Таза шайлоо үчүн добуштарды да сатып алуу токтотулушун неге талап кылышпайт?

30.09.2017 | Коом

22090190_1435783406458779_4522440113719854296_n

30-сентябрда борбор калаабыздын Ахунбаев-Алмата көчөсүнүн кесилишиндеги «24-март» скверине «Акыйкат шайлоо үчүн» деп аталган акциянын катышуучулары чогулушуп, «Администрациялык ресурс шайлоодо колдонулбасын» деген талапты коюп атышканы белгилүү болду. Биринчи бул акцияга кимдер катышып атканына көңүл буруп коелу, уюштуруучусу ЖК депутаты Жанар Акаев жана аны коштоп колдогондор Болот Шер, Нарын Айып, Эдил Байсалов, Жанар Акаев, Мавлян Аскарбеков, Ренат Самудинов жана БШКдагы Бабановдун камчысын чапкан мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева болууда.

Албетте, ким кандай талап коюп чыга турганына чек кое албайбыз. Бирок, бул иш-чарага катышып аткандарды карап көрсөк, алардын башын бириктирген бир гана максат – шайлоодо Ө. Бабановдун таламын талашуу гана болуп жатканын байкайбыз. Себеби, бардыгынын тең учурдагы бийликке таарынычы бар.

Нарын Айыптын кандай таарынычы бар экенин элдин баары билет. Ал КТРКдагы «Ала-Тоо» маалымат программасынын продюссерлик кызматынан кеткенден бери эле оппозицияга өтө качып, болгон таарынычын ушак-имиш, жалган жалааларды бийликтин үстүнөн жаба куюу менен чыгарып келатат. Ал эми Эдил Байсалов океандын ары жагындагы күчтөрдүн кызыкчылыгын коргогон «тыңчы» экенин билебиз. Убагында Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектей калып, сепаратист Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт алып берүүгө катуу аракет жасаганы факты жүзүндө ачыкка чыккан.

Мавлян Аскарбеков аттуу жаш жигит кайсыл жерде ызы-чуу болуп атса, ошол жерде дайыма пайда боло калып, ошонун арты менен оокат кылган пенде. Ренат Самудинов болсо, КСДП партиясынын катарынан чыгып калганы үчүн эле ар кайсыл саясатчылардын колтугунан жылуу орун издеп, өпкөлөп басып жүрөт. Болот Шер «ишенген кожосу» Текебаев «сууга агып» кеткенден кийин өзү бир убакта «ок жиберген» Бабановду шынаарлап калды. БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журубаевалар өздөрүнүн кызматтык этикасын сактабай, БШКнын отурумдарына катышпай эле көчөдө кыйкырып жүрүшөт. Алар ачык эле Бабановдун кызыкчылыгын коргоп жүрүшкөнү эбак эле белгилүү болгон.

Ал эми Жанар Акаев – бул акчанын кулу экенин тастыктап келатат. Ага ким дурусураак төлөп берсе болду, ошонун камчысын чабат. Жаштыгына салып, өз келечегин акчага алмаштырып жиберген көрпендеге айланды. Эгерде анын аз убакыт ичиндеги эле депутаттык ишмердүүлүгүн иликтөөгө ала турган болсок, толтура коррупциялык элементтер былгып чыгат. Бирок, Жанар үчүн азыр эптеп эле капитал топтоп алуу керек болуп жаткандай. Ал эртеңки күнү тууралуу ойлонгусу да келбейт.

Андыктан дал ушундай акчанын кулуна айланган Жанар Акаевге окшогон жаштар Бабановдун өз максатын жүзөгө ашыруусуна эң сонун курал болуп берүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга караганда бул акцияны да Бабанов толугу менен каржылаган. Жанар Акаев бардыгын уюштуруп, анан дагы «жалындуу» сүйлөп койгону үчүн 10 миң жашылбай менен чөнтөгүн толтурду дешет. Ал эми калган акциянын катышуучулары албетте анчалык көп болбосо да, чөнтөктөрү куру калган эмес.

Ошондон улам алардын оозунан чыккан сөз эле «административдик ресурс колдонулбасын» деген лозунг болууда. Ал эми таза шайлоо болушу үчүн добуштарды да сатып алуу токтотулушу керектиги тууралуу сөз жок. Себеби, өздөрү да акчага сатылып келип жатышпайбы.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: