Домой Саясат ТАЖИК ГЕНЕРАЛЫ АКЫЛЫНАН АДАШТЫБЫ?

ТАЖИК ГЕНЕРАЛЫ АКЫЛЫНАН АДАШТЫБЫ?

13

Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялады. Тажик генаралынын айткан сөзү  эмнеден кабар берет?

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Тажик өкмөтүнөн расмий каналдар аркылуу генералдын  сөзү тажик өкмөттүн расмий позициябы деп сурашыбыз керек”

-Тажик генералынын сөзү бул чагымчылдыктан кабар берет. Анын  “Баткен тажиктердин жери” деген сөзү кыргыз-тажик элдеринин ортосундагы миң жылдык достугун бузууга арналган бузуку иш-аракеттер деп ойлойм. Тажик өкмөтүнөн расмий каналдар аркылуу генералдын  сөзү тажик өкмөттүн расмий позициябы деп сурашыбыз керек.

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы:

“Тажик бийлиги элди бөлүп, жарууга шарт түзгөн, улуттар аралык жаңжалды  жарата турган кеп айткан чиновникке катуу чара көрүп, жазалашы керек”

-Согди облусунун  ички иштер башкармалыгынын начальниги, кызматта турган генерал-майор Абдулло Навжувоновдун “Баткен облусун биздин жер болчу” дегени чыны менен орунсуз болуп, тарыхты билбегенин далилдеп койду.  Чынында ал кыргыздын жери. Аны тарыхыбыз да тастыктайт. Картада белгиленген   аттарынын баары кыргызча. Ага карабай кыска ойлонуп, даражалуу кызматта турган адам ушинтип провокация кылып, акылга сыйбаган сөздү айтканы жакшы эмес.  Генерал-майор Абдулло Навжувоновдун  орунсуз сөзү үчүн Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин Тышкы иштер министрлиги чакыртып алып, эскертүү берди. Эмомоли Рахмон мырзаны сыйлайм. Бирок, элди бөлүп, жарууга шарт түзгөн чиновникке катуу чара көрүп, жазалашы керек. Анткени, генералдын сөзү улуттар аралык жаңжалды жаратат. Ушундай адамдардын кесепетинен улуттар аралык жаңжал чыгат. Адамдар өлөт. Ошондой эле тажик генералынын сөзүнө жараша арабыздан  Жерге Тал менен Мургабды бергиле деп чыккан кыргыздар да болушу  мүмкүн да. Хуршовдун убагында берилип кеткенине карабай.  Чынында кара деңиз кандай украиндерге  берилип кетсе, учурунда мургаб да ошондой тажиктерге берилип кеткен.

Генерал кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен ушундай сөздү айткан болсо да, жазасын алып, кызматтан кетиши керек. Болбосо, Тажикстандын жетекчиси атайын айттырган экен  деген ойдо калабыз. Жазаласа туура генерал ойлонбой сүйлөгөн сөзүнүн кесепетин тартты деп ойлойбуз. Эки президент жолугуп жаткандан кийин ошол ынтымакты сыйлашы керек. Жок эле дегенде  губернатор менен премьер министр жазалашы керек. Эмомали Рахмонду сыйлайбыз. Тажик элин бир тууган эл деп эсептейбиз. Бирок, мындай нерселерге мындан ары жол бербеши  керек деп эсептейбиз.

 Артур Медетбеков, генерал:

“Тажик генералы сабатсыздыгын, тарыхты билбегенин жана саясий деңгээлинин төмөндүгүн далилдеди”

-Тажикстандын  Согди облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын жетекчиси  “Баткен биздин жер болгон ” деген сөзү менен биринчиден,  ал сабатсыздыгын экинчиден, тарыхты билбегенин, үчүнчүдөн саясий деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп койду. Анын айткан сөзү Согди облусундагы  жарандар арасында саясий упай топтоо максатында, чагымчылдык максатта  айтылган сөздөй кабыл алдым. Тажикстандын жогорку деңгээлдеги бийлиги бул генералдын көз карашын өзгөртүп же кечирим суратып, же болбосо ротация кылып алмаштырып,  жакын арада ага тиешелүү чечим кабыл алышы керек. Анткени, генералдын айткан сөзү  эки элдин ортосундагы чагымчылдыктын бир түрү.  Андай пикирлер Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара маселелерин  дипломатиялык, ынтымак жолу менен  чечүүгө тоскоолдук жаратып,  жер алмашуу деморкация, делимитацияны аныктаган комиссиянын ишине да кыйынчылыктарды, провокациялык түшүнүктөрдү  жаратат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү, жарандык активистердин, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын пикирлери бир жактуу болуп,  генерал сөзсүз жазаланышы керек деп жатышат.

Самсаалы Четинбаев:

“Бул жерде мандем бар, Тажикстанда чиновниктер оозуна келгенди оттой бербейт”

-Биздин расмий бийлик ушул маселе боюнча Тажик бийлигине атайын кайрылуу жасашы абзел. Антпесе болбойт. Тажик тараптын расмий бийлик өкүлү айтып аткан соң жоопсуз калбашы керек. Бул көрүнүштү мен тажик бийлиги тарабынан жасалган атайын чагымчылдык деп эсептейм. Ал жакта бийлик күчтүү, ар көрүнгөн чиновник оозуна келгенди оттой бербейт. Демек бир мандем бар. Тажиктин көчөдөгү бир жараны айтып койсо да маани бербесек болот эле. Тескерисинче, азыр тажике карап калган Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздын жери болгон. Аны тастыктаган 1925-жылкы карта чыкканда билинди го. Ал жерди мекендеген эл да кыргыздар экени анык.

Бекболот Талгарбеков, экс-министр:

“Кыргызстанда анархия, «бардак» экенин  түшүнүп, бир да бийлик бутагы татыктуу жооп бере албасына көздөрү жетип, провокациялык билдирүү жасап жатышат”

-Тажикстандын бийлиги биздин өлкөнүн ал-акыбалын терең байкап, талдап турат. Алар Кыргызстанда анархия, «бардак» экенин мыкты түшүнүп, мамлекеттин бир да бийлик бутагы татыктуу жооп бере албасына көздөрү жетип, провокациялык билдирүү жасап жатышат. Демек, биз тажик генералын сөккөндөн мурда кыргыз өлкөсүндө тартип, жоопкерчилик орнотуп, бизди да башка өлкөлөр сыйлай турган акыбалга жеткенге умтулуубуз зарыл.

Шайлообек Атазов, чемпион:

“Элди кайраштырган генералга тажик президенти чара көрүүсү керек ”

-Баткен эч кандай тажиктердин жери эмес! Баткен кыргыздардын жери! Тажик генералы чоң жаңылыштык кетирди.  Сүйлөөрдөн мурун тарыхты окуп алса жакшы болмок экен. Тарыхты билбей туруп эки элди кайраштырууга үндөгөн чакырык деп эсептейм. Буга Тажик президенти чара көрүүсү керек. Эки коңшу, тууган элдин мамилесине доо кетирген жетекчи жооп берүүсү керек! Биз өзүбүздүн мекенди, жерди эч кимге бербей, көздүн карегиндей сактап келечек муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!

Улукбек Маматаев, коомдук ишмер:

“Тажик генералы кыргыздардан анан тажиктерден кечирим сурап, кызматынан кетиши керек”

-Бул нерсе тажик  генералдын сабатсыздыгын, тарыхты билбегенин далилдеди. Генерал убактысы болгондо кыргыздын тарыхын окуп, ээлик кылган жерлерин билип алышы керек. Ошондой эле кыргыздардан анан тажиктерден кечирим сурап, кызматынан кетиши керек. Андай кылбаса, даражалуу кызматтагы генералдын сөзү  орунсуз болуп калды. Тагыраагы, анын сөзү тажик  элине да, бийлигине да абийир алып келбейт.  Анткени,  чек аранын  90 пайыздан ашыгы чечилген. Кыргыз эли эзелтен бери эле өз жеринде жашайт.  Кыргыздар ээлик кылган жерлер карта да дагы жазылган. Тажик генералы эгер  1000 деген жылдар мурдагы тарыхты айтып жаткан болсо, ал башка кеп.  Анда да кыргыздар уттурбайт. Кыргыздар каганат куруп,  дүйнөнүн жарымын ээлеген. Сибирден бери кыргыздын жери болгон деп билдирүү таратсак, кемчонтойлугубузду көрсөтүп коюшубуз мүмкүн. Тажик генералындай болбой  бүгүнкү күн менен да эсептешишибиз керек. Ойго келгенди оттой бербей  ойлонуп, абайлап сүйлөшүбүз керек. Даражалуу мамлекеттик кызматтагылар  өзгөчө  күч органдарында иштегендердин элдин ортосуна жик салып, сүйлөөгө акысы жок. Анткени, мындай сөздөр тынчтыкты каалабаган адамдардын сөзү болуп калат. Бул биринчиси.  Экинчиси, биз  өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү,  коргонуу күчтөрүбүздү карап чыгып, реформа кылып, күчтөнтүп, армиянын абалын жакшыртышыбыз зарыл. Күч структураларыбыздын шартын жакшыртпасак, тажик генералы бизди тоготпогондой сүйлөп мазактагандай таасир калтырыптыр…

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

Мындай түшүнүгү тайкы, көп нерсеге акылы жетпегендер  көп

-Дүйнөдөгү ар бир  чала сабаттуу адамга комментарий бере албаймын.  Мындай түшүнүгү тайкы, көп нерсеге акылы жетпегендер  көп.

 Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал:

“Окуяга кошуна мамлекеттин бийлиги сөзсүз реакция кылып, чара көрүлүүсү керек”

-Албетте, бул кабар жакшылыктын, ынтымактуу кошуналыктын белгиси эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң жетекчинин мындай чагымчылык сөзү жөн жерден айтылган жок деген сөздөр жөн эмес деген ойлорго негиз бар. Албетте, бул кошуна мамлекеттин башчысынын айткан жакшы кошуналык мамиле, меймандостук, ынтымак деген сөздөрүң, биздин мамлекет башчыбыз С.Жээнбеков менен өз ара сүйлөшүүлөрүн маанисин төгүндөйт деген ойлорго негиз берет. Ошондуктан бул окуяга кошуна мамлекеттин бийлиги сөзсүз реакция кылып, чара көрүлүүсү керек. Эгер андай болбосо, анда Тажикстан бийлиги сөздө бирди айтып, чынында койнунда котур ташы бар дегенге толук негиз болот.

Булак: Майдан