Теңирден билим алгандар… Эстебес

12.03.2016 | Маданият

Эстебес Турсуналиев

Өмүрдөн өтөрүнө бир жылдай калганда машинада баратып:

-Эстеке, кээде сизди ырым менен тамашалай калып жүрчү элем, катуураак кетсем кечирип коюңуз?-десем, кадимкидей жаркылдап, Таластын тасмалындай жайылып, ак көрпө жайыл боло түштү эле. Кайран гана талант! Эстебес, эмне деген үн эле?

* * *

Таалай берген, бак берген, талантыңа бап келген, так анделек кезиңде, тагдыры бийик Алымкул Таластан таап апкелген, канат берген, кат берген, калк сыйлап өтөөр бак берген, каргадай бала кезиңде, кадыры бийик Алымкул Кайыңдыдан апкелген, кыргыздын кымбат булбулу, кыярбас ырдын дулдулу, кир жатпас тоодо кары бар, кири жок аткан таңы бар, кирпикте күлкү-шаңы бар, кирдетпей эми, Эстеке, ким айтат сөзүң балы бар?

* * *

Эстеке, ар айылда сөз болгон, ашты көрсө аптыккан, алкынма ырчы көп болгон, журт ичинде сөз болгон, жумурун ашка жылыткан, жулкунма ырчы көп болгон. Балким ошондон чыгаар, Арстанбек өзүнө учурашканы келген Жеңижокко:

-О, балам? Ырдагың келсе ырчы бол, ыр кунун билген сынчы бол, сөз менен сөөктө калчу бол, сөксөөлсүз жерге тамчы бол, зөөкүрдү чабаар камчы бол, канкорлорго касап бол, калк көзүн сатып чардаган кан-бектерге азап бол, калп айткан жанга мазак бол, карөзгөй болбой калыс бол, кайырдил чоңдон алыс бол, таразанын ташы бол, таланттуунун башы бол, акыйкаттын агы бол, акындардын ары бол,-деген турбайбы.

* * *

Кийин Жеңижок да өмүрдөн өтүп баратып, кыргыздагы мен деген ырчыларды көз торунан элеп олтуруп:

-Мамаярда бир ырчы, мааниси жок бул ырчы, аарчыган пияз беттенген, өгүздөн жоон көөдөсү, өзгөчө чоң келдеси, кышын-жайын түшүрбөйт, казанбактай селдеси, ургаачы аюу кептенген, буура киндик Калбото, бу да айталбайт ырымды!

 

* * *

Казыктан жоон салаасы, кай пенденин баласы, көзү-башы көнөктөй, көк жөтөл болгон дөбөттөй, Кара Жолдош дейт экен, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Жерге-Талды жердеген, жамбашы нымшып тердеген, сийгек бала кептенген, сийдиги чыккан чепкенден, Мүзүралы акын дейт, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Ак-Сууда бар бир ырчы, Нурмолдонун жээни, оңду-солду кыдырып, мунун оңолбоду дээри, сөөлөт күтөт чалкалап, сөзүндө бар кээри, Султанакун дейт экен, а да айталбайт ырымды!

* * *

Сасык-Сайда Орозмат, көтүндө тери шымы бар, дурустап жакшы кийинбейт, думана болгон түрү бар, өкүрөндөп жөнөгөн, өңгүл-дөңгүл ыры бар, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Жаткан иттей кашы бар, жан казандай башы бар, абалына карабай, аш тандап ичер назы бар, элдир-селдир ыры бар, эрдинде толо чыры бар, Байсалы акын дейт экен, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Анжиянда бир ырчы, атын минип, камчы алып, аш-той десе дүрбөгөн, ар жыйынга барганда айтышмайын жүрбөгөн, чалды-куйду сүйлөгөн, чалынарын билбеген, башаламан сүйлөгөн, байланарын билбеген, Курман ырчы дейт экен, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Үч-Теректе жаш ырчы, үч-төрт ырга маш ырчы, ыштаны жок чоңойгон, ылжыраган таз ырчы, жетим болуп куураган, жер бетинде айбанат, бирин калбай туураган, бу да айталбайт ырымды!

* * *

Кымшакка үч жыл кыштаган, катуу котур кыстаган, ал котурдун айынан, өлүп кала тыштаган, өңгү-дөңгү сүйлөгөн, там салам деп жазында, устундарын сүйрөгөн, Нурмолдо менен айтышып, Аксыга салган дүрбөлөң, Ажыбек ырчы дейт экен, а да айталбайт ырымды!

* * *

Жаңыбайым-жомокчу, Эшмамбетим зор ырчы, булар жанымда көпкө болгон жок, Жолой деген жол ырчы, көңүлүмө толгон жок, Көр Жолдош, Калык жаңы ырчы, Барпы болсо бала ырчы, бир тогузу биригип, билалбайт булар сырымды, булар айталышпайт ырымды!

* * *

Толгонуп колу байланган, топтон Шыбыр айдалган, аркага колу байланган, алыска Шыбыр айдалган, түрмөдө жатып кутулган, соолуда мойну жыртылган, кармалып барып жер көргөн, кайтып келип эл көргөн, жер тамда жатып ачынган, көзүнөн жашы чачылган, о десем доошу козголгон, о дүйнөлүк дос болгон, бир билсе Токтогул билет сырымды, көп болбосо азыраак, Токо, айта жүр менен ырымды!-деп арман кылып кеткен экен!

* * *

Анысыгандай, касиеттүү Таластын салкынынан бүткөндөй, картайбас Кароол-Чокунун жаркынынан бүткөндөй, жамакчымын дегендер жабылып мында келсе да жалгыз өзү түткөндөй, Манастагы Жайсаңдын алкымынан түшкөндөй, жалаяк ооз жайдары, жамак ырдын балбаны, төгөрөк бет жайдары, төгүүчү ырдын балбаны, жаркылдап турчу маңдайы, жакшылык болчу жан-жагы, сыйкырлуу болчу таңдайы, сый-урмат болчу жан жагы, тегирмен таштай сүрү бар, тегеренген Күнү бар, Теңирден келген үнү бар, сабалап ырдап турганда, сахна жипсиз байланган, сагынып эли таң калган, кудурет жипсиз байланган, кулпунуп ырдап турганда, кубанып эли таң калган, аргинал болчу кол учу, аргендей болчу добушу, айрыкча болчу комузу, бармакта болчу желпиши, башкача болчу чертиши, барганы гүрү-гүү эле, бармагы сайын күү эле, тыңганы гүрү-гүү эле, тырмагы сайын күү эле, тилегинен май тамган, тизмектеп ырдап отурса, тили укмуш эле бал тамган, эл көөнүн ырдап кештелеп, элине берген эсте деп, энциклоп эле Эстебес, калк көөнүн ырдап кештелеп, калкына берген эсте деп, капитал эле Эстебес, маңдайы толо жадырап, маараке тойдон кайтчу эле, майнеке кылып далайды, Манасты шумдук айтчу эле, кара сөздү, ырды да карасы жок айтчу эле, арасында “аний” дээр, аласы жок айтчу эле, жалаң шырдак, туш кийиз, паласы жок айтчу эле, алты саат бою бир жерден жылгыз кылып айтчу эле, асман тургай жерди да жылдыз кылып айтчу эле, мурду кызыл, көзү көк, орусту да Эстекең кыргыз кылып айтчу эле, атаңдын көрү шум дүйнө, бир келип бизге туш болуп, бир кетти учкан куш болуп, кыргызда өчпөс үн болуп, кырдан ооп кетти Эстекең, кылкылдап баткан Күн болуп!..

* * *

Төкмөнүн барбы илими, төрт класс дешчү билими, китепти окуп алгандар, кишиден билим алгандар, кичире берип аларың, кишенге салып көөдөнүн, китептен чыкпай калгандар, акындын барбы илими, аз класс дешчү билими, арипти окуп алгандар, адамдан билим алгандар, азая берип аларың, адаттан, салттан айрылып, “ат кагаз” болуп калгандар…

* * *

Кубалап жетпес өнөрдүн кудурет-күчү билинди, кунда жок акын Калыгул, Арстанбек, Барпы баарысы, куш тамга жазган жерде эмес, Кудайдан алган билимди, тебелеп жетпес өнөрдүн тең селбес-теги билинди, теңи жок акын Жеңижок, Осмонкул, Калык, Эстебес, булар тетрадь жазган жерде эмес, Теңирден алган билимди, андыктан, Эстекең оңой жан эмес, термелген аалам дилинде, телегей тегиз тилинде, Теңирден алган билимге, тең келчү күч жок илимде, куюлуп аалам тилинде, кудурет турат дилинде, куш болчу күч жок илимде, Кудайдан алган билимге!

* * *

Кутмандуу акын, кооз акын, курсагы бир аз “бооз” акын, кардыгып жашып алчу эле “Карагул ботом” доош акын, “Ак Саткын менен Кулмурза” армандуу эле жомогу, “Ак шоокум” менен “Жылкычы”, “Нарындан жазган саламдын” аттиң ай орду толобу, толсо да андай болобу, ырыстуу кыргыз бүт сыйлап, түшүнгөн жери калбаган, ыр менен жүгүн Ашыкең түшүргөн жери калбаган, насвайын өлкөдө түкүргөн жери калбаган, Ашыралы Айтаалы, ал билчү сенин сырыңды, албырттап турган сыныңды, алп акын, бирок ал дагы, айталмак эмес ырыңды!

* * *

Мелжечү сөздүн кырчынын, мергени болчу ырчынын, таап айтчу сөздүн кырчынын, таамайы болчу ырчынын, унчукпай турсаң күлдүрчү, Уркашты мурда сүйдүрчү, убайын көрөр кезинде, урматын өзү бүлдүрчү, Корголдун алып батасын, кор кылбай өттү атасын, чоюлган жерде оңко акын, чогулган жерде чоңко акын. Абдынын уулу Тууганбай, ал дагы билчү сырыңды, ак жаандап айтма ыгыңды, армандуу дүйнө, а бирок, айталмак эмес ырыңды!

* * *

Кабаттап ырды жазсам да, кагазга калап катсам да, калкыма абдан жаксам да, уктабай ырды жазсам да, уйкашты уучтап бассам да, урматтуу кыргыз элимден урмат-сый көрүп жатсам да, каалаган кезде силердей, калкылдап көктө учпаймын, калемим окшош болсо да, канатын кырккан куштаймын, толкуган кезде силердей, торгойдой көктө учпаймын, топубуз окшош болсо да, тордогу булбул куштаймын, Эстеке, балким билермин, акындык аруу сырыңды, айталбайм, бирок мен дагы, ак жорго сенин ырыңды!

 

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: