Татыктуу кадр иштин татыктуу жүрүшүнө өбөлгө болот

16.03.2018 | Коом, Саясат

1400482.1.1503376538

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, президенттик аппараттын жетекчилик кызматына Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Бир нече күндөр бою бош турган бул кызмат ордуна акыры тажрыйбасы мол жетекчинин келгенин белгилеп коюуз керек.

50 жаштын кырындагы М. Абылгазиев эки жогорку билимдин ээси. 1994-жылы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. Ал эмгек жолун 1994-жылы «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басарлык кызматынан баштаган. Андан кийин 1995-1997-жылдары «Ажар» ЖЧКынын аткаруучу директору болуп эмгектенген. 1997-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарды аркалап, түрдүү жетекчилик кызматтарды аркалаган. КР Социалдык фондунун төрагасы, КР биринчи-вице-премьер-министри, КР президентинин кеңешчиси, КР президенттик аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарын татыктуу өтөгөн.

Эми үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан тарта КР президентинин аппарат жетекчиси болуп дайындалып отурат. Өзүнүн иш билгилиги, жетекчилик жөндөмү аркылуу буга чейин ээлеген кызмат орундарында дайыма сый-урматка ээ болуп келди. Эми жаңыдан ээлеген кызмат ордунда да татыктуу иштеп кете турганына ишеним чоң жана ийгилик гана каалайбыз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: