Текебаевди актап көрсөтмө берип аткан УӨ мүчөлөрүнүн коркок-билиши эмнеде?

28.07.2017 | Саясат

Акыркы бир нече аптадан бери карай Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн бир катары ири суммадагы коррупцияга шектелип, сот жообуна тартылып аткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди актаган көрсөтмөлөрдү бере башташканын көрүп атабыз. Адегенде эле сот процессине УӨнүн төрайымы, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева келип, тартип сакчылары менен кер-мур айтышып, кадимки ажаан бейөкмөтчүлөрдүн образын чагылдырып кеткен.

Азимбек Бекназаров

18-июлда экс-өкмөт башчы Темир Сариев жана УӨнүн мүчөлөрү Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаевдер келип, Текебаевди колдорунан келишинче коргоп кетишти. Анын эртеси 19-июлда Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров жана Исмаил Исаковдор келишти. Алардын катарында КР президентинин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаевдин да болгонун айта кетели. Булардын баары тең Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин негедир саясый куугунтук катары сыпаттоого аракет жасашты.

Булардын арасында мурда Текебаев менен таптакыр пикири келишпегендери да бар. Бирок, учурда бийлик бутактарында жок болгондору, алардын Текебаевди колдоп чыгуусуна негиз болуп берип жаткансыйт. Себеби, чоң кызматтын даамын татып көнүп калгандар кайрадан эле ошондой чоң кызматтарга барсак дегенде эки көздөрү төрт болуп турат.

Экинчиден, баардыгынын ичтеринде катылган кандайдыр бир коркок-билиштери бар сыяктуу. Себеби, жогоруда аттары аталгандардын дээрлик көпчүлүгүнүн репутациясы бузулган, кандайдыр бир коррупциялык кыңыр иштерде аттары аталып жүрөт. Мына ушундай эле пикирди белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев маалымат булактарынын бирине билдирген. “Учурунда коррупцияга аралашкан мурдагы саясатчылардын баары бүгүнкү күнү коррупция жана алдамчылыкка айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевди колдоп жатышат. Себеби эски коррупциялашкан тутумду кайтарууну каалашууда”, — дейт ал.  

Анын айтымында бүгүнкү бийликтин учурунда эски коррупциялашкан система жоголууда. “Алар бийликте калыш үчүн бардыгы биригип Текебаевди колдоп киришти. Булардын баары коррупциялашкан. Бул Сариевдин учурунда Текебаев өзү миллион алган Балыкчы-Корумду жолу маселеси. Мында Отунбаева да бар. Нарынбаев коррупция үчүн отуруп чыккан. Башкача айтканда, бедели булгангандардын баары Текебаевди колдоп жатышат. Себеби, эски тутум бузулууда. Алар болсо, бул коррупциялык тутумду кайтарып, байлык булагын сактап калууну каалашууда”, — дейт саясат таануучу.

Чындыгында эле бул саясатчылардын бедели булганып калганын коомчулук деле жакшы билет. Бирок, саясат кызыкчылыгы, мансап кызыкчылыгы аларды үйлөрүндө тынч отургузбай атат окшойт. Ошол эле Данияр Нарынбаевдин эми минтип Текебаевди жактоочулардын катарына кошулуп алганы эле анын президент Алмазбек Атамбаевге карата жеке таарынычы, ызаасы бар экендигин далилдеп тургансыйт.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында экс-өкмөт башчы Темир Сариевдин Текебаевди колдоп аткан позициясы президенттик шайлоонун алдындагы саясый келишим болуп саналат. “Сариевге Текебаевди колдосо, ага электораттык жардам көрсөтүүнү сунуштаган болушу толук мүмкүн. Бул саясат эмеспи, ошондуктан келишим сыяктуу. Азыр президенттик жарышта Сариевдин позициясы анчалык жагымдуу эмес экени көрүнүп турат, ага электорат керек”, — дейт ал.

Ооба, Темир мырза президенттик шайлоонун алдында ансыз да акыркы жылдары кадыры кетип, электораты бир топ суюлуп калган “Ата-Мекен” партиясынын калган-каткан электоратына көзүн артып турганын жашыра албайбыз. Бул анын биринчи кызыкчылыгы.

Экинчи кызыкчылыгы – калган бардык эле башка Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүкүндөй эле. Марс Сариевдин айтымында УӨнүн жогоруда аттары аталган мүчөлөрүнүн бул позициясы өздөрүнүн жеке коопсуздуктары үчүн тынчсыздануунун белгиси. “Эгерде Текебаевдин күнөөсү далилденип, соттоло турган болсо, анын артынан башка иштер да чыга баштайт. Анткени алардын ар биринин кыңыр иши бар. Ошондуктан мындай позицияны карманып жатышат. Бул тилектештик сыяктуу. Алар кандай болсо да, кесиптеш эмеспи. Ошондой эле алар Текебаев билген маалыматтарын айтып берет деген кооптонууда болушууда. Эгерде алар  өз келечектери үчүн кабатыр болушпаса, алар обңективдүү көрсөтмө беришмек”, — дейт саясат таануучу.

Чындыгында эле булардын баары бири-бирине чырмалып, байланышып калган саясатчылар. Бири-биринин кыңыр иштерин эң сонун билишет. Андыктан Текебаевдин ишенимдүү адамдары тарабынан аларга “сот процессине келип колдогон көрсөтмө берип коюңуздар, болбосо тынч уктай албай каласыздар” деген куш кабар барган болушу толук мүмкүн.

Андыктан бир убакта чогуу чаран “жеп алышкан” мамлекеттин миллиондорун кайра чыгарбай тургандай кылып сиңирип алуу максатында баары биригип Текебаевди актап киришти. Эгерде алар Текебаевдин “куш кабарына” көңүл бурушпай коюшканда балким башкы “атамекенчи” жакынкы убакыттарда алардын да былыктарын кошо чукуп, өзү менен кошо темир тор артына алып кетүү аракетине өтмөк.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: