Тимур ШАЙХУТДИНОВ: “Президенттин билдирүүсү коомдук пикир менен үндөшөт”

09.02.2018 | Саясат

8-фTimur-SHai-hutdinovевралда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупция тууралуу айткан ачуу сын-пикирлери коомчулуктун көңүл борборунда турган көйгөй менен шайкеш келгени билинди.

С. Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенден берки биринчи жолу айтып чыккан катуу билдирүүсүн учурда түрдүү эксперттер, коомдук ишмерлер колдоого алууда. Маселен, «Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин башчысы Тимур Шайхутдинов маалымат булактарынын бирине президенттин билдирүүсү боюнча комментарий берген.

Мамлекет башчысынын биринчи мазмундуу билдирүүсү укук коргоо органдарынын жана соттордун ишинин эффективдүү болбой жатышы, бул структуралардагы ашынган коррупцияга байланыштуу болгону кубандырып жатканын айтат ал. «Мунун баары коомдук пикир менен үндөшөт. Эгерде көчөдөн 100 адамдан сурамжылоо жүргүзсөң, 90ну система тарабынан акыйкатсыздыкка тушуккандыктарын же жакындарынын ошондой кырдаалга туш келгенин айтышат. Мамлекетибизге олуттуу бизнес келбейт, ал эми иштеп аткандары чиновниктерге берип турганга аргасыз. Андыктан бул жаатта өзгөрүүлөр болмоюнча Кыргызстан экономикалык өнүгүүгө жетише албайт», — дейт Шайхутдинов.

Анын айтымында акыркы жылдарда кыргызстандыктарга реформаны убада гана кылып келишет. «Президенттин сөздөрүнө карата ишеним бул жолу конкреттүү аракеттерден кийин гана пайда болот. Биринчиден, акыры реформа башталышы керек. Укук коргоо органдарынын структурасында жана ишинде маалымат ачык болушу керек. Азыркы тапта көптөгөн маалыматтар жашыруун, бул контролдун жоктугуна жана бюджеттик каражаттарды чыгымдоого байланыштуу кыянаттык менен пайдаланууларга алып келди», — дейт Т. Шайхутдинов.

Ал Акаев доорунан бери келаткан саясый жетекчиликтер менен соттордун ортосундагы жашыруун макулдашууларды биротоло жокко чыгаруу керектигин айтат. Болбосо сот жана прокуратура мыйзам бузуулардын булагы болуп калды дейт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: