулжа аймагындагы мыкты кадрлардын бири болуп чыккан. Аны тээ жаш кезинен бери билем. Ушул кезге чейин ал тууралуу бир жаман сɵз уккан жокмун, жакшы жактары гана айтылат. Чечимди кабыл аларда «жети ɵлчɵп бир кескен», салабаттуу, маданияттуу жигит. Жээнбековдордун теги таза, атасы Шарип акени да жакшы билчүмүн, ɵзгɵчɵ касиет, сапаттарга ээ, мыкты адам болчу. Ошол себептен мен Сооронбай Жээнбековдун  президент болушуна тилектешмин. Элди ага добуш берүүгɵ үндɵп жүрɵм. Кыргыз эли аны президенттикке шайлашса, эч жаңылбайт!

Даярдоочу: «Айбат аймак»КФ  Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 13.09.2017 ж.

 

 

 

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: