Текебаевдин митинги: ысык тамак жана 500 сом же казаны менен төгүлгөн кадыр-барк

03.03.2017 | Коом

26-февралдын таңында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынып, аны Биринчи май райондук соту 2 айга тергөө абагына жапканы белгилүү.

Ата Мекен партиясынын митинги

Буга себеп Текебаевдин үстүнөн россиялык ишкерлер арызданып, алар 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин “Мегаком” компаниясынын акцияларын сатып алуу үчүн ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн таасирдүү мүчөсү Өмүрбек Текебаевге берген 1 млн. долларын ала албай жүрүшкөнүн билдирген арызы болду. Ошентип “Ата Мекен” лидерине “коррупция” жана “алдамчылык” беренеси боюнча оор айып тагылды.

Буга чейин Өмүрбек Чиркешович камакка алынарын билип, “мени камаса эл көтөрүлүп, бийликти алып түшөт, мен кайра улуттук баатыр болуп чыгам” дегендей күпүлдөгөн. Бирок, кыргыз эли Текебаев күткөндөй аны колдогон жок. Тескерисинче Чиркешовичтин калкты иренжитип алганы камалгандан кийин даана байкалды. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, Текебаевдин жакындары 10 миңдеген адамдар катышкан митингди убадалап, ыңкылап жасап жибере тургансып көкүрөк койгулаган. Иш жүзүндө алар акча таратып жүрүп Текебаевди колдоо митингине 500дүн тегерегиндеги адамды араң чогултту.

Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтарга караганда “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги Агрардык университеттин студенттерин митингге үндөп 500 сомдон тарата баштаган экен. Саясаттан кабары бар, кимдин ким экенин билип калган студенттер мындай сунуштан баш тартыптыр. Аягында болбой калганда Ош базаына барып, ал жактан жумуш издеп жүргөндөргө 2 миң сомдон берип аянтка алып келиптир. Кээ бир митингдин катышуучулары убада кылган түшкү тамактын кечке маал берилгенине нааразы да болгон экен. Мындай жаштардын оозун пул менен жаап араң кутулуптур.

Кыргызстандын элин азыр “мал” ойлогондор терең жаңылат. Күпүлдөп кооз сүйлөп, көшөгө артында арам иштерди жасаган саясатчылар менен сөзү менен аткарган иши дал келген саясатчыларды эл ажыратып калды. Текебаевдин кыргызга кандай “кызмат” кылганын деле баары билет. Ошол үчүн да аны колдобой, акча берсе да митингден баш тартып жаткандыр. Эмнеси болсо да мекенибизде тынчтык болсунчу! 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: