Териге кам көрөбүз

30.04.2016 | Ден-соолук

Бет териси

Кыштын суугунан куудурап бозоргон бети-колдун терисин калыбына келтирүү үчүн глицерин менен Е витаминин колдонуу жакшы натыйжасын берет. Токоферол (Е витамини) витаминдердин ичиндеги эң күчтүү антиоксидант (картаюунун алдын алат) катары териге ден соолук тартуулап, жаштын өтүшү менен пайда болуучу бырыштардын бетин алат. Бул зат клеткалардын кычкылдануу процессин жайлатып, азыктанууну жакшыртат, ультрафиолет нурлардын таасиринен коргойт. Е витамини косметикалык каражаттарды жасоодо эң негизги зат болуп эсептелет. Ал төмөнкүдөй касиеттерге ээ:

  • Организмдин калыбына келишин тездетет.
  • Картаюунун келишин кечеңдетет.
  • Эстрогендин (гормон) бөлүнүп чыгышын шарттайт.
  • Шишикти жоготот.
  • Беттеги безеткилерди дарылайт.
  • Беттеги сепкилди, кара тактарды, майда тырыктарды жок кылат.

Е витаминин ичсе да болот. Ал капсула түрүндө аптекаларда эркин сатылат. Суткалык өлчөмү – 15 мг. Глицерин менен Е витаминин териге сүйкөсө жакшы таасирин берет. Бул үчүн экөөнү бирдей өлчөмдө аралаштырып уктаар алдында бетке сыйпайт. Аралашма териге бат сиңет жана жыйынтыгы бат эле көзгө көрүнөт. Майда бырыштар жоголуп, тери абдан жылмакай, тегиз жана жумшак болуп калат.

Суюк түрдөгү глицериндин бар баалуу касиети – ал нымды жакшы кармайт. Бул зат бардык дарыканаларда сатылат. Глицеринди бетмайга, бетке коюлуучу маска жана башка косметикалык каражаттарга кошуп пайдаланууга болот.

Абалы анча жакшы эмес тери үчүн глицеринди таза түрүндө колдонсо да жакшы таасирин берет. Глицерин менен бетти сүртүп туруудан беттеги клеткалардын кан айлануусу жакшырып, теринин нымдуулугу жакшырат.

Глицерин кошулган маска бардык типтеги тери үчүн бирдей жакшы натыйжасын берет. Бардык типтеги териге арналган каражатты жасаш үчүн глицерин менен таза балды бирдей өлчөмдө алабыз. Мындай каражат абдан суюк болот. Аны коюулатуу үчүн сулу унун кошобуз. Тери кургак болсо, бир нече тамчы эфир тамчысын кошуп коөт. Майлуу тери үчүн бадыраң ширесинен кошобуз. Сезимтал тери өзгөчө камкордукту талап кылат. Мындай териге глицеринге жумуртканын сарысын жана цитрус өсүмдүктөрүнүн майы кошулган маска жасаш керек.

Жогорудагы масканы беттин гана эмес, кол териси үчүн да колдонууга болот. Андан тышкары глицерин менен Е витаминин колго сыйпаган бетмайга кошуп пайдалансаңыз, кол териси жумшак жана назик болот.

Аида Мусаева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: