Сууга болгон тариф – өкмөттүн ишкерлердин эсебинен бюджетти толуктоого болгон кезектеги аракетиби?

04.04.2016 | Экономика

Чоң Ак-Суу

Кыргызстан өкмөтү сууну пайдаланууга болгон тарифтерди бекитүү милдетин өзүнө алгысы келүүдө. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин сууну пайдаланууга болгон акынын көлөмүн бекитүү ченеми өз күчүн жоготот. Акынын көлөмүн белгилөө милдетин өкмөткө берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун бир беренесинде минтип жазылган: пайдаланылган суу үчүн акыны КР өкмөтү суу ресурстарын коргоо жана баалоо, ошондой эле аны изилдөөгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарды эске алуу менен ар бир негизги бассейнге, ошондой эле Мамлекеттик суу администрациясынын аракеттенүүсүн ишке ашыруучу чараларга кеткен чыгымдарды эске алуу менен белгиленет.

Аракеттеги мыйзамга ылайык, түшкөн каражат Мамлекеттик суу администрациясы менен суу ресурстарын башкарууга кирген башка мамлекеттик органдарынын чыгымдарын каржылоо, суу секторун өнүктүрүү жана белгилүү бир долбоорлор менен мамлекеттик суу чарбачылык программаларга сарпталат. Бул каражат башка максаттарга да багытталышы мүмкүн, аны Жогорку Кеңеш аныктайт. Бирок, бул акыркы ченемди да өкмөттүн пайдасына өзгөртүп, башка максаттарды министрлер кабинети аныктайт деп жазуу сунушталууда.

Бул өзгөртүүлөр парламентте талкууга алынган учурда айрым депутаттар буга нааразычылык билдирип, мындай мыйзам кабыл алынса, жылуулук жана электр жарыгынын тарифин аныктоо милдети өкмөткө тапшырылгандан кийин жаңы тарифтер бекитилип, электрэнергиясын пайдаланууга чектөө киргизилип, жарыкты 70 тыйын социалдык баада пайдалануу киргизилгенин эске салышты.

«Былтыр силер электр жарыгынын тарифин аныктоо милдетин алууну сурандыңар эле. Натыйжада эмне болду? Же ошондон бери абал өзгөрдү дейсиңерби? Бакиевдин алдында тариф 1,5 сомго чейин көтөрүлгөндө эмне болгону эсиңерде, эми силер бааны 2 сом 16 тыйынга чейин көтөрүп салдыңар. Бааны белгилөө милдети Жогорку Кеңеште калса, электр жарыгынын баасы өзгөрмөк эмес. Эми силер суунун баасын да аныктагынар келип жатат, анан эртең тарифти дагы көтөрүп саласыңар! Азыр суу акысыз дегениңерди койгула, сууга азыр баары төлөйт. 5 жылдын ичинде силер бир да жолу тарифти бекитүүнү сунуштаган жоксуңар. Силер тарифти жогорулатууну сунуштаганда, биз качан жок дедик эле?» – деп нааразычылыгын билдирди депутат Кенжебек Бокоев.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги далили катары өкмөт Баш мыйзамдагы ченемди айтууда, ага ылайык, министрлер кабинети «каржы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыздайт». Бирок, аткаминерлер мыйзам кабыл алынса, тарифтик саясат кандай болорун айта албай коюшту. Алардын айтымында — алтын казуучу ишканалар, а тактап айтканда “Кумтөр” суу үчүн төлөшү керек.

«Азыр суу – акысыз ресур. Биз өнөр жай ишканалары, тактап айтканда ошол эле алтын казып алуучу ишканалар пайдаланган суусу үчүн төлөсө дейбиз. Бюджетке анча-мынча болсо да каражат түшүп турсун да. Мыйзам кабыл алынгандан кийин тарифтерди иштеп чыгабыз», — дейт айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

Жогоруда аталган милдет өкмөткө тапшырылгандан кийин суунун баасы көтөрүлүп, эл ичинде нааразычылык пайда болот деп айрым депутаттар кооптонгону менен мыйзам долбоору экинчи окулушта жактырылды. Депутат Максат Сабировдун айтымында, өкмөт тарифтерди иштеп чыгып, материалдарын эл өкүлдөрүнүн караштыруусуна бергенден кийин гана жогоруда сөз болуп жаткан милдеттемелер өкмөткө тапшырылышы керек. Тарифтер баардык категориялар үчүн бирдей болуп, аймактан аймакка же шаардан шаарга өзгөрбөшү керек деп баса белгиледи депутат.

«Менин оюмча, сууга төлөш керек, бирок тарифтер баардык жерде бирдей болушу талап, Балыкчыда 20 сом, ал эми Караколдо 10 сом болбошу керек. Түшкөн каражатты ким көзөмөлгө алат, ким эсеп-кысабын жүргүзөт, мунун баарын тактап жазып, тарифтер эмненин негизинде эсептелгенин биз ачык көрүп турушубуз керек. Азыр биз тарифтер боюнча милдеттердин баарын өкмөткө тапшырып жатабыз, а өкмөт болсо эсептебей туруп дароо эле тарифтерди жогорулатып, эптеп бюджетти толуктоо амалын көрүүдө. Тарифтерди киргизүү керек, бирок биз эмне үчүн төлөп жатканыбызды так билүүбүз зарыл. Электр жарыгын эмдигиче чече албай жатабыз. Айрымдар анын баасы 8-9 тыйын, биз артыкбаш төлөп жатабыз десе, кимдир бирөө 1,3 сом, биз аз төлөп жатабыз дейт. Алар алгач өзүндөгү ишти тартипке келтирип, анан гана Жогорку Кеңеш аларга милдеттемени береби же жокпу, чечет», – дейт Максат Сабиров.

Депутаттар да, өкмөт өкүлдөрү да мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр кимге тиешелүү болот, таза сууга, сугат суусуна же өнөр жай ишканалары пайдаланган сууга болгон тарифтер көтөрүлөбү, айта албай коюшту. Суудан пайдаланган мамлекеттик ишканалар менен мамиле кандайча жөнгө салынат болду экен? Кыргыз суу сактагычтарынан суу алган коңшу мамлекеттер да төлөйбү? Же өкмөт кайтадан бюджетти ишкерлердин эсебинен толуктап, мамлекеттик казынага кыйла каражат которуп турган ири ишканалар үчүн гана тариф киргизеби?

Депутаттардын жарымысы мына ушундай суроолорду берүүдө, бирок өкмөт аларга жооп берүүгө шашылбайт, ал эми эл өкүлдөрүнүн көбү бул суроолорго жооп албай туруп эле тарифтерди бекитүүнү өкмөткө өткөрүп берүүгө даяр турат. Мыйзам кандай иштээрин азырынча эч ким так айта албайт жана да ал жарандар менен ишкерлерди кайда барып такаары да али белгисиз.

Мурат Мусакеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: