Төбөдөгү маселе дөбөдө чечилген. Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

13.03.2016 | Эне тил

Чал небереси менен

“Мүчөл” деген сөздү чечмелээрден мурда “мүчө” деген сөздү чечмелейли. Мүчө деген дененин бөлүгү. Адамдын да, айбандын да денеси он эки бөлүктөн турат.

Мүчө сөзүнүн көптөгөн мааниси бар. “Ал партияга мүчө экен” дейт. “Сүйлөм мүчөлөрү” дейт. “Ал тыюу салынган диний-экстремисттик уюмга мүчө экен” — дейт, ж. б.

Манаста, “Келберсиген шер экен, он эки мүчө тең экен” деген саптар бар. Кыргыздар эркек балдарын 12 жаштан өткөндөн кийин эр жигит санап ат мингизип, колуна тизгин карматкан.

Мүчөнүн дагы бир мааниси – кыргыздын өлгөн адамды жайына койгон учурдагы колдонуучу ырым-жырымын да билдирген. Маселен, дүйнөдөн өткөн адамдын жаны жай алсын деген ой менен сөөк чыккан үйдөн куда-сөөгүнө же өтө жакын, кадырлуу адамдарына маркумдун кийимдерин таратып берген. Муну “мүчө берүү”, “мүчө таратуу” деп койгон.

Эми “мүчөлгө” келели. Ошентип 12 жылдан турган бир түрмөктү – бир мүчөл деген. “Бүгүн ага үч мүчөл болду” дейт же 37 жашка толду дегени. 12 жаштан үчөө чынында 36 болот. Бирок, кыргыздар биринчи мүчөлдү 13 жаштан мүчөткөн, анткени баланын эненин курсагында жаткан мезгилин кошо эсептеген. Бир мүчөлдөн кийинкилери 12 жаштан эсептелип кете берген.

Ошондо 13 жаш 1 мүчөл, 25 жаш 2 мүчөл, 37 жаш 3 мүчөл, 49 жаш 4 мүчөл, 61 жаш 5 мүчөл, 73 жаш 6 мүчөл, 85 жаш 7 мүчөл, 96 жаш 8 мүчөл.

Ал эми алтайлыктарда да байыркы кыргыздардай эле жыл аттарын жан-жаныбарлардын аттары менен атап келишкен. Алтайда туулган күндү “Чыккан күн” деп атайт. Алтайлыктар туулган күндү ар бир мүчөл жылдын башында белгилейт. Бир кызыгы, 6 мүчөлдөн кийин же адам 73 жашка чыккандан кийин туулган күндү белгилөөнү токтотот.

Эми “төбө” деген сөзгө келели. Төбө менен дөбө окшош маанидеги сөздөр болуп саналат. Кээде, “төбөдөн ары бир койду” дейт. Чокуга же баштан ары бир койду дегени. “Күн төбөдөн ооп калды” десе, түш мезгилинен өтүп калды дегенди билдирет. Талаа казактары кыргыздарга мейманчылап келгенде, “төбөңөр – жайлоо, төшүңөр – кыштоо, керемет жерде жашайт турбайсыңарбы” — деп суктанган.

“Көзүнүн төбөсү менен карады” десе,  жаман көрүп караганды билдирет.

“Так төбөсүнөн түштү” десе, “так өзүнөн түштүң, айтчу жерин айттың, так өзүнө тийдиң” дегенди түшүндүргөн.

“Мен карызымды төбөм менен кудук казсам да таап берем” дейт.

Каргаганда же тилдегенде “төбөңдөн ургур!” деп тилдеген.

Алтайда эркектин төбөсүн  ыйык санашат. Эркектин төбөсүнө энеси менен аялынын гана колу тийгенге акылуу деп эсептейт.

Кыргыздар байыртан бери эле төбөсүндөгү же башындагы маселелерин ошол айылдын төбөсү болгон дөбөсүнө олтуруп алып чечкен.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: