Таза шайлоонун камсыз болушу митингдерге чек койду, Атамбаевдин бул мурасын мындан ары улантышыбыз керек

24.10.2017 | Саясат

               163861506330167

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Бул добуш берүүгө 1 млн. 692 миң 423 жаран же жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызы катышты. Болуп өткөн шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берип, бир шайлоочуга бир добуш принциби бекем сакталды. Шайлоонун жыйынтыгы добуш берүү аяктагандан кийин бир саатка жетпеген аралыкта электрондук эсептөөлөр менен белгилүү болду. Аны менен КСДП сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбеков добуш бергендердин 54,74 пайызынын колдоосуна ээ болуп, бул шайлоодон жеңип чыкты. Ал эми “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-октябрда жалпы бюллетендердин кол менен санаган жыйынтыгын жарыялады. Ал дээрлик электрондук жыйынтыктан айырмаланган эмес. Мындай дал келүүнү, эки жолу эсептин так чыгышын эксперттер биометрикалык системанын артыкчылыгы катары баалоодо.

Чындыгында, 15-октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет эң таза, бардык шайлоочулардын укуктары бирдей сакталган, болуп көрбөгөндөй атаандаштыктагы добуш берүү өттү. Муну президенттикке талапкер болуп жеңилип калган Өмүрбек Бабанов да моюнга алып, акыркы сааттарга чейин шайлоо жыйынтыгын эч ким айта албаганын маалымдады. Эл аралык байкоочулар, добуш берүүгө көз салган жергиликтүү адистер да шайлоо акыйкат өткөнүн жарыялады.

Эми Кыргызстанда шайлоо өткөрүү боюнча жаңы доор, жаңы система толугу менен орноду деп ишенимдүү айтсак болот. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо да буга айныгыс далил. Анын үстүнө Акаев менен Бакиев доорундагыдай шайлоочулардын 80-90 пайызы катышты деген апыртма, бийликте тургандар элдин 90-100 пайызынын колдоосуна ээ болду деген жөө жомокко чек коюлду.

2005-2010-жылдагы элдик ыңкылаптар дал ушул ыплас шайлоолордон келип чыкканын элибиз билет. Муну бийлик да жон териси менен сезип турат. Ошол үчүн да президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө таза шайлоону камсыз кылууга катуу турду. Бул үчүн алыскы мамлекеттерден атайын техникаларды алдырды. Борбор Азия эле эмес КМШ, дүйнө жүзү суктанган уникалдуу шайлоо системасын орнотту. 15-октябрдагы шайлоодо айрым Европадан келген байкоочулар биздеги электрондук добуш берүүгө суктанып, аны өз өлкөсүндө колдонууга кызыкдар болуп жатканын жашырган жок. Шайлоонун таза өткөнүнүн дагы бир белгиси добуш берүүнүн эртесинде жыйынтыкка баары ынанды, ызы-чуу салып митингге чыккандар болбоду. С.Жээнбековдон эки эсе көп акча чачып, жүз миңдеген добуштарды сатып алууга миллиарддарды короткон талапкерлер да оозун жаап отуруп калды. Добуштарды альтернативдүү түрдө өз алдынча эсептейбиз дегендердин аракети тыйылды. Албетте, буга таза шайлоо себеп болду.

Ар бир мамлекеттин өнүгүшү, жарандардын укуктарынын тең сакталышы бирден-бир таза шайлоого байланыштуу экени белгилүү. Элдин добуштары уурдалбаган, карапайым калктын пикири эске алынган өлкөдө гана тынчтык, стабилдүүлүк болору белгилүү. Президент А.Атамбаевдин туруктуулукту бекем сактаганынын да сыры ушунда десек болот. Кандай болгон күндө да Атамбаев кыргыз элине таза шайлоо системасын мурас катары калтырды. Өлкө башчысынын бул эмгегине учурунда баа берилбесе да, бул эмгек Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып каларында шек жок. Эми биз Атамбаевдин бул мурасын мындан ары улантышыбыз керек.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: