Текебаев жана Жапаровдун тарапташтары карапайым жарандарды өтө жадатышты

01.08.2017 | Саясат

tekebut (1)

Биринчи Май райондук сотунун имаратына коңшулаш жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун тарапташтары тарабынан жасалып аткан ар дайымкы ызы-чууга жана алар калтырып кетишкен таштандыларга даттанышууда.

Жашоочулардын айтымында ар бир дарактын түбүндө эле тамекинин бөчөктөрү, тамак-аштын калдыктары жана бош бөтөлкөлөр жайнап кетүүдө. Алардын арасында алкоголдук ичимдиктердин да бөтөлкөлөрү бар. Анысы аз келгенсип, айрым митингчилер ошол короонун ичинде эле заара ушатышууда. Ошол айланадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары өз үйлөрүнө жеке автоунаалары менен келүүсүнө да ыңгайсыз абал түзүлүүдө, себеби ал жерде соттун имаратынын алдына митингге келгендердин автоунаалары токтоп калууда.

Анан дагы кече жакындан бери Чуйков Семен атындагы үй-музейи тосмолор менен курчалды. Мындан көрүнүш биздин өлкөдөгү буга чейинки саясый жана социалдык толкундоолордо болгон эмес. Ошол эле убакта айлана-тегеректе дайыма ызы-чуу жана кыйкырыктар болуп турат, аны эске да алгың келбейт.

«Вести.кgге» кайрылышкан юристтердин айтымында ашыкча саясый жактан активдүү жарандарга дабаа бар: турак-жай үйлөрүнүн алдында ызы-чуу салып, булгаганга мыйзам тыюу салат жана бул тыюу салууларды аткарууну көзөмөлгө алуу компетенциясы бар атайын органдар да бар.tekenamit

— Милицияга кайрылса болот, Санэпиднадзорго да кайрылса болот, — дейт «Вести.кgге» юрист Алмаз Эсенгельдиев. – Бул коомдук жай болгондуктан, Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевди колдоого келгендер ал жайда боло алышат. Бирок, ошону менен бирге коомдук тартиптин алкагынан чыгууга болбойт. Катуу кыйкырыктарды милиция бейбаштык катары баалай алат, ал эми таштандылар – санитардык норманы бузуу болуп саналат.

Конституциялык укук боюнча эксперт Светлана Осауленкодо бир аз башкача пикир. Бирок, ал соттолуучулардын тарапташтарына дагы катаалыраак мамиле кылат:

— Кайсыл жерде кааласа, ошол жерде митинг уюштурууга жол берилбейт, — деп эске сала ал. – Бул адамдар каршылык билдирүү үчүн аянт бөлүп берүүнү суранып мэрияга кайрылуулары керек болчу. Уюшкандыкта, кыйкырбаган аялдар менен. Анан албетте турак жай үйлөрүнүн жанында эмес. Цивилдүү өлкөлөрдө ошондой кылат.

Ал жайдагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары соттун төрайысы Айнура Сатарованын атына митингчилерге карата чара көрүүнү суранып арыз жазышканы белгилүү болду.

Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун иштери боюнча териштирүүлөр жүрүүдө. Сот процесси боло турган күндөрү имараттын алдына оппозициялык маанайдагы жарандар чогулуп аларды актоо талабын коюп келишет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: