Текебаевдин адвокаттары аны президенттикке аттантуу үчүн эмес, ак экенин аныктоо үчүн иштешпейби?

28.07.2017 | Саясат

Кызык эле абал өкүм сүрүүдө. Ири суммадагы коррупцияга шектелген «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары учурда анын күнөөсүз экенин сотто далилдөөнүн ордуна БШК имаратынын ичинде «атамекенчи» депутат жана дагы башка тарапташтары менен биргеликте ызы-чуу салып жүрүшөт. 25-июлда болуп өткөн сот процессинде болсо, Өмүрбек Текебаев өзү «Мен потенциалдуу талапкермин, башкаларга атаандаш боло алам» деп да көкүрөк койгулап алды.

Канатбек Азиз

Бирок, Текебаевдин өзү жөнүндө ою бийик болгону менен анын калк арасындагы кадыр-баркы эбак эле төмөнкү көрсөткүчкө түшүп калганы белгилүү. Себеби, акыркы 6-7 жылдын ичинде эле «Ата-Мекен» партиясынын жана анын лидеринин айлана тегерегинде бир топ чуулу фактылар калкып чыга баштады. Адегенде Текебаев жана анын партиялаштарынын мародерчулугу боюнча ММК булактары өтө көп жазды. Були ш 80% иликтенип бүтүп калганында токтотулуп калганын экс-ИИМ министри Зарылбек Рысалиев да билдирген.

Ошентип мародерчулук темасы жабыла электе эле Текебаевдин россиялык ишкерден «Мегаком» компаниясын алып берүү убадасы менен 1 миллион доллар акча алганы ачыкка чыкты.  Окуяны кыскача баяндасак, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин элибиз кайгы-муңга батып турса, Ө. Текебаев «Мегакомду» россиялык ишкерге алып берүү менен финансылык абалын чыңдап алууну көздөп жүргөн экен. Ал бул максатын жүзөгө ашыруу үчүн өзүнө Талант Маматкеримовду (А. Шыкмаматовдун тууганы) жана Д. Чотоновду өзүнө тарткан. Т. Маматкеримов аркылуу Алексей Модин табылып, ал аркылуу россиялык бизнесмен Леонид Маевский табылат. Анан Л. Маевский Текебаев менен сүйлөшүү үчүн Бишкекке эки жолу учуп келет. Текебаев өзү бир жолу Москвага учуп барат. Натыйжада Текебаев сураган 1 миллион долларды Маевский эки транш менен берет. Бул тууралуу сотто да көрсөтмө берген.

«Чотонов менен акча тууралуу сүйлөшкөнбүз. Кийин мен Москвага кеттим. Бишкекке бир, эки күн гана түнөп калчумун. Мен Москвага кайтып барып чечим кабыл алдым. «Мегакомдун» жетекчилик кызматын алмакчы болгонбуз, ал кызматка мен Модинди коймокчу болгом. Себеби ал Кыргыз мамлекетин жакшы билчү, ага ишенчүмүн. Чотонов мага чалып шаштыра берди. 300 миӊ долларды Модин Текебаев менен Чотоновго берген. Текебаев менен Чотонов акчаны алганын мага ырасташкан. Кийин Текебаев Москвага барган. Мен Текебаев менен кеӊсемде жолугушуп жалгыз сүйлөшкөнбүз. Сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, эки жуманын ичинде компанияда үлүшкө ээ болууну пландаганбыз. Текебаев 700 миң долларды бербесең жумушту бүтүрбөйм деп туруп алган. Акчаны берип жибергем. Кийин Текебаевге чалсам акчаны алдык, баары жайында деп айткан», — дейт ал.

Андан соң Текебаев убаданы аткарбай койгону тууралуу мындай деген:»Текебаев убаданы аткарам деп көпкө создуктурду. Мен чалган учурда «бизде азыр саясий күрөш жүрүп жатат, күтө тур биз бир жыл эмес көп жыл иштешебиз» деп туруп алды. Макул болгом. Кийин Бишкекке учуп келип жолугуштук. Телефондорду коңшу бөлмөгө таштап, катуу сүйлөштүк. Убаданы аткарышы керек эле, аткарбай коюшкан».

Алексей Модин да ушул сыяктуу эле көрсөтмөнү берди. Текебаев адегенде Маевскийди такыр тааныбайм деп атып, акыры аны менен эки жолу жолукканын ырастады. «Супарага» барышканын да айтты. Бирок, күнөөнү мойнуна алгысы келбей туру.

Анын ордуна алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышып, президенттикке талапкердин кол тийбестик макамын пайдаланып калууну көздөөдө. Бүгүнкү күндө ири суммадагы коррупцияга шектелип соттолуучу болуп отурган Текебаев БШКга президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арызын жазгандан кийин эле мындай өнөкөт башталды. Тактап айтсак, дагы башка сот жообуна тартылгандар, сот жообуна тартылып аткандар да президенттикке талапкерлигин кое башташты.

Текебаевдин адвокаттары «Текебаевдин иши боюнча азыр соттун чечими чыга элек. Андыктан ал шайлоого талапкер катары катышууга толук укуктуу» дешүүдө. Бирок, бул ой жаңылыштык экенин юристтер да айтууда. Маселен, юридика илимдеринин доктору Канатбек Камытов: «Бул саясатчылардын тарапташтары, эгер саясатчы-талапкер соттолбогон болсо шайлоого катышууга укугу бар деп коомчулукту ишендиришүүдө. Бирок бул маселе жөнөкөй эмес жана талапкер катары жылдырылып жаткан соттолуучунун жактоочулары жаңылышат же коомчулукту адаштырып жатышат. Бул жерде түшүндүрүүчү жагдай, шайлоо мыйзамдары экиге бөлүнөт, активдүү- шайлоого укугу бар жана пассивдүү- шайланууга укуктуу болуп. Эгер “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга карай турган болсок, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандар, соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү бар адамдар шайлоого, шайланууга укуксуз. Бул активдүү жана пассивдүү шайлоо укугу кийинки жактарда толугу менен жок болушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт, алар: шектелүүчү, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон жана эркинен ажыратылгандар кармалуучу жайда кармалып тургандар. Андыктан соттолуучулар жана соттолгондор шайлоого жана шайланууга укуксуз. Тактап айтканда, соттолуучу Өмүрбек Текебаев же Садыр Жапаров шайлоого президенттикке талапкер катары катыша албайт, анткени алар азыркы учурда соттолуучу болуп эсептелет», — деген пикирин маалымат булактарынын бирине билдирген.

Ал эми саясат таануучу Марат Казакпаев болсо «Текебаев жоопкерчиликтен качуу үчүн ушундай тактиканы колдонууда» деген пикирде. «Текебаевдин шайлоого катышуусуна мыйзам жол бербейт. Эгер соту аяктап акталса, анда башка кеп. БШК деле алды-артын ойлоп, аны каттабаса керек. Кокус БШК каттоодон өткөрсө өздөрүнө эле баш оору болот. Мыйзам жол берет деп баары эле сөз жүзүндө айта берет», — дейт ал.

Айтор, Текебаев жана анын адвокаттары учурда президенттик шайлоого катышуу тууралуу эмес, сотто кантип, кандай далилдер менен акталсак болот деген маселе менен баштарын оорутканы туура болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: