Теледебат: Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановду кантип ордуна койду?

09.10.2017 | Саясат

2017-10-04_21-56-12_997350

2017-жылдын 4-октябрында теледебатка катышкан президенттикке талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов экономика, коопсуздук, коррупцияга каршы күрөш, административдик ресурсту пайдалануу, добуштарды сатып алуу сыяктуу темалардын айланасында кыйла кызыл чеке болушту.

Өлкөбүздүн башкы кызматына талапкерлердин бири Ө.Бабанов теледебаттын экинчи турунда С.Жээнбеков премьер-министр кезинде жетектеген өкмөттү жөөлөдү.

            Экономиканын аксашы, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай калышы, коррупция менен күрөшүүгө каалоонун жоктугу, административдик ресурсту пайдалануу, добуштарды сатып алуу боюнча бир катар негизсиз сын-пикирлерин айтты. Жээнбеков Ө.Бабановдун жалган дооматтарына кайраттуу жооптордукайтарып, атаандашын ордуна коюп жатты.

             Кыргызстанда экономиканын өсүүсү өкмөттү премьер-министр Ө.Бабанов башкарып турганда токтогон. Ал эми экономиканын, экспорттун өсүшү жана өнөр жайдагы, айыл чарбасындагы бардык көрсөткүчтөр өкмөттү С.Жээнбеков жетектеп турганда жогорулады.

            “Коопсуз шаар” долбоору Ө.Бабанов премьерлик кылып турган учурда иштелип чыккан, бирок, наркы 85 миллион долларга бааланып, кымбаттыгы үчүн ишке ашпай калган. Мындай долбоорлор орточо 25-30 миллион доллар эле турат экен. Ушундай талаштардан улам соттук териштирүүлөргө чейин жетип акыры ташталган. Ө.Бабанов премьер-министр болуп турган кезинде ушул долбоорду ишке ашырмакчымын деп Россиянын жогорку кызматтагы чиновниктери менен криминалдык авторитеттерине 24 даана «GLOK» тапанчаларын тартуу кылган.

Сооронбай Жээнбеков атаандашы мурас калтырган чырга 2017-жылдын 27-августунда биротоло чекит койдурганын жана “Коопсуз шаар” долбоору кайра башынан башталарын билдирди.

             Өмүрбек Бабанов эмне үчүн цемент заводду өз мекенине эмес, Пенза шаарында курдуң деген соболго К.Бакиевдин тушунда завод, фабрика курууга мүмкүн эмес эле, аны С.Жээнбеков да жакшы билет деп жооп кайтарды.

Сооронбай Жээнбеков дал ушул Бабановдун өзү Бакиевдин тушунда өкмөттө 1-вице-премьер-министр болуп иштеп тургандыгын жана Максим Бакиев менен бирге бизнес кылышканын эсине салды.

            Теледебатта Бабановдун “мен 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы окуяларда Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөм” дегени кыргызстандык телекөрүүчүлөрдүн жана дебаттын катышуучуларынын оозун ачырды. Анткени, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры чечилип жаткан 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын учурунда К.Бакиев бийлигинин таламдашы, жогорку даражалуу чиновник Ө.Бабанов Кыргызстандан тышкары чет өлкөлөрдө качып жүргөн, анын көлөкөсүн эч ким көргөн эмес.

            Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Сооронбай Жээнбековду мынчалык деңгээлде чечкиндүү жана бийик максатка умтулган адам деп ойлошпосо керек. Теледебаттан кийин көрүүчүлөр, негизинен шайлоочулар коррупционерлерге каршы күрөштө Жээнбековдун даректүү позициясы бардыгына ынанып калышты. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстандын кызыкчылыгын эстен чыгарып, жалаң гана жеке өзү үчүн иштеген 35 олигарх бар экендигин ачык айтты жана президенттик кызматтын башкы талапкерине 25 суроом бар деди. “Ал үчүн бир күндѳ эмес, айлап, жылдап жооп берерин” Бабановдун эсине салды.

            Сооронбай Жээнбековдун өктөм жана чечкиндүү сөздөрүнөн кийин Бабановдун көзүндө чочулоо, кыймыл аракетинде алдастоо пайда болгону байкалды.

Сыягы Ө.Бабанов өзүнүн башкы атаандашы С.Жээнбековдон мындай олуттуу жана орундуу жоопторду күтпөсө керек. Ал эми айрым эксперттер менен саясат таануучулар Жээнбеков орой, одоно, айрым учурларда айылдык карапайым тил менен капааттап жатты деп сынга алышууда. Алардын олигархты коргоп жатышканы айтпасак да түшүнүктүү. Бизге Сооронбай Жээнбековдой элди ойлогон таза, мамлекетчил инсан, Кыргызстандын кызыкчылыгын баарынан жогору койгон президент керек!

           

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: