Сулайман Муратов: Ачкачылык жарыялап, өзүмдү Ак үйдүн алдында өрттөөгө да даярмын!

07.02.2017 | Криминал

Акыйкат издеген Сулайман мырза сот, прокуратура тармагындагы мыйзамсыз чечимдерден улам, 2011-жылы сатып алган үйүнөн ажырап, аз убакыттын ичинде көчөдө калуу коркунучу туулуп жатыптыр. 6 жылдан берки там талашуу, соттошуу окуясы өзүнчө  эле криминалдык-драмага айланыптыр. Окуянын чоо-жайын жабыр тартуучунун өз оозунан уксак…

Сулайман Муратов

— Сулайман мырза, сотторго нааразы экенсиз. Буга кандай окуя себеп болгонун айтып берсеңиз?

— Менин үч балам бар. 2011-жылга чейин 17  жыл маршурттук такси айдап, эл ташып эмгектенгем. Бирок өз үйүм болбогондуктан, көп жыл батирлеп жүрдүм. 2011-жылы үй-бүлөмдү баккан машинамды сатып жиберип  Кара-Балта шаарынан 17-февралда Бардачева көчөсүндөгү №66- эски үйдү 15 миң долларга баалап, үй ээси делген Белякова Нинадан сатып алгам. Макулдашканыбыз боюнча мен ага 8 миң долларды накталай берип, калган 7 миң долларды жыл аягына чейин төлөп бермекмин.  Ошентип,  үйдү өз наамыма каттатуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына бара жатканда, орто жолдон Белякова: “Менин Керемецкая Наталья Борисовна деген тааныш нотариусум  бар, ошого кайрылып кеңеш ала кетели” дегенине макул болуп, ал кишиге чогуу бардык. Керемецкая бизге: “Үйдүн чыныгы ээси Беляков Валентин Семеновичтин каза болгонуна аз эле болгондугуна байланыштуу, анын жубайы  Нина Балякова бул үйдү азырынча Мамлекеттик каттоодон өткөрүп бере албайт, ал үчүн үйдү жубайынын наамына мураска калтыруу боюнча келишим керек. Ошон үчүн мен экөөңөрдүн ортоңордогу алып-сатуу боюнча  акчага келишим түзүп берейин  ”-деди.  Ал мага ага чейин күйөөсү жаңы өлгөнүн, там анын наамында экенин айткан эмес. Биз макул болуп, келишимде үйдүн калган акчасын 2011-жылдын 30-сентябрына чейин берүү көрсөтүлгөн, ага чейин мен ал үйдө жашай бермекмин. Бирок 30-сентябрга чейин эле, тактап айтканда ошол жылдын 14-сентябрда  маркум күйөөсүнүн атынан мурас катары өзүнө каттатып  (негизи келишим боюнча Белякова үйдү 14-сентябрда мурас катары өзүнө каттатып алары менен, мага каттатып бермек) алып, 21-сентябрда нотариус Керемецкаяга ишеним кат  таштап, келишим боюнча мага үйдү өткөрүп бербей, же мен ал үй үчүн берген 8 миң долларымды кайтарып бербей, Россияга качып кетет. 26-сентябрда Керемецкая мага келип Белякованын мени менен соттошууга уруксат берген ишеним катын көрсөтүп, үйдөн чыгып кетүү боюнча талап койду. Мен ошол күндүн эртеси эле Жайыл райондук сотуна кайрылып, келишимди көрсөтүп, үйдү камакка алдырып койгом.  28-сентябрдан 25-ноябрга чейин териштирүү, соттук отурумдар болуп, натыйжада сот Самаков: “Керемецкая он күндүн ичинде сенин тамга төлөгөн акчаңды кайтарып берет” –деген бүтүм чыгарган. Бул ишке күбө катары Белекованын таанышы, улуту өзүбек Умаров өткөн. Бирок акчамды 10 күндүн ичинде кайтарып беришкен жок. Ошол жылдын 2-декабрында кайра сотко кайрылып, үйдү камакка койдургам.  Ага карабастан   6-декабрь күнү Керемецкая Умаров  Фархад Абдыкалыковичке  тамды өткөрүп берүү боюнча алып-сатуу боюнча  аракет кылып, мамлекеттик каттоо кызматы менен жеке каттоо кызматынын ортосунда келишим түзүлүп кеткен.

002— Демек, Умаров Керемецкая аркылуу үйдүн ээси болуп чыгып, сиздин үстүңүздөн арызданды да?

— Туура, ошол келишим түзүп алгандан кийин толук 1 жыл өткөндөн соң, тагыраагы 2012-жылдын 10-декабрда  менин үстүмдөн “үйдү мен сатып алгам”- деген арыз менен сотко кайрылат.  13-сентябрда Керемецкая үйдүн документтерин өтүнүч менен соттук иш-кагаздарга тиркетет.  Кызык жери мына ушул жерде. Ал үй 2011-жылдын 6-декабрында сатылып кетсе, анда кайдан документке 13-сентябрь болуп көрсөтүлүп калган. Бул жерден документти атайы бузуп коюшкандыгы байкалып калган да.  Умаров Керемецкаядан үйдү 10 миң долларга сатып алганы айтылат.  Мейли, ошондой болсун дейли, чындап эле сотто камакта бир эмес, эки жолку кайрылуунун негизинде турган үйдү сатып алган болсо эмне үчүн менин үстүмөн сотко 1 жылга чейин кайрылган жок. Ага чейин эмне кылып жатты деген суроо туулат.  Ал келишим Адилет министрлигинин каттоосунан да өткөн эмес. Соттор Бостонов менен Чырмашова биринин колун бири жасап туруп, Умаровдун мени там ээсинен ала албай жүргөн 8 миң доллар аласама тиешеси жок болсо да, аны тиешелүүдөй кылып, соттук ишке аралаштырып, кызыкдар кылып коюшкан.

“Менин колумда 17 соттук чечим бар”

— 2014-жылы Асанова Чолпон Карыпбековна деген сот бир нече соттук териштирүүлөрдөн кийин менин аныктап берген далилиме карап, тигил тараптардын дооматы туура эмес экени билингенине карабастан, үй соттун чечими менен камакта турганына көз жумуп туруп Умаров менен Керемецкаянын 2011-жылдын 6-декабрында түзүлгөн  үйдү сатып-алуу келишимин мыйзамдаштырып берип салат. Анын бул чечими менин укугумду көз көрүнө тебелеп, тигилердин кызыкчылыгын ачыктан-ачык коргоп берген бир тараптуу, жеке кызыкчылыктагы чечим болуп калды десем болот. Сот Асанова ишеним катта көрсөтүлгөн атайы номурду да негедир өзгөртүп салган. Бир ишеним каттын (чыгыш-кириш номурлары) №1014 деп турса, экинчисинде №684 болуп калган. Бара-бара соттук териштирүүлөр жүрүп олтуруп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарынын берген маалыматына ылайык Жайыл райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Е. Пальшина соттук отурумдарга такыр катышкан эмес, ошондо эле эки башка номурлар коюлган эки ишеним кат берилген эмес. Чынында эле ушундай болгон. Пальшина сотко бир да жолу келген. Мен туура эмес чечим чыгарган сот Асанованын үстүнөн 2016-жылдын 29-декабрында Башкы прокуратурага арыз менен кайрылгам. Бирок ушул күнгө чейин  Башкы прокуратура тиешелүү чара көрбөй жатат. Мага районго, облуска жибердик деген эле жооп келет, бирок райондон да, облустан да бир да жооп ала албай келем. Үйдүн ээси Беляковадан болсо Россияга качып кеткен боюнча,  дайын жок. 6 жылдан бери  там сатып алууга берген 8 миң долларымды өндүрө албай, жарандык тартипте соттоштум. Акыркы соттун чечими боюнча үйдү камактан чыгарышты, эми болсо жакын арада мени үйдөн чыгарып, үйдү Умаровго алып бергени жатышат.  6 жылдан бери райондук сот менен облустук сот бири-бирине ишти өткөрүп жатышып, анын жыйынтыгында менин колумда азыр 17 соттук чечим бар. Сот Асанованын чечимин облустук сот бузуп кайра районго жиберишкен. Районго тигилер жүгүрүп жүрүп каратпай туруп, Жогорку сотко жиберүүгө жол табышкан. Жогорку сот болсо кайра облуска жөнөткөн. Облустук соттон кайра утулуп калдым. Эми мени үйдөн чыгарышат, мен болсо үч балам менен көчөдө калганы турам. 6 жылдан бери эч жерде иштебей,  бир гана соттошуу, прокуратура жана милиция  менен жүрөм. Ден-соолугума да терс зыяны бир топ эле тийди.

Бардык жерге эле кайрылыпсыз, бирок натыйжа жок экен, эми акыркы кадамдарыңыз кандай болот?

— Акыркы кадамдарым ачкачылык жарыялап, өзүмдү Ак үйдүн алдында өрттөө болот. Мен бул кадамдарга барууга  чындап эле даярмын. Себеби, бул кадамга мен айласыздан барайын деп атам. Биздин өлкөдө адилеттик, калыстык табуу өтө кыйын экен. Кимдин таанышы, кимдин акчасы болсо, ошонун сөзү өтүп, ошол максатына жетип жатпайбы.

— Умаров менен Керемецкая ортомчу болуп үйдү алып жатышат да, а негизи башкы күнөөкөр кылыгылыкты кылып, кыл жип менен бууган Белякова экен да…

— Ошондой десек да болот. Экөө биргелешип, мага карата каршы чабуул коюп, менин 7 миң доллар акчамды бербей туруп, иши кылып үйдү алганы жатышат да. Чынында мени бир канча ирет коркутуп да көрүштү.  Мисалы, 2016-жылы 16-ноябрда биз жокто үйгө киришип,  шприцке кан толтуруп  күзгүгө ошол кан менен “убью” деп жазышып,  үйдөгү лампочкалардын патрондорун жулуп, бири-бирине туташтырып байлап коюшкан.  Мунусу үйдөн өрт чыгып кетсин дешкени го. Муздаткычтын үстүнө менин гана кийимдеримди чогултуп, ошону өрттөшкөн.  Бул иштер боюнча  Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылгам. Алар “коркутуу” беренеси менен иш козгошпой,  “уурулук” менен иш козгошуп, бирок он күндөн кийин ишти жаап салышкан.   Мен бул кылмыштык ишти Умаров менен Керемецкаядан шектендим.  Андан кийин мени бир ирет монтировка менен чабышты,  чөнтөгүмө  баңгизат да салып көрүштү. Ал боюнча да арыз менен милицияга кайрылгам,  машинанын номурун да бергем. Ошондой болсо да бул кылмыштуу ишти да жакшы тергебей коюшту. 6  жылдан бери соттордон адилеттик таба албай кыйналып жүрүшкөн, ахыбалы меникинен да жаман көп адамдарды көрдүм.  Сот системасында коррупция токтобой жатканы абдан өкүндүрүп жатат. Ошон үчүн мен үн кошоюн деп Коррупцияга каршы күрөшүү уюмуна мүчө болуп кирип алдым.  Анын башында Шаршенбаев Кубан деген турат. Ал төраганын колу менен Президентке, премьерге, Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга ж.б. кайрылдым. Бирок  баягыдай эле эч кандай жыйынтык жок. Мен ушул ирет  акыйкаттык биздин өлкөдө жок экенин көзүм жетти. Ошондой болсо да, “үмүтсүз шайтан” дегендей, аз да болсо үмүтүм бар. Эгер мындан кийин да такыр жыйынтык болбосо анда, жогоруда айткан айла жок кадамдарымды ишке ашырууга белсинем.

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: