Темир Сариев “асанкайгыбы” же президенттикке коомдук телеканалды оңдош үчүн гана бара жатабы?

12.09.2017 | Саясат

1502285334908058

Маалымат булактарынын бирине Темир Сариевдин шайлоо штабынан акчасы төлөнгөн маалымат чыгыптыр. Анда Темир мырза “Коомдук телеканалдар президенттикке талапкерлер тууралуу обьективдүү маалымат бербей жатат, алар шайлоону коммерцияга айлантып алышты. Ал телеканалдардын эфиринен бир талапкер таптакыр түшпөсө, бирөөсү таптакыр жоктой болуп көрүнбөйт” деп кейип-кепчийт.

Кандай гана шайлоо болбосун, анда баардык эле ММК талапкерлерди коомерциялык багытта гана чыгарары белгилүү. Эгерде бекер чыгарса, анда шайлоо мыйзамына ылайык жооп берип калат. Муну Темир Аргенбаевич өзү деле жакшы билет болушу керек. Андыктан мени эфирден көрсөтпөй атат деп кейий бербестен, акчасын төлөп каалаганча эфирге чыга берсе болот. Же ал акчасын төлөсө да чыгарбай атышыптырбы? Эгерде ошондой болсо, анда сотко кайрылып, укугун коргосо болот. Анан акчасын төлөбөй туруп эле “Мени чыгарбай атышат” деп наалый берүү да президент  болуу амбициясы бар адамдын айта турган сөзүбү? Жадакалса ушул сөзүн айтыш үчүн да ал интернет-сайттардын бирине акча төлөп атканын кыязы унутуп калса керек. Шайлоодо үгүт материалдарынын баары акчага чыгарылат, муну билбесе билип алганы оң.

“Биз жеңишке жеткенде бул кырдаалды радикалдуу өзгөртөбүз!” дептир ошол рекламалык маалыматынын аягында. Демек, ал президенттик шайлоого коомдук телеканалдардагы кырдаалды өзгөртүү үчүн гана бара жаткан болуп калабы?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: