Текебаевди «алкымдан илингендер» колдойбу?

06.03.2017 | Саясат

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынганы белгилүү. Эки суткадан кийин анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап, эки айга чейин камакта отуруу чечимин чыгарды.

Өмүрбек Текебаев

Текебаев камалган күндөн тартып эле анын тарапташтары адегенде УКМК имаратынын алдына, андан соң Ала-Тоо аянтына барып митинг өткөрүштү. Митингге катышкандарга ысык тамак, ысык чайы менен берилди. Андан сырткары жумуш издеп Лев Толстой көчөсүндө турган жеринен алынып келингендерге 1000 сомдон берилгени айтылууда. Ал эми үн күчөтмөнү колуна кармап алып, “Текебаев бошотулсун!” деп кыйкырып, элди “патриоттуулукка” үндөп жаткандарга 5000 сомдон берилиптир. Албетте, 200-300 кишиден турган митингди уюштуруу үчүн деле оңбогондой акча каражаты кетерин мурдатан эле билип калганбыз. Андыктан Текебаевди коргоо үчүн уюштурулган митингге болжол менен канча акча кетип жатканын ар бир карапайым адам санай алат.

Мындан сырткары ал митингге Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Алмамбет Шыкмаматов өңдүүлөр катышып, “саясый куугунтук болуп жатат” деп “күйүп-бышып” сүйлөп турушту. Мына ушундан улам суроо туулат – деги Текебаевди кимдер коргоп жатат? Ошол жан-алы калбай бийликти шыбап, Текебаевди коргоп жаткандар өздөрү таза саясатчыларбы? Деги ушулар тазалык, акыйкаттык жана адилеттик тууралуу сүйлөөгө моралдык укуктары барбы? Эч тартынбай адилеттүүлүк тууралуу сүйлөп отурушса, ооздору кантип кыйшайбай калып жатты экен деп кетесиң да…

 

«Менчиктештирүүнүн атасы»  Жээнбеков

Өткөн 5-чакырылышта «Ата Мекен» партиясы аркылуу парламентке келип, көп узабай анын лидери Ө. Текебаев менен пикири келишпей эркин депутат болуп кеткен Равшан Жээнбеков да учурда Текебаевди коргоп сүйлөөдө. Албетте, анын позициясы Текебаевдин позициясы менен кайнаса да кошулбайт. Бирок, бул жолу аны коргоп чыгууга аргасыз болууда. Себеби Равшан мырзанын да артында толтура былыгы бар.

Сүйлөсө оозунан мамлекет, эл үчүн күйгөндөй түр жараткан бул “берен” туңгуч качкын президент Аскар Акаевдин доорунда эң жаш коррупционер-министр катары даңкы далайга тарап, мамлекеттик мүлк фондун башкарган үч жыл аралыгында бала бакча, оорукана, мектеп, маданият үйү сыяктуу 342 обьектини текейден арзан пулдап, жеке колго өткөрүп, анын аркасында өзүнө да оңбогондой байлык топтогону маалым.

Бир гана фактыга кеңири токтололу, тактап айтканда “Асыл-Таш” пансионатына кандайча ээлик кылып калганынан сөз кылалы. Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Асыл-Таш» пансионаты 2003-жылы «Асыл-Тур» ЖЧКсы болуп кайрадан түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Равшан Жээнбековдун ишенимдүү адамдары —  У. Жусупов (30% үлүш), К. Оморов (40% үлүш) жана Равшан Жээнбековдун апасы С. Жайлообаева (30% үлүш) болуп катталышкан. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда алар мамлекеттик «Асыл-Таш» пансионатын ит бекер баада менчигине басышкан.

Ошондон кийин көп өтпөй эле «Асыл-Тур» ЖЧКсы аталган пансионаттын экинчи кабатын «Манас» эл аралык пансионаты» ААКсына 10,3 млн сомго саткан. Ал 2-кабаттын баасы менчиктештирилип жаткан маалда болгону 831 миң сомго бааланган. Андан сырткары ошол эле ««Манас» эл аралык пансионаты» ААКсына пансионаттын 1 гектар жер тилкесин 2,6 млн сомго сатышкан. Ал жер тилкеси менчиктештирилип жатканда болгону 82,5 миң сомго бааланган. Башкача айтканда Равшан Жээнбеков өзүнүн ишенимдүү адамдары жана апасына «Асыл-Таш» пансионатын бар болгону 12 миллион сомдун тегерегиндеги акчага менчиктештирип алып, кайра анын 2-кабатын сатуу аркылуу ошол короткон каражатын таап алган. Натыйжада калган 4 кабаты жана жер тилкелери анын менчигине бекер эле келген байлык болуп калган.

Мындан сырткары Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Эдельвейс-Тур” эс алуу зонасына кандайча ээлик кылып калганы, борбор калаабыздагы  «SOHO» кафесин кандайча тартып алганы тууралуу өзүнчө сөз кылса болот.

Р.Жээнбеков менчиктеп алган мамлекеттик жайлардын көпчүлүгүн аялы Салкын Алимбаевага, кызы Айсулууга, туугандарына, жакын досторуна жана кайын журтуна каттаткан. Мисалы, бишкектиктер сүйүп эс алган “Сейил” багын Равшан мырза өзүнө менчиктеп, кайын энеси Рахима Алимбаевага каттатып койгон. Бул ишти кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жасаган. Аталган сейил бактын учурдагы базар баасы бери дегенде 400 млн. сомду чапчыйт. Дал ушул сейил багы сөз болуп кеткенден кийин бир аз ага токтолуп кетели. 2013-жылдын 14-мартында К.Келсинбекова аттуу жаран “Сейилдин” 0,8 гектар аянтын Р.Жээнбековдун кайын энеси Рахима Алимбековадан сатып алган. Анын баасы да өтө төмөн көрсөтүлгөн.

Равшан Бабырбековичтин борбор калаадагы Ашхабад көчөсүндөгү №11 дарегиндеги “хансарайы” бери дегенде 14 млн. сомду чапчыйт. Аны балдызы Алтынай Алимбаевга каттатып койгон. Ал эми борбор калаанын чок ортосундагы №192-үйдөгү №31-батирин кайын эжеси Минаш Алимбаевага каттаткан. Анын базар баасы бери дегенде 8 млн. сомго чамалайт. Мындан сырткары Токтогул көчөсүндөгү №167-үйдөгү №1 жана №5-батирлерди жубайы Салкын Алимбаевага менчиктеп койгон. Бул батирлердин жайгашкан жерин эске алганда ар бири кеминде 6 млн. сомго бааланат. 2011-жылдын 4-январында Равшан Жээнбеков кызы Айсулууга Москва көчөсүндөгү №209-үйдүн 317-батирин 3,5 млн. сомго сатып берген. Тимирязев көчөсүндөгү №80-үйдүн 14-батирин да кызы Айсулууга каттатып койгон. Равшан мырзанын жакын досу дал ушул батирди 2011-жылы Айсулууга 5 млн. сомго жакын акчага саткан. 21 жаштагы Айсулуу мынча акчаны кайдан тапты? Албетте, атасынын арам акчасына сатып алды да.

Айтор, мындай фактыларды тизмектей берсек өтө эле узун. Кагаз бети түт келбей кетет. Буга чейинкиси деле Равшан мырзанын кандай ашынган коррупционер экенин тастыктай алат.

 

Оторбаев  Садык Шер менен жасаган кыңыр иши үчүн Текебаевди колдоодобу?

Ушул омбудсмендик кызматка деги чыныгы татыктуу жетекчи келбей койду. Кимиси шайланса деле бул кызматты бизнеске айлантып алчу болушту. Учурдагы Омбудсмен К. Оторбаев деле укугу бузулган карапайым адамдардын укугун коргобой эле жалаң террорист, кылмышкерлердин укугун коргоп басып жүрөт. Эми бул иш-аракети тууралуу өзүнчө сөз кылыш керек.

Андан көрө анын “Ата Мекен” лидери Ө. Текебаевди коргоого алып чыгып жатканына токтололу. Текебаевдин россиялык ишкерден “Мегакомдун” акцияларын алып берем деген убаданы берүү менен миллион доллар алган фактысы ачыкка чыгып жатса деле аны коргоого аргасыз болуп жатат. Эмнеге?

Көрсө, ал КТРКда жетекчи болуп жүргөндө азыркы “ата мекенчи” депутат Садык Шер менен байланыштуу коррупциялык иш-аракетти жасап жиберген тура. Бул жолу биз биздин колго тийген бир фактыны коомчулук менен бөлүшүп коёлу.

2011-жылдын декабрь айында фильмдердин дубляжы жана которуу кызматын көрсөтүү үчүн КТРК тендер жарыялаган. Тендердин жыйынтыгы боюнча негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз болгон «Айтыш» коомдук фонду жеңүүчү деп табылып, аны менен келишим түзүлгөн. Айта кетүүчү жагдай, тендерге аталган коомдук фонддон башка катышуучу болгон эмес.

Тендердин шарты боюнча милдеттүү болгон келишимди аткарууда банктык кепилдикти «Айтыш» коомдук фонду көрсөтүшү керек эле. Бирок, аталган фонд андай кепилдикти көрсөтө албаса дагы, КТРК келишим түзүлгөн күндүн эртеси эле Коомдук фонддун эсептик счётуна 13,6 млн сомду которуп берген.

Муну менен бирге КТРК «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамды одоно бузуу менен ошол эле декабрь айында фильмдерди которуу үчүн эч кандай тендери жок эле жеке жак менен дагы 4,2 млн сомго келишим түзгөн. Муну менен ал тиешелүү мыйзамды пайдалануудан качып, сатып алууларды бөлгөн. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамынын 2-беренесине ылайык сатып алган уюм сатып алууларды бөлүүгө же баасын төмөндөтүүгө укугу жок.

Мындай жол менен «Айтыш» коомдук фондунун жасаган ишине алар жасабаган эле 21 фильмдин котормосу (баасы 1,4 миллион сом) киргизилген. Чындыгында бул ишти башка жеке жактар жасаган. Мындай жол менен КТРКнын ошол учурдагы жетекчилиги «Айтыш» коомдук фондунун келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелеринин айрым бир бөлүктөрүнөн мыйзамды бузуу менен бошотуп койгон. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда бир эле жасалган жумуш үчүн жеке жактар да акча алса, «Айтыш» коомдук фонду да акча алган. Бул мыйзам бузуулар Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүндө аныкталган.

Дагы бир кызык жагдайга токтололу. Которуу ишине катышкандардын айрымдары 18 жашка да толо электер болгон. Жогорку окуу жай түгүл, мектеп партасынан өйдө көтөрүлө элек улан-кыздар кантип сапаттуу которсун? Албетте, сапат тууралуу сөз кылуунун да кажети жок. Ушунун өзү Кубат мырзанын КТРКны жетектеп турганда өз кызыкчылыгы үчүн ири суммадагы акча каражаттарын самандай сапырганын тастыктабайбы?

Айтор, бүгүнкү күндө Текебаевди коргоп чыгып жаткандардын жүзү ушундай. Бардыгы тең коррупциялык белгилер боюнча кылтакка илинип калгандар. Андыктан алар “Бүгүн мен Текебаевди колдоп чыксам, эртең ал мени колдоп чыгат да” деген позиция менен иш алып барышууда. Мындай позиция мамлекет кызыкчылыгына төп келеби?

Азамат Кангелдиев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: