Талант Керимбаев: Ислам талаптары боюнча насыя берген банк кардарды көзөмөлдөйт

27.02.2017 | Маек

Талант Керимбаев

Талант мырза, алгач окурмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен банк тармагы боюнча адисмин. Билимим боюнча экономист-аудитормун.  Экономика тармагында да аздыр-көптүр ар кандай долбоорлорго катышып келебиз. Акыркы убактарда айрыкча банк тармагындагы “Ислам каржылоосу” деген чоң маселеге көңүл буруп, ушул жаатта эмгектенип жатабыз. Биздин ассоциацияга бир нече уюм кирип, чогуу иш алып барабыз.

— Эми “Ислам каржы” деген эмне экенин түшүндүрүп берсеңиз?

— Ислам каржылоо системасы дүйнө жүзүндө ийгиликтүү ишке ашып келаткан ири долбоорлордун бири. Азыр КМШ мамлекеттеринде ишке аша баштады, маселен Казакстанда, Тажикстанда да ишке кирген. Орусияда алардын мамлекеттик думасы атайын мыйзам менен кабыл алышты.  Биздин мамлекет дагы бул долбоорду кабыл алган. Максаты-биринчи кезекте банк системасында ислам каржылоо системасын жайылтуу. Бизде бул ишти Кыргызстанда биринчи болуп “ЭкоИслам” банкы колго алган. Азыр кайсы банк кааласа, бул системаны өздөрүнүн функциясына киргизип жатат. Айрыкча, Бишкек менен Ошто бул система акырындык менен жолго коюлуп келатат. Ислам талаптарына ылайык насыя алууда сүткорчулукка жол берилбейт. Мындайча, айтканда акча үстөгү жок берилет. Негизи исламда акчаны үстөгү менен берүү арам болуп эсептелет. Бул жерде Ислам талаптары боюнча сизге кайсы бир буюмду алып берет, бирок анын баасына үстөк пайыз кошпой, кызмат көрсөтүү  акысын гана алат. “ЭкоИслам” банкы ушундай системада иштеп келет. Бул банк биринчи болуп Ислам талаптары менен иштеп баштагандыктан көптөгөн кыйынчылыктарга туш келди.  Дагы тереңдетип түшүндүрөлү, башка банктар насыя бергенди, кайра аны келишим боюнча төлөтүп алганды гана билет. Ал эми Ислам талаптары боюнча насыя берген банк кардарды көзөмөлдөйт. Жылдык үстөк албайт. Бирок алган насыянын пайда-зыянына түздөн-түз катышат.

Азыр Кыргызстанда 25 банк болсо, ошонун бирөөндө гана, жогоруда айткан банкта, дагы ушу тапта 2-3 банкта кызыгуу болуп жатат, ишке кирип калышы толук мүмкүн. Банктардан тышкары, биз финансылык компаниялар менен да тыгыз иштешебиз.

— Ислам каржылоонун мамлекетке пайдасы жана келечеги кандай болот?

— Кудай буюрса келечеги чоң деп ойлойм. Пайдасы биринчи кезекте элге жакшы эле тийет. Азыр дүйнө жүзүндө Ислам талаптары менен иштөө маселеси боюнча алдыда Англия турат. Ал жактан 20 Ислам банкы ачылган. АКШда 10 Ислам банкы катталса, Францияда 4 банк ачылды. Акчанын көлөмү боюнча батыш өлкөлөрү алдыда турат. Мисалы, Былтыр Ислам каржылоону айлантуунун көлөмү дүйнөдө 3 триллиондон ашты. Бул көрсөткүч жылдан-жылга көбөйүп жатат. Казакстанда Назарбаев өз демилгеси менен Астанада чоң каржылоо борборун ачып жатат.  Атайын “Жол картасын” кабыл алып, 2020-жылга  Казакстандагы болгон каржылоо системасын болбой калды дегенде 10 пайызын Ислам талаптарына өткөрүүнү Назарбаев тиешелүү тараптардын баарына милдеттендирди. Бирок бул Ислам каржылоо системасы КМШдан биринчилерден болуп бизге киргенден улам, бизде тажрыйба көбүрөөк десек болот. Биздин мамлекеттин элинин 90 пайызы мусулман да, ошол себептен бизге бул система абдан ылайык келет. Бул системаны биз дагы да кеңейтишибиз керек деп ойлойм. Дүйнө жүзүндө кризис жүрүп жатат. Көп өлкөлөр андан чыга элек. Бизде деле кризис чоң. Мына, бюджетибиздин тартыштыгы 20 млрд. сомдон ашат.

Ошон үчүн сырттан карыз алууну күчөтө бербешибиз керек. Ансыз да, карыздарыбыздын көбү Кытайга таандык. Бул жагынан алып караганда Тажикстан мамлекети Кытайга карыз маселеси боюнча абдан эле көз каранды болуп баратат. Бизде да ушундай кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Андыктан, өзүбүздүн айыл-чарбаны, өнөр-жайды, тоо-кенди казуу иштерин күчөтүшүбүз зарыл. Негизи абдан зарыл ишке карыз алса болот, бирок аны максаттуу пайдаланып, ага көзөмөлдү күчөтүшүбүз абзел.

— Банк тармагы боюнча адис катары айтсаңыз, Кыргызстан бажы союзуна киргенден бери бул тармакта кандай өзгөрүүлөр болду?

— Чоң деле өзгөрүүлөр болгон жок. Биринчи кезекте мигранттарыбыздын банк аркылуу туугандарына жиберип келген акчанын көлөмү кескин азайды. Бул биздин экономикага түздөн-түз таасири тийип жатат. Биринчи жылдары албетте оор болуп жатат. Бул жагынан көп эле банктар кыйналып жатат. Былтыр бир нече банктар өздөрүнүн жылдык жыйынтыгын кемчиликтер менен жабышты. Андыктан, натыйжалуу аракеттерди көрүү зарыл деп эсептейм.

— Банк системасында башынан эле насыяларга болгон пайыздык көрсөткүчтөр абдан чоң экени айтылып, нааразычылык күч болсо да, бул нерсе  өзгөрбөй келет. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Туура айтасыз. Бул маселе боюнча да тиешелүү иштерди аздыр-көптүр иштерди жүргүзүп, изилдеп келгенбиз. Азыр чынында пайыздык көрсөткүчтөрдүн көлөмү жогору. Мисалы, каржы компанияларындагы үстөк 36-40 пайызга чейин. Банктарда орто эсеп менен 26 пайыз. Пайыз кээ бир банктарда арзандаганы менен негизги принциптери өзгөрбөй жатат. Бул нерсе биздин жалпы экономикабыздын абалына түздөн-түз байланыштуу. Экономикабыз көтөрүлсө,  бул көрүнүш дагы өзгөрөт.

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: