Суулардын түбү деңиз, адамдын түбү ажалбы?

29.06.2017 | Маданият

19576856_1223755347752826_86539815_o

 

Ишинде ийгиликтерди жараткан инсан

«Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин»,-деп тээ бир учурда залкар акын  Аалы Токомбаев бекеринен айтпаса керек. Дегеним , биз бүгүн жаш кезинен эле эмгекти сүйгөн инсан катары маданият тармагында , андан тышкары жергиликтүү бийлик органдарындагы  жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенип ишинде көптөгөн ийгиликтерди жараткан инсан Макишов Орозобек тууралуу эскерүүнү туура көрдүк. Элге эмгеги сиңген мыкты кызматкер , үй-бүлөсүнө камкор адам катары балдарына татыктуу тарбия берген Орозобек агабызды жакындан билген төмөндөгү жакын санаалаш замандаштары маркум тууралуу буларды айтып беришти.  

Орозобек Макишов 1956-жылы 7-апрелде Кочкор районунун  Кара-Кужур айылында туулган. Билими жогорку

1973-1975-жылдарда Кара-Кужур айылынын клубунда жетекчи

1975-1977-жылдарда Советтик  Армиянын катарында кызмат өтөгөн

1977-1987-жылдарда Кара-Кужур айылдык маданият-спорт комплексинин директору

1987-1996-жылдарда Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы

1996-1998-жылдарда Сары-Булак айылынын башчысы

1999-2008-жылдарда Нарын райондук маданият үйүнүн башчысы

2008-жылдан бери Кара-Кужур айыл аймактык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

2014-жылдан бери Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн башчысы

4 баланын атасы

17 небереси бар

Мамлекеттик сыйлыктары

Ардак белгиси ордени

Кыргыз Республикасынын элге билим берүүнүн отличниги төш белгиси

Кыргыз Республикасынын  “Маданияттын мыкты кызматкер” төш белгиси

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты төш белгиси

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору

Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”

Нарын районунун “Ардактуу атуулу”

Кочкор районунун “Ардактуу атуулу”

Нарын облусунун  “Ардактуу аксакалы”

Сары-Булак айылдык кеңешинин төрт жолку депутаты болуп шайланган

Элтуйбасов Өмүрбек классташ досу: “Окен тамашакөй адам эле”19512220_1223755697752791_1165932405_n

—Биз 1963-жылы 1-класска кирип мектепти 1973-жылы аяктаганбыз. Окен  окуучулук кезинде эле бир нерсеге дилгир, зээндүү бала болчу. 17 жашында алгачкы эмгек жолун китепканадан баштады. Анан аскерге барып келгенден кийин кайрадан  айылдагы клубдын башчысынан тышкары кайрадан китепканада ишин улантты. Иштерман инсан катары эл оозуна алынгандыктан айылдык кеңештин төрагасы болуп 8 жыл иштеген соң  иш ордун которуп Нарында облустук маданият үйүндө 10 жыл иштеди. Эмгекчил болуп элге жакын болгондуктан Нарын районунун Лахол айылдык өкмөтүнүн катчысы болуп  6 жыл иштеп , кийинчерээк Кочкор райондук маданият үйүндө эмгектенип жатканына 4 жыл болгондо ооруга чалдыгып калды. Акыры асылган оору досубузду арабыздан алып тынды.  Эми окуучулук күндөрүбүзгө кайрылсак: экөөбүз тең аябай тентек элек, биздин мектепте тарых сабагынан берген Молдогазиев Мамытбек деген мугалимибиз бар болчу. Бир жолу ал биздин тентектик кылып жөн турбасыбызды жакшы билгендиктен башталгыч аскерге даярдык сабагы өтүлө турган кабинетти тазалатканга жөнөттү. Кабинетке киргенден кийин эле экөөбүз ошол жердеги автоматтар менен ойной баштадык. Дүйшөк деген классташыбыз бар эле. Анын да көзү өтүп кетти. Ошондо Окен мага:  “Дүйшөк бул жакты көздөй келатат. Азыр эшикти ачканда автоматты такап атам”,-деп кыйкырсаң коркот болуш керек деди.  Коридордон басып келатканын укканда эле эшикке автоматты такап даярданып калдым. Эшик ачылганда  “атам” деп кыйкырсам Дүйшөк эмес эле Мамытбек агай экен. Ал мени тепкенде  автоматты кармаган бойдон полго кулап түштүм. Окен болсо каткырып жатат. Анын кылбаганы жок. Мындай окуялар көп эле болду.    Акыркы жолу ооруп жатканын угуп барсам   Кочкорго үйүндө эчким жок экен. Андан кийин айылдагы үйүнө барганымда топусун кийип алып ары карап уктап жаткан экен.Тынчын албайын деп кетип калсам Марлис деген уулу ошол кезде кымызга кеткен экен. Айылга жете электе артымдан Марлис жетип келди , атам жиберди чакырып жатат деп. Эки күндөн кийин барсам Окен бир аз жакшы болуп калган экен.  “Пиво алып бербейсиңби”,- деп  тамашалап тооруп калды. Ошондо алып келген пиводон бир аз  ууртады.  А мен бир стакан эле ичтим. Көрсө мени ичип алса экен деген окшойт. Окендин жумушума барып калган кезде мага дайыма пиво алып берчү эле. Сакин деген досум ден-соолугун сураган барса  “печенье алып бер” деп аны да тамашалаган экен. Тамашакөй жакшы адам эле.  Досторунун арасынан мени аябай жакшы көрчү. Окендин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат!

10573

Суулардын түбү деңиз, адамдын түбү ажалбы?

Окен байке тууралуу суук кабарды угуп, баарыбыздын бара турган жерибиз кара жер экенинине дагы бир ынандым. «Атка жеңил, тайга чак» Окен Макишов менен токсонунчу жылдары кызматташып калдым. Ал кезде ал Ак-Кыя айыл өкмөтүн жетектеп, мен райондук казына бөлүмүндө башкы адис элем. Турган турпаты мене иш дегенде ичкен ашын таштап койгон Окен байке ага чейин да далай кызматтын ой –кырларын басып, ал кездеги бизге окшогон жаштарга кеңешин берген улуу адамдай сезилчү. Көрсө ошол мезгилде отуздан жаңы оогон жапжаш жигит экен. Акча таңсык заманына карабай элин багуу үчүн далалат кылып жүргөн тура. Казынага келип бухгалтери акча аларда «Менин инилерим» турбайбы деп баса белгилеп кетер эле, кээ бир учурларда: «Жүрчү чай ичип баарлашып алалы» — деп сөзгө чечендигин билгизип капкайдагы немелерди айтып берип жанында отургандарды курсант кылар эле. Кийин да жолугушкан жерден өткөн-кеткенди эстеп жылуу учурашып калар элек. Окен Макишов тууралуу сөз дайыма болуп турчу, анткени эл оозундагы адам эле. Айыл өкмөтүнөн соң райондун маданиятын көтөрүп, райондук маданият бөлүмүн жетектеп калыптыр деп уккан жерден сүйүнүп калдык. Райондун маданият бөлүмүн чын дилинен жогорулатып жиберип, облустук маданият бөлүмүн жетектөө вазийпасы буюруптур. Окен байке эмне жумушка барса да майын чыгара иштөөчү, бул жакта да мыкты иштегенине ишенем, бирок ал али жаш туруп акты карап кеткени өкүнүчтүү.

Ажал деген каш-кабактын ортосунда, баарыбыздан улук экен. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, топурагыңыз торко болсун!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Кош Орозобек ага!

Макишов Орозобек байкебиз биздин уруудагы билимдүү агаларыбыздын бири эле. Үйдөгүлөрдүн айтуусу боюнча башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөндүктөн, жаш кезинен эле турмушка тыӊ чоӊоюптур. Мен билгенден Окен байкемдин өткүрлүгү, ар бир ишке өтө кылдат жана жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, билимдүүлүгү, тазалыгы ал жасаган көптөгөн ийгиликтердин ачкычы боло алды. Качан жолукпайын биринчи менин атамды сурап, “Байкем жакшы жүрөбү?” деп калаар эле. Себеби, менин атам Окен байкемдин бирде досу, бирде курдашындай, кээ бирде сырын айткан жана кеӊешчиси эле. Ооба, шум ажал дегениӊ жаш-карыга, алыс менен жакыныӊа карабай алып кетет тура. Тирүү жан болгондон кийин бир учурда бараар жерибиз бир болот экен. Өзү Орозо малында төрөлүп Орозобек деп азан чакырылган атын барктуу алып жүрдү. Орозо айында кайра жерге берилгени Жараткан тарабынан өз пендесине кылган жакшылыгыдыр деп жооруп койдум. Айылдын (Кара-Кужур өрөөнүнүн Ак-Кыя айылы) маданиятын көтөрүп , Райондогу маданият өкүлдөрүн Кыргызстандагы белдүү телеканалдарынан тышкары  Улуттук Филармонияда да обон создуруп республикалык деңгээлге  алып чыга алды. Конокту сыйласа Окен байкем сыйласын, санжыра менен сүрүштүрүп тууган чыгарса Окен байкем чыгарсын. Жаратканым Орозобек байкеме өӊ-түстү да аябай берген десем аша чаппасам керек. Кырдач мурду, боюнун узундугу, өзүн таза алып жүрүүсү карапайым адамды сүрдөтөөр эле. Айылдагы жаш-карыга карабай бирдей мамиле кыла билгени, намыскөйлүктү биринчи орунга коюп көп жерден айылдын атын даӊазалап жүрдү. Канчалаган инсандар менен үзөӊгүлөш жүрдү, алар да Окен байкемдин өткүрлүгүн, намыскөйлүгүн, тартынбай маселени коё билгенин баса белгилеп айтышат. Жаратканым сизге бейиштин оӊ тарабындагы гүлзарлардан орун берсин! Кабыргабыз кайышып турат. Сиздин артыӊызда уул-кыздарыӊыз, кадырлаган жубайыӊыз, туугандарыӊыз жана сизди урматтаган айылдаштарыӊыз калды. Сиз биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашай бересиз! Аллах өзүнүн сүйгөн пендесин эрте алат деген чын тура! Таза бойдон келип, таза кеттиӊиз! Жараткан өз ырайымына алсын! Кош бир тууганым!

Каныбек Сапаров

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: