Домой Саясат Тазабек Икрамов: Депутат болуу үчүн акча керек

Тазабек Икрамов: Депутат болуу үчүн акча керек

640

Депутат болуу үчүн акча керек. Канча сумма эмнеге жумшаларын айта албайм, бирок мен парламентке келүү үчүн каражат сарптагам. Бул тууралуу Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү үгүт иштерине жана шайлоочулардын социалдык маселелерин чечүүдө койгон талаптарын аткаруу үчүн акча жумшаган.

«Албетте, парламентке депутат болуп келүү үчүн каражат керектелет. Ким кандай багытта акча жумшаганын билбейм, бирок мен өзүм үгүт иштерине жана эл менен жолукканда алардын кандайдыр бир социалдык маселелеринин чечилишине акча коротком. Ал каражатты өзүмдүн маңдай терим менен көп жыл бою иштеп тапкам. Эл өкүлү болгонго чейин мен Россияда бир топ жыл ишкерлик менен алектендим. Ошондо эле элге жардам берип, колумдан келген маселелерин чечип берчүмүн. Келечекте бул аракеттеримди республикалык деңгээлде ишке ашырсам деген тилегим бар эле. Мен парламентке ушул максатымды ишке ашыруу үчүн гана келгенмин деп айта алам», — деди Икрамов.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышында бир нече партиялардан сунуш түшкөнүн, бирок программасын жактырып «Өнүгүү — Прогресс» партиясын тандагандыгын, кийинчерээк партиянын багыты менен көз карашы туура келбей калгандыгын кошумчалады.

https://sputnik.kg/Radio/20190820/1045485229/Ikramov-Tazabek-deputat-boluuga-akcha-kerek.html