Темир Сариев олуттуу саясатчыбы же шоуменби?

16.08.2017 | Саясат

1031600453«Карагылачы, мен кандай түптүз басып баратам» деп пиар жасоосу гана калган (андан башкасын жасап койду да) экс-өкмөт башчы, учурдагы президенттикке талапкер Темир Сариев такталбаган маалыматтарды деле өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бөлүшүп, өзүнчө эле күйпөлөктөп жүрү.

Тактап айтсак, буга чейин БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева БШКнын Баткен облусу боюнча атайын өкүлү Замира Жороева тойлордун биринде кайсы бир саясый партия жана ошол партиядан президенттикке талапкер үчүн тост көтөрүүнү сунуштаганы үчүн кызматтан алынды деп билдирген. Бул маалымат тактала электе эле Темир Аргенбаевич өтө шашылыш түрдө өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялап жиберген болчу.

Бирок, көп өтпөй эле Замира Жороева бул маалыматтын жалгандыгын жана кайсы бир тойго катышканын да четке кагып билдирип чыкты. Андан сырткары БШК Замира Жороеванын кызматтан кетиши кайсы бир тойдогу тостко эч кандай тиешеси жоктугун расмий билдирди. Ал бул маалымат пайда болгонго чейин эле өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бүгүнкү күндө ал БШКнын тренери болуп саналат жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат.

Демек, Темир мырзанын бул шашылыш аракети эптеп эле БШКнын иш-аракетине сын айтып, элдин көңүлүн өзүнө буруу “шоусу” болгону билинди. Бир мамлекеттин башчысы болом деген адам да ушундай жеңил кадамдарга барабы? 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: